Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Таубина: "Тыңчы" мыйзамы отуздай уюмду жапты


Наталья Таубина.
Наталья Таубина.

Орусияда чет элдик тыңчылар тууралуу мыйзам иштегенине төрт жылга чукулдады. Бул аралыкта өлкөдө жарандарга укуктук, социалдык, моралдык-психикалык ж.б. жана башка жардам көрсөткөн өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердиги катуу кысмакка кабылды. Кыргызстанда да ушул сыяктуу мыйзам Жогорку Кеңеште каралууда.

Орусиялык бейөкмөт уюмдар "чет элдик тыңчы" деген тизмеге мажбурлап киргизилип, андан кийин жазага тартылышты. Бир топтору жабылса, башкаларына айып пулдар салынган. Абактагыларга укуктук жардам көрсөткөн “Общественный вердикт” уюму да “чет элдик агенттер” тизмесине кирген. Жакында ага аталган мыйзамды бузду деп, 400 миң рубль айып салынды. Ушул жана акыркы жылдардагы өзгөрүүлөр тууралуу уюмдун жетекчиси Наталья Таубина менен маектештик.

"Азаттык": Наталья Евгеньевна, мына сиздерге жакында "чет элдик тыңчы" мыйзамын буздуңар деп 400 миң сом айып салышты. Айыпты төлөйсүңөрбү же ага каршы арызданасыңарбы?

Наталья Таубина: Сөзсүз бул чечимге каршы арызданабыз. Азыр сот чечими толук келе элек. Аларыбыз менен он күн ичинде Москва шаардык сотуна кайрылабыз. Анткени, бизге административдик айып токуган Роскомнадзордун аракети укуктук нормага каршы келет. Ошондой эле биздин аргументтерди, турумду эске албай, айып салган соттун чечими да туура эмес. Роскомнадзор биздин сайттагы төрт материалды мыйзам бузган деп тааптыр. Бирок алардын биринде биз “чет элдик тыңчылар” тизмесине кирерибиз белгиленген. Жарандарга бул тууралуу тиешелүү маалыматтар берилген. Юстиция министрлиги бизди "чет элдик агенттер" тизмегине мажбурлап киргизгени тууралуу маалымат да сайтта турат. Бул биздин уюмга тыкыр кийлигишүү деп эсептейбиз.

"Азаттык": "Чет элдик тыңчы тизмесине" кирүү сиздерге кандай зыян келтирүүдө?

Юстиция министрлигинин пландалган, пландалбаган текшерүүлөрү көбөйдү. Башка бейөкмөт уюмдарды үч жылда бир текшерсе, "чет элдик тыңчы" тизмесиндегилерди жыл сайын текшерет.

Наталья Таубина: "Чет элдик тыңчы" деген белгини коюунун мыйзамдык техникасы көрсөтүлгөн эмес. Ошон үчүн бул аны каалагандай калчоого жол ачып атат. Ошон үчүн Роскомнадзор тактабай туруп эле мыйзамды бузду деп сотко берет. Сот ага мөөрдү басып, айып пул сала берет, уюмдун аргументтерин укпайт.

Мындан тышкары, милдеттүү отчеттуулук. Ал отчет квартал сайын уюмдун сайтына же ММКларга чыгышы, Юстиция министрлигине билдирилиши керек.

Ошондой эле кошумча аудиттик талаптар. Бул биз үчүн коркунучтуу деле эмес. Биз фонд катары мыйзам боюнча аудиттерден өтүп эле келебиз. Бирок аймактагы чакан уюмдар үчүн өтө оор. Мисалы, отчетту кечиктирип же туура эмес берүү үчүн "агенттер" тизмесине кирбеген уюмдарга караганда кыйла көп төлөйт.

"Азаттык": Текшерүүлөр да көбөйдүбү?

Наталья Таубина: Ооба, Юстиция министрлигинин пландалган, пландалбаган текшерүүлөрү көбөйдү. Башка бейөкмөт уюмдарды үч жылда бир текшерсе, "чет элдик тыңчы" тизмесиндегилерди жыл сайын текшерет. Пландалбаган текшерүүлөрдү каалашынча жүргүзө алышат.

Ошондой эле мыйзам негизинде, тизмедеги уюмдарга шайлоону мониторинг кылууга катышууга, абак жайларына коомдук байкоочу комиссиясына кирүүгө жана абак жайларындагы жагдайды мониторинг кылууга тыюу салынат. Демек карапайым адамдардын, камактагылардын укугу бузулса, кордолсо жардам көрсөтүү азыр өтө кыйын.

Меценат Орусиядан акча таап, бирок ал чет өлкөдөгү эсеби аркылуу уюмга келсе да чет элдик каржылоого кирип жатат. Украинадагы орустар жөнөткөн 1000 рубль кайрымдуулук акчасы да четтен келген каржылоо деп табылды.

Эң негизгиси, муниципалдык кызматтагылардан баштап кайсы гана деңгээлде болбосун мамлекеттик кызматкерлерге тизмедеги бейөкмөт уюмдар менен иштешүүгө тыюу салынган.

"Азаттык": "Чет элдик тыңчы" тизмесине кимдер киргизилип жатат? Кантип "чет элдик тыңчы" деп табылат?

Наталья Таубина: Анын мүнөздөмөсү так эмес. Мамлекеттик кызматкердин чечимин өзгөрткөн саясий акцияларга катышуу же бул максатта коомдук пикирди түзүү аракети. Иш жүзүндө баары эле саясий ишмердик болуп атпайбы. Мисалы, веложарыш же социалдык көйгөйгө байланыштуу кандайдыр бир адабияттарды таратуу. Ошендой иш-чаранын баары эле саясий мүнөздө болуп атат. Бул бир. Экинчиси - чет өлкөдөн каражат алуу. Тажрыйба көрсөткөндөй, көп нерсе чет элдик каржылоо болуп калып жатат. Мисалы, орусиялык меценаттардын орусиялык уюмдарга колдоо көрсөтүүсү. Меценат Орусиядан акча таап, бирок ал чет өлкөдөгү эсеби аркылуу уюмга келсе да чет элдик каржылоого кирип жатат. Украинадагы орустар жөнөткөн 1000 рубль кайрымдуулук акчасы да четтен келген каржылоо деп табылды.

Дагы бир таң калычтуу жагдай, чет өлкөдөн каржыланган уюмда иштеген орусиялыктар айлыгынан төлөгөн мүчөлүк акылар да кирип атат. Демек каржылык дагы, саясий жагы да абдан кеңири кысмакка алынган.

"Азаттык": Мыйзам кабыл алынганына төрт жыл болду. Азыр ишмердүүлүгүңөр кандай жүрүп жатат. Канча уюм жабылып, канчоосуна айып пул салынды?

Наталья Таубина: 100дөн ашуун уюмду “чет элдик тыңчы” тизмесине киргизишти. 30дан ашууну кысмакка чыдабай жоюлду. Айып пулдардын жалпы суммасы 20 миллион рублге жакындап калды. Тизмеден чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок иш жүзүндө уюм жоюлуп кетип жатат. Же уюм чет өлкөлүк каржылоодон баш тартып гана тизмеден чыга алышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG