Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Мамлекет коомдук уюмдарды тескегиси келет


Өкмөттүк эмес уюмдардын мындан мурунку митинги. 2017-жыл.
Өкмөттүк эмес уюмдардын мындан мурунку митинги. 2017-жыл.

Бир катар депутаттар коммерциялык эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөп, алардын каржы булактарын ачыкка чыгаруу боюнча демилге көтөрүп, мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга коюшту.

Мыйзам долбоору уюмдардын киреше булактарын ачык көрсөтүүнү, алар тууралуу маалыматты толук бойдон ачык жайгаштырууну талап кылат. Мыйзамдын авторлору ал коммерциялык эмес уюмдардын ишин чектебей турганын айтышканы менен, мыйзамга каршы чыккан жарандык коомдун өкүлдөрү мамлекеттик эмес уюмдардын ишмердиги ансыз деле ачык-айкын жүрүп жатканын айтып, муну сөз эркиндигин чектөө, жарандык коомдун үнүн басуу аракети катары баалап жатышат.

Мыйзамдын автору, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов буларды айтты:

Бактыбек Райымкулов.
Бактыбек Райымкулов.

- Коммерциялык эмес уюмдарга эч кандай чектөө же коркунуч жок. Аларга текшерүү иштери жок. Болгону алардын кылган ишин ачык-айкын көрсөтүү. Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттин алып барып жаткан иши, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин иши ачык-айкын болуп жатат, түз эфирде берилип жатат. Булардын да иши ачык болсун. Балким аларга болгон элдин ишеними мындан да жогорулашы мүмкүн.​

Талкуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Надира Нарматова бул мыйзамга сөзсүз түрдө чет өлкөлүк агенттер макамы тууралуу өзгөртүү киргизилиши керек экенин айтты:

- Отчёт берүү, ачыктыкты талап кылуу керек. Бирок иретке салып, тартипке чакырып, мамлекеттин коопсуздугун, өзүбүздүн ички саясий башкаруу системасын, саясатын жолго коюуда ашыкча сырткы күчтөрдүн таасирине тоскоолдук кылыш үчүн бул мыйзамды колдойм. Биздин ошол мезгилде сунуш кылган мыйзамды эске алып, чет өлкөлүк агенттер деген макамды сөзсүз түрдө киргизиш керек.

Сунушталып жаткан мыйзамга каршы пикирин билдирип келген жарандык коомдун өкүлдөрү да каршылыгын кескин түрдө билдирип, авторлорду сындап чыгышты.

«Интербилим» коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева депутаттар cунуш кылган мыйзам президент Сооронбай Жээнбеков жүргүзүп жаткан коррупция менен күрөш саясатына каршы келерин айтты:

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

- Мыйзам кабыл алынгандан баштап коррупция менен күрөш алсырайт. Бул мыйзам президенттин саясатына каршы келет. Коррупция менен күрөшүү, ачыктык, санариптештирүү... Булар президентти уят кылып жатат. Уялбайсыңарбы? Жөнөкөй жарандар силерди сындап жатат. Бизге бөгөт койгондон ал сын азайып калбайт. Бул мыйзамды кабыл алсак эле баары оозун басып унчукпай калат деп ойлоп жатасыңарбы?

Парламентке чогулгандар мыйзамга юридикалык баа берип, ал комитетке ушул турган формада киргизилиши мыйзамга каршы келерин айтышты.

«Адилет» укуктук клиниканын юристи Искендер Какеев сунушталган мыйзам Баш мыйзамга каршы келерин жана ал юридикалык жаткан да экспертизадан өтө элек экенин айтты:

Искендер Какеев.
Искендер Какеев.

- Кайсы гана чектөө болбосун, ал Конституцияда жазылган мыйзамдуу максаттарга негизделиши керек. Бул долбоордо андай негиздеме жок. Экинчиден, дискриминациялык элементтер бар. Себеби, бизде коммерциялык эмес уюмдардын 20 түрү болсо, алардын үчөөнө гана тиешелүү болгону жатат. Үчүнчүсү - азыркы мыйзамдар кайталанып калууда. Анткени коммерциялык эмес уюмдар азыр ансыз деле отчёт беришет. Төртүнчүдөн, мыйзам долбоору милдеттүү түрдө жасалуучу экспертизадан, мониторингден өткөнү тууралуу тастыктамалар жок. Бул одоно ката.

Юрист Какеев мыйзамга өзгөртүүлөр кабыл алынып калса, ар бир коммерциялык эмес уюмдун жана анын кызматкерлеринин аты-жөнү, дареги сыяктуу маалымат ачык жарыяланарын айтып, алардын коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн деп сарсанаа.

Эгер мыйзам кабыл алынса, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат. Мыйзам 1-февралга чейин коомдук талкууга коюлду.

Ушул жылдын башында эле «Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму Жогорку Кеңештин депутаттарын коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун колдобоого чакырган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ишенсек Кыргызстанда 7,7 миң коммерциялык эмес уюм бар. Анда 60 миңдей киши эмгектенет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG