Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Орусия: Абайла, "чыккынчы" болуп калба?!


Шпиондун көлөкөсү. Тамаша сүрөт. Орусия.
Шпиондун көлөкөсү. Тамаша сүрөт. Орусия.

Орусияда “мамлеттик чыкынчылык” жөнүндөгү аныктама мурдакыдан бир кыйла кеңейди.

Ага ылайык, өкмөттүк купуя маалыматты уурдаган, сатып алган, болбосо маалыматты кызмат адамын коркутуп алган жана аларды мыйзамсыз сактаган жарандар сегиз жылга чейин соттолот.

"Оозду жап кылчу" мыйзамбы?

23-октябрда мыйзамга киргизилген түзөтүү эл аралык уюмдарды да мамлекеттик жашыруун сырды алуучулардын тизмесине кошкон. Сынчылардын айтышынча, жаңы мыйзам өкмөттүн саясатына нааразы диссиденттердин “оозун жап” кылганга багытталган.

Мамлекеттик Дума кабыл алган мыйзам жарандарды “кайсы бир өлкөнүн пайдасына шпиондук кылды” деп, жоопко тартууну мүмкүн кылат. Орусиянын Кылмыш кодексинин 275-беренесине киргизилген түзөтүү боюнча, мамлекеттик жашыруун сырды камтыган маалыматты чет өлкөгө берүүдөн башка аны алуу, кимдир бирөө менен бөлүшүү же жарыялоо да чыккынчылык же шпиондук деп бааланат.

Аскер кийимчен Владимир Путин жана мурдакы орус шпиону Анна Чапман "Аларды жайгар" деп аталган компьютердик оюндун баш каармандары.
Аскер кийимчен Владимир Путин жана мурдакы орус шпиону Анна Чапман "Аларды жайгар" деп аталган компьютердик оюндун баш каармандары.
Мыйзамга мындай түзөтүү Федералдык коопсуздук кызматынын демилгеси менен киргизилип, өтө ыкчам бекитилди. Аны 372 депутат колдоп, 2 депутат каршы чыкты. Оппозициядагы “Адилеттүү Орусия” партиясы “чыккынчылык” деген түшүнүктүн Кылмыш кодексинде кеңири талкууланышы “чет элдиктер менен байланышка барган жарандардын баарын өлкөгө саткынчылык кылды деп айыптоону” мүмкүн кылат деп эсептейт.

“Агора” - Орусиянын укук коргоочу уюмдарынын региондор аралык ассоциациясы. Уюмдун төрагасы Павел Чиковдун түшүндүрүшүнчө, жаңы мыйзам Улуттар уюмуна даттанган адамды да “чыккынчылык кылды” деп жоопко тартканга мүмкүнчүлүк берет.

- Иш жүзүндө Улуттар уюмунун Адам укугу боюнча комиссиясы же Европанын адам укугу боюнча сотуна жөнөтүлгөн арыздагы маалымат Федералдык коопсуздук кызматына, Орусиянын коопсуздугуна коркунуч жаратчудай болуп көрүнсө, мамлекеттик чыккынчылык деп бааланат эми, – деп кооптонот юридика илимдеринин кандидаты Павел Чиков.

Мурдакы мыйзамда душмандык максатында колдонулчу маалыматты бөлүшүү - чыккынчылык деп каралган эле.

Кремль өткөн айда АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги - USAIDдин кеңсесин жапкан. Бир нече жыл илгери атактуу филантроп Жорж Соростун уюмун өлкөдөн айдап чыккан. Орус бийликтеринин айтымында, Вашингтон жардам берүү аркылуу саясатка жана шайлоого кийлигишет экен.

Доцент Чиков эми өкмөттүк купуя сырды ачыкка чыгарды, же бөтөн жерликке маалымат берди деп бейөкмөт уюмдарды, жарандык активисттерди, журналисттерди, а турсун бизнесмендерди жети жылга чейин соттосо болорун айтат.

Орусиялык адам укугун коргоочулар купуя өкмөттүк сырды камтыган материалдар менен иштебеген адам жашыруун мамлекеттик маалымат эмне экенин билишпегендиктен, оңой эле чекисттердин тузагына илинип калат деп чочушат.

24-октябрда эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюму “Чыккынчылык жөнүндөгү” жаңы мыйзам жарандардын фундаменталдык укуктарын бузат деп билдирди. Ошондой эле бул мыйзамдын Адам укуктары боюнча Европа конвенциясына туура келип-келбесин Венеция комиссиясында экспертизадан өткөрүүгө чакырды.

"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директору Хью Уильямсондун баамында, чыккынчылыкка байланыштуу жаңы аныктама биринчи кезекте адам укугун коргойм дегендердин жүрөгүнүн үшүн алганга багытталган.

- "Хьюман Райтс Уотчту" жаңы мыйзамга өтө тынчсыздандырды, - деп билдирди "Азаттыкка" Уильямсон. - Себеби Орусияда иштейм деген эл аралык жана жергиликтүү адам укугун коргоочулардын ишмердүүлүгүн сыпаа жол менен чектейт. Эл аралык адам укугун коргоочуларды береги мыйзамдын жарандык уюмдарга, бөтөнчө адам укугун коргоочуларга каршы багытталганы кооптондурат.

Кыргызстан да Орусиядан "өрнөк" албайбы?

Демейде экс-советтик Борбор Азия мамлекеттери Орусияда кабыл алынган мыйзамдарга кылдат көз салып, оңтойлуусун ыкчам колдонууга алып жүрөт. Ошондуктан Кыргызстанда да адам укугун коргоочулардын, бейөкмөт жана чет элдик уюмдардын ишмердүүлүгүн чектеген мыйзам пайда болушу ыктымал, деп боолгойт кесипкөй юрист Сүйөркул Косаков:

- Бул өңдүү мыйзамды кабыл алуу депутаттардын демилгесине жараша болот. Себеби депутаттар көбү орус тилин жакшы билишкендиктен, Орусияны карап, алар айтканды туура дешип ушул сыяктуу мыйзамды кабыл алышы мүмкүн. Буга чейин да ушинтип колдонулуп келген.

Ал эми Кыргызстандын мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов андай мыйзам кабыл алганга Жогорку Кеңеш даяр эмес, бирок президент кааласа, болуп кетчү иш экенин айтат.

- Азыр парламент өтө белдүү эмес. Экинчиден, Кыргызстандын мамлекет башчысынын саясый эрки болуш керек. Президент ушундай мыйзам киргизели деп сунуш кылса, Орусиядагыдай мыйзам парламенттен өтүшү мүмкүн. Ушул чакта дегеле бул маселени күн тартибине чыгарчу саясый күчтөрдү көрбөй турам. Былтыр Путин кайсы бир бейөкмөттүк уюм чет өлкөдөн акча алып, Орусияда иштечү болсо, ага “чет элдик агент” ат берели деген соң тийиштүү мыйзам кабыл алынган. Азыркы мыйзам ошонун негизинде жаралды.

Орусияда “Мамлекеттик чыкынчылык жөнүндөгү” мыйзам долбоору обол 2008-жылкы Грузия менен болгон согуштан кийин Мамдумага киргизилген. Бирок долбоорду азыркы президент Владимир Путинге салыштырмалуу андагы бир кыйла либералдуу президент Дмитрий Медведев жылдырбай кармап койгон.

Быйыл майда Путин үчүнчү мөөнөт президенттикке келген соң Мамдума коомдук жайларда чогулууну, интернетти көзөмөлдөөнү күчөткөн жана жалган жалаа жабууну кылмышка теңеген мыйзамдарды ыкчам кабыл алган.

XS
SM
MD
LG