Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Кайра сунушталган эски мыйзамдын талашы


Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу демилгесине каршы акция. Бишкек, 2016-жыл.

Жогорку Кеңеште 27-февралда коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзам долбоору талкууланды. Ал парламентте биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорун кароо учурунда депутаттар менен төраганын ортосунда талаш-тартыш болуп, долбоорду парламентке алып чыгууда мыйзам бузулганы айтылды.

Өкмөттүк эмес уюмдардын ишин катаалданткан мыйзамда кызыкчылыктар бар экени, аны чукул арада кабыл алуу аракети көрүлүп жатканы сөз болду. Документтин автору мыйзам элдин суроо-талабынан улам жазылганын, ал өкмөттүк эмес уюмдардын ачык иштешин шарттай турганын айтууда.

Биринчи окууда каралган бул мыйзам долбооруна парламент кийинки апталарда добуш берет. Регламент боюнча мыйзам долбоору үч окуудан кийин кабыл алынат.

Төрага менен депутаттардын талашы

Коомдо талкуу жараткан «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 27-февралда каралды. Талкуу башталып-баштала электе депутаттар менен төраганын ортосунда талаш чыкты. Депутат Карамат Орозова мыйзам парламентке биринчи окууга киргизилердин алдында тиешелүү комитетте каралбаганын айтты:

Карамат Орозова.
Карамат Орозова.

«Бул мыйзамдын Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетке тиешеси жок. Бул комитет туура эмес карап койгон. Регламент бузулуп жатат. Мыйзамды Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет менен Бюджет жана финансы боюнча комитет карашы керек».

Ал мыйзам долбоорун күн тартибинен алып тиешелүү комитеттерге кайра кайтарууну сунуш кылды. Бул демилгени депутат Дастан Бекешев да колдоду.

Парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттарга жооп берип: «Бул мыйзам регламент боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетке туура келип жатат. Муну регламент аныктады», - деди.

Төрага Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүмү өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам Социалдык маселелер боюнча комитеттен каралышы керек деп чечкенин, бул мыйзамдуу экенин кошумчалады. Төраганын сөзүнө депутат Абдывахап Нурбаев кошулган жок.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

«Бул мыйзам 2016-жылы да киргизилгенде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетте каралган. Мыйзам үчүнчү окууда кайра артка кайтарылган. Долбоор Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттен кайра каралышы керек. Антпесе бул мыйзам бузуу болуп эсептелет», - деди ал.

Өкмөттүн ыкчам корутундусу

Депутаттардын бул сунушу колдоо тапкан жок. Ушундан улам Дастан Бекешев мыйзам Жогорку Кеңешке шашылыш киргизилип жатканын айтып, «мунун артында кызыкчылыктар бар» деп күмөн санады:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Мыйзамды Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет караш керек болчу. Сиз болсо (Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго) «жок, болбойт» деп жатасыз. Бул жерде кызыкчылыктар бардай сезилип жатат. Мен андай эмес деп ойлойм. Силерден бирөө «бат-баттан өткөрүп бергиле» деп сурангандай болуп жатат. Керек болсо өкмөт да мыйзам боюнча ыкчам түрдө корутунду чыгарып берди. Өкмөт кайсы мыйзам долбооруна ушундай ыкчам корутунду чыгарып берчү эле? Керек болсо стратегиялык мааниси бар, президент суранган мыйзамга мынчалык бат корутунду бербейт».

Документ 2019-жылдын 31-декабрында коомдук талкууга коюлган. Быйыл февраль айында каттоодон өтүп, өкмөт 20 күндүн ичинде «мыйзам долбоорун кабыл алса болот» деген корутунду чыгарып берген.

Мыйзамдын авторлору көбөйдү

Депутат Бактыбек Райымкулов башында коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдын жалгыз автору катары чыккан. Азыр эми ага дагы жети депутат демилгечи катары кошулду.

Эгер мыйзам кабыл алынса, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Мыйзамдын негизги автору Бактыбек Райымкулов долбоордун маани-мазмуну тууралуу мындай деди:

Бактыбек Райымкулов.
Бактыбек Райымкулов.

«Эмне үчүн коммерциялык эмес уюмдардын иши жөнүндө маалымат жок?» деген суроо коомчулукта талкуу жаратууда. Ар бир демократиялык мамлекетте ар бир ишмердүүлүк элдин жана мамлекеттин өнүгүшүнө багытталышы керек. Мыйзам долбоорунун максаты берилген маалымат менен элди ыңгайлуу жана түшүнүктүү интеграцияланган форматта тааныштыруу болуп эсептелет. Мыйзам долбоору мамлекет тарабынан көзөмөлдөөгө багытталган эмес. Ал элге маалымат берүү коммерциялык эмес уюмдардын ишинин ачыктыгын камсыздоого багытталган».

Өкмөттүк эмес уюмдар эмне иш кылат?

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар шайлоо жараяндарын жакшыртуу, демократиялык баалуулуктарды өркүндөтүү, сөз эркиндигин колдоо, мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу, андан тышкары аялдардын, балдардын жана азчылыктардын укуктарын коргоо жана башка тармактарда иш алып барат. Алардын бир топ бөлүгү чет элдик фонддордун, өкмөттөрдүн жана уюмдардын каражатына, алар жарыялаган сынактардан уткан гранттардын эсебинен иш жүргүзөт. Депутат Карамат Орозова сунушталып жаткан мыйзамды жарандык коомго болгон кысым деп баалады:

«Коммерциялык эмес уюмдар өкмөттүн колу жетпеген иштерди жасайт. Алардын кылган иши биздикине салыштырмалуу жакшы жана элге пайдасы көп тийет. Биз мыйзам кабыл алып жарандык коомго кысым көрсөтүшүбүз туура эмес. Алар ансыз деле каражаты боюнча маалымат берип турушат».

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева да ушундай эле пикирин айтып, мыйзам өкмөттүн жүргүзүп жаткан саясатына каршы келерин эскертти:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

«Жөлөкпул, саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык маселелер боюнча айылдарды көп кыдырам. Мамлекет азыр «социалдык буюртманы» жолго коё албай жатат. Мамлекеттин колу жетпеген абдан көп иштерди өкмөттүк эмес уюмдар жасап жаткан кези. Алар - биздин жарандар. Кийин ушул мыйзамды пайдаланып, бир уюм мамлекеттик органга жакпай калса, ага басым башталбашы керек. Ошону түшүнүп, тереңинен карашыбыз зарыл. Мыйзамдын негиздемесинде «Ачык өкмөт» деп жазылып турат. Ушул мыйзам ачыктык деген принциптерге, жалпы «Ачык өкмөт» жасап жаткан иштерге доо кетирген мыйзам болуп жатат».

Эски мыйзам, жаңы автор

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети 2014-жылы да болгон, бирок ишке ашкан эмес.

Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова сырттан каржыланган уюмдарды «Чет элдик агент катары таануу жөнүндө» мыйзам долбоорун даярдап, бирок аны кабыл алууга ошол кездеги депутаттар жетишпей калган.

Бул мыйзам долбоорун азыркы депутаттар 2016-2017-жылдары эки окууда кабыл алып, бирок кийин ал депутаттардын көңүл сыртында калып кеткен.

Өкмөттүк эмес уюмдар боюнча Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Кожобек Рыспаев мындай оюн ортого салды:

Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

«Өкмөттүк эмес уюмдардын баары эле жаман эмес. Арасында эл үчүн социалдык тармакта иштеп жаткандар бар. Бирок элдин арасында «ушул уюм туура эмес иштеп жатат. Элге акча таратып жатат» дегендерди биз эмне үчүн күтүшүбүз керек? Аларды бир жыл күтпөй шектүү дегендерди ушул мыйзам аркылуу текшеришибиз керек. Четтен келген акчаны колдонуп бүлүк салбашы керек».

Былтыр Европа Биримдиги Кыргызстандагы жарандык коомдун ролунун жакшы жагын баса белгилеп, өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоосуна көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чакырыктарга тынчсыздануусун билдирген.

Парламентте талаштуу мыйзам талкууланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:35 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG