Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

HRW өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун колдобоого үндөйт


Эл аралык «Human Rights Watch» укук коргоо уюму Жогорку Кеңештин депуттарын коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун колдобоого чакырды. Бул тууралуу эл аралык уюмдун уюмдун изилдөөчүсү Лаура Миллс «Азаттыкка» билдирди:

- Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу сунуш эмне себептен азыр көтөрүлүп жатканын биз түшүнбөй турабыз. Жакында эле блогер Автандил Жоробековго иш козголгону, маалымат каражаттарына же коррупцияга каршы кыймылдарга катышкан активисттерге басым болуп жатканы тууралуу билебиз. Ушундай маалда өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталып жатышы тынчсыздандырбай койбойт. Ошондой эле биз бул мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдарга каршы саясий максатта колдолунуп калышын каалабайт элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов иштеп чыккан мыйзам долбоору кабыл алынса, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга алымча-кошумчалар кирет.

Сунуш кылынган долбоорго ылайык, өкмөттүк эмес уюмдар жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттендирилет. Эгер бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек болот.

Эксперттер бул мыйзам долбоору кабыл алынса Кыргызстандын аброюна шек келтирерин жана соңку кезде жигердүү түрдө коррупцияга каршы чыгып жаткан жарандык коомдун үнүн басууга шарт түзөрүн белгилеп жатышат.

XS
SM
MD
LG