Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:16

“Чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзам сынга кабылды


Орусияда “Чет элдик агенттер жөнүндө" мыйзам 2012-жылы кабыл алынган.
Орусияда “Чет элдик агенттер жөнүндө" мыйзам 2012-жылы кабыл алынган.

Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү, укук коргоочулар Жогорку Кеңешти “Чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырууда.

Бул тууралуу 29-февралда Бишкекте өткөн коомдук талкууда айтылды. Ал арада “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо борбору бул мыйзам долбоордун демилгечилерин - парламенттин өткөн чакырылыштагы үч депутатын сотко бергени жатканын маалым кылды.

“Чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзам долбоору парламентке 2014-жылы май айында келген. Документтин демилгечилери ошол кездеги Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Надира Нарматова болгон. Долбоор ошондон бери коомчулукта кызуу талкууланып, карама-каршы пикирлерди жаратып келет.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев бул мыйзам долбоору кызуу талкуудан кийин кабыл алынышы керек деген пикирде. Анын баамында, “агент” деген сөздүн эрен-төрөнү деле жок, ошондуктан аны басмырлоо деп кабыл албоо зарыл:

- Мамлекет тарабынан көзөмөлдү күчөтүү керек. Коммерциялык эмес уюмдарга саясат менен алектенүүгө тыюу салуу деген негизги болуп жатат. Бейөкмөт уюм саясатка аралашам десе анда партия түзүп алсын. Андан сырткары бухгалтердик отчеттору боюнча тактоо керек. Чет өлкөдөн каражат алып жаткандан кийин каржылоосу ачык болушу керек. Жоопкерчилиги күчөтүлүшү зарыл. Эгер коммерциялык эмес уюм саясатка аралашып кетсе, анда ал макамын өзгөртүш керек.

Бир катар жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар бул мыйзам долбоору өлкөнүн Конституциясына каршы келерин, демократиялык баалуулуктарга доо кетирип, кесепети оор болорун эскертип келет.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын айтымында, мыйзам долбоор талкуулана баштагандан бери коомдо бейөкмөт уюмдарды жектөө маанайы пайда болду. Мындан улам алар мыйзам долбоордун демилгечилерин сотко бергени жатат:

- Ушундай үгүт-билдирүүлөрдөн улам эл арасында булар чындап эле тыңчы экен деген ой пайда болуптур. Сурамжылоо жүргүзүп жатканда коомчулукта өзүн өзү чектөө пайда болгонун аныктап чыгышты. Мамлекеттик эмес уюмдар тууралуу айткандан чочулап калгандай маанай байкалат. Бейөкмөт уюмдарга карата психологиялык кыйноо ошол үч депутаттан улам пайда болду. Басмырлап отуруп түрмөлөр жарандык коомго жабылып калды, чөйрө өзүнөн өзү мамлекеттик эмес уюмдарды жээрип калды. Мына ушундай саясаттын кесепетинен кыйноого кабылган жарандар көбөйүп жатат. Биз мурунку үч депутатты сотко беребиз. Анткени ошолордун демилгесинен кийин бизди жүдөтүп, басмырлап, психологиялык чабуулга кабылдык.

Төлөйкан Исмаилованын баамында, азыркы бийликте бул мыйзам долбоордун кабыл алынышына кызыкдар күчтөр бар:

- Алар жарандык көзөмөлдөн коркуп жатат. Мына, бизде коррупция азаймак түгүл кайра көбөйүп жатат. Экинчи жактан маалымат алуу тоскоолдугу жоюлган жок. Мисалы, ошол эле "Кумтөр" боюнча алалы. Мурунку эки президенттин тушунда деле маалымат ачык-айкын эмес болчу. Үчүнчүсү келгенде деле ошол эле көрүнүш. “Алтын жакалуу” аткаминерлер көбөйүп жатат. Эл жакыр, ал эми бийликте отургандар байып эле баратат.

Бул мыйзам долбоордун демилгечилери жарандык коом көзөмөлсүз калганын, бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам 1999-жылы кабыл алынганын жана азыркы талапка жооп бербей турганын жүйө кылып келет. Мыйзамдарды ашыкча либералдаштыруунун кесепети өлкө коопсуздугуна таасир тийгизиши мүмкүндүгүн айтышат.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов юстиция министри болуп иштеп турганда ал жетектеген мекеме “Чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзам долбоорду кабыл алуу зарыл эмес деген бүтүм чыгарган. Шыкмаматов Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорду кабыл албашы керек деп эсептейт:

- Жарандык коом социалдык-экономикалык тармак, саясий-демократиялык процесстер боюнча мамлекеттин эң ишеничтүү өнөктөшү болуп келатат. 20 жылдан бери демократиялык баалуулуктарды коомго сиңирип, жайылтып жаткан, шайкеш келтирип жаткан ушул бейөкмөт уюмдар. Анан өнөктөш деп коюп алардан шектенип, тыңчылык боюнча күнөөлөгөнүбүздүн өзү бир кадам алдыга, эки кадам артка кетип жатканыбызды билдирет.

“Чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзам долбоору былтыр парламенттин ошол кездеги чакырылышында каралган жана биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлгөн. Жогорку Кеңештин азыркы курамы долбоорду качан карары белгисиз.

XS
SM
MD
LG