Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

"Чет элдик агент" мыйзамы Казакстанга жетти


Бейөкмөт уюмдарды чет элдик агент катары таануу тууралуу мыйзам 2012-жылы Орусияда кабыл алынган.
Бейөкмөт уюмдарды чет элдик агент катары таануу тууралуу мыйзам 2012-жылы Орусияда кабыл алынган.

Казакстанда "Чет өлкөлүк агенттер тууралуу" мыйзам долбоору даярдалууда. Эгерде ал кабыл алынса, бейөкмөт уюмдарга чет мамлекеттерден келген гранттарды өкмөт өзү бөлүштүрүп калат.

Жергиликтүү адам укугун коргоочулар мындай демилге жарандык коомдун ишмердигин чектөөгө багытталган деп билдирүү жасашты.

Ушу тапта Казакстандын Маданият жана спорт министрлиги "Бейөкмөт уюмдар тууралуу" мыйзамга да тийиштүү өзгөртүү-түзөтүүлөрдү даярдоодо. Анын маңызы эмне?

Бул суроого адам укуктары боюнча адистешкен казак журналисти Санат Урналиев мындай жооп берди:

- Жаңы мыйзамга ылайык, бардык гранттарды, анын ичинде «Сорос — Казакстан» фонду жана Батыш элчиликтери адам укугун коргоого берген каражаттарды өкмөттүн атынан Маданият жана спорт министрлиги бөлүштүрүп калат. Натыйжада, бейөкмөт уюмдар адамдардын укуктарын коргоо багытында көз карандысыз изилдөөлөрдү жүргүзө албай калат. Ишмердигин токтотот.

Ошентип, өкмөт тарабынан каржыланган жарандык уюмдар айткандай, «казак коому үчүн пайдасыз долбоорлор менен иштеген бейөкмөт уюмдар» жабылууга тийиш. Же алар адамдарды сергек жашоого жана гендердик теңчиликке үгүттөө, айлана-чөйрөнү жана тарыхый мурастарды коргоо, маданият жана искусствону өнүктүрүү, улуттук биримдикти чыңдоо сыяктуу социалдык маселелер менен алектениши керек.

Кеп болуп жаткан мыйзам долбоорунда бейөкмөт уюмдардын элдин саясий жана жарандык укуктарын коргоосу жөнүндө эч сөз жок.

Эл ичиндеги «кой терисин жамынган» жарандардын тонун тескери кийгизчү "Чет өлкөлүк агенттер жөнүндөгү" мыйзам долбоорунун демилгечиси Казакстан жарандар альянсы (кыскача КЖА) коалициясынын төрагасы Нурлан Еримбетов. Бул коалиция ырасмий түрдө казынадан каржыланган бейөкмөт уюм деп саналат.

Жергиликтүү серепчилер байкагандай, мурда «Сорос — Казакстан» фондунун байкоочулар кеңешине мүчө болуп жүргөн Еримбетов эки жыл илгери КЖАнын башчылыгына дайындалгандан бери өкмөттүн дилине ылайыктуу сөздөрдү сүйлөчү болгон.

Санат Урналиевдин байкашынча, мурда маалымат каражаттары жана жарандардын укугу үчүн күрөшүп жүргөн коомдук уюмдар казынадан каржылана баштагандан кийин бийликтин сөзүн сүйлөп калышкан.

- Азыр жарандык коомду куруу жаатында иш алып барган коомдук уюмдардын 90% өкмөттүн тапшырмасын аткарууда. Аларда эмгектенген кызматкерлер мансапкор өкмөттүк чиновникке айланды. Коомдук же бейөкмөт уюмдар мамлекеттен маяна ала баштагандан кийин эле өкмөттүк мекеменин көлөкөсү болуп калды.

Журналисттин айтымында, өлкөдө жарандык коом курууга салым кошкон бейөкмөт уюмдарга каршы жортуул Астана Москва менен саясий-экономикалык алаканы бекемдөөгө чечкиндүү аяк таштагандан кийин айрыкча күчөдү:

- Казакстан Орусия менен коюн-колтук алышкандан кийин өлкөдө антибатышчыл риторика күчөдү. Антиамерикалык маанай жайылтылууда. Бийлик элди чет өлкөдөн каржыланган адамдар мамлекеттин душманы, шпион, чет элдик агент деп коркуткан эски советтик жолойго түштү. Көрсө, адамдардын укугу, жашоосу, сөз эркиндиги өңдүү демократиялык дөөлөттөр мамлекетке караганда чет өлкөлөр үчүн маанилүү экен.

Казакстандык адам укугун коргоочулар сындап жаткан мыйзам долбоору 2012-жылы июль айында Орусияда кабыл алынган «Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу» мыйзамды эске салат. Бул мыйзамда аныкталгандай, тыш өлкөлөрдөн же демөөрчүлөрдөн грант алган коомдук уюмдар автоматтык түрдө «чет өлкөнүн агентине» айланат.

Ал мыйзамды конституциялык нормалар боюнча кеңеш берчү Венеция комиссиясы сындап, Орусия өкмөтүн жарандык уюмдарды каттоо боюнча жобону өзгөртүүгө чакырган. Европа кеңеши алдындагы бул уюмга экс-советтик Борбор Азиядан Кыргызстан жана Казакстан гана мүчө.

Казакстан Москвадан төбөлсүздүк алгандан бери өлкөдө 27 миң чамалуу бейөкмөт уюм катталса, ушу чакта алардын 2 миңге жакыны гана калган. Алардын көпчүлүгү өкмөттүк куржундан жем жейт. Он чакты гана жарандык коомдор чет өлкөлөр же уюмдардын грантынын эсебинен жашайт.

Бейөкмөт уюмдарды «чет өлкөлүк агентке» теңеген мыйзам долбоору кыргыз парламентинде да сунушталган, азыр ал коомдук талкууда.

XS
SM
MD
LG