Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 17:55

Коомдук уюмдарды кооптондурган мыйзам


Бишкектеги нааразылык акцияларынын бири. 25-март, 2014-жыл.

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунун кайрадан сунушталып жатышынын негизги себеби эмнеде? Анын кабыл алынышы менен коомдук уюмдардын укуктары чектелип калбайбы? Бул укуктук акт башка өлкөлөрдүн таасири менен сунушталып жатабы? Ушул ж.б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздө жооп издедик.

Талкууга укук коргоочу Динара Ошурахунова жана «Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев катышты.

«Азаттык»: - Динара айым, коомдук талкууга коюлуп жаткан өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдардын долбоору менен таанышсаңыз керек. Аны кандай кабыл алып жатасыз?

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

Динара Ошурахунова: - Мындай мыйзам долбоору сунушталып жатышы жаңылык эмес. Жогорку Кеңештин 4-5-чакырылыштарында улам кайталанып, демилгелер көтөрүлүп келген. Депутаттар «чет элден грант алып жаткан өкмөттүк эмес уюмдар мамлекеттик органдарга отчёт беришсин» деп эле келатышат. Кыргызстанда каттоодон өткөн ар бир өкмөттүк эмес уюм салык ж.б. тиешелүү мамлекеттик органдарга ай сайын отчёт берип турат. Мыйзамды сунуш кылып жаткан депутат өкмөттүк эмес уюмдар отчёт берип жатканын билбейт болуш керек. Биздеги мыйзамдар боюнча эгер өкмөттүк эмес уюм талап кылынган отчётторду убагында бербей койсо мыйзамдуу жоопкерчиликке тартылат. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун чоо-жайын биздеги дагы бир өкмөттүк эмес уюм терең талдап, изилдеп жатат, жыйынтыгын айтса, дагы көп маселелерди түшүнөбүз деп ойлойм.

«Азаттык»: - Кадыр мырза, демилгечи депутаттын негиздемесинде «мыйзам жактырылса элдин коммерциялык эмес уюмдарга ишеними жогорулап, алардын ишинин ачыктыгы камсыз болот» деп айтылат. Мурда ачыктык жок беле?

Кадыр Кошалиев: - Бул жерде маселе эки мыйзам долбоору жөнүндө болуп жатат - «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» сунуштар айтылууда. Мен бул мыйзам демилгесин колдойм. Бирок мыйзамда көп сөздүүлүк, бир эле учурда эки-үч маанини түшүндүрө турган сүйлөмдөр бар экен. Бир маселе: өкмөттүк эмес уюм дегенде бир алкакка салып түшүнгөндөр көп. Өкмөттүк эмес уюмдар өтө эле көп тармактар боюнча иштешет. Канчалаган уюмдар элдин турмушун жакшыртыш үчүн социалдык маселелерди чечип жатышат, башка бир уюмдар кайрымдуулук иштер менен алек болушууда.

Мен бул мыйзам долбоорун колдоп жатканымдын себеби башкада. Кеп саясий-укуктук маселелер менен алектенип, өлкөнүн саясий туруктуулугуна таасир тйигизип жаткан өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгү жөнүндө болуп жатат. Алардын ишине мүмкүн чек коюш керек. Маркум Ислам Каримовдун убагында Өзбекстанда, кийин Орусияда эгер өкмөттүк эмес уюм чет элден каржыланса, анда анын ишине тыю салынган, керек болсо «чет элдик агент катары баалаш керек» деген ойлор айтылган. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорунун азуулары али жумшак экен, дагы курчутуп, күчтөндүрүш керек.

Динара Ошурахунова: - Ар бир өкмөттүк эмес уюмдун каттоодон өтүп жатканда уставы болот. Анда уюмдун максаттары так көрсөтүлөт. Уюштуруучу ким, мүчөлөрү ким - баары жазылат. «Уюмдун аймактардагы филиалдары каттоодон өтүшү керек» дейт, ал мыйзамдык талап, ансыз деле биз аны аткарып жатабыз. Ал талаптар башка мыйзамдарда жазылган. Эгер уюм өлкөнүн аброюна шек келтире турган болсо, отчётту туура эмес берсе же убагында бербесе, анда алар эчак эле жоопкерчиликке тартылмак. Керек болсо ал уюмдун иши токтотулат. Эмне үчүн өкмөттүк эмес уюмдар эле отчёт бериши керек? Саясий партиялар деле ар кандай иш жүргүзүшөт. Алар мамлекетке акчаны кайдан алып жатат, кандай максатта жумшап жатат - отчёт берип жатабы?

Кадыр Кошалиев.
Кадыр Кошалиев.

Кадыр Кошалиев: - Кыргызстанда 32 миңден ашуун өкмөттүк эмес уюм каттоого алынганы маалыматтарда айтылууда. Алардын жигердүү иштеп жаткандары азыраак. Алардын статусу боюнча бирдей болгону менен, максаттары, каржылоо булактары ар кандай деңгээлде. Мисалы, «Элдик курултай» уюму сырттан каражат албайбыз, биздин идеяны колдогондордун жардамы менен өз киндигибизди өзүбүз кесип келатабыз. Ал эми демократия, адам укугу деген жакшы идеяларды эл арасына жайылтуу максатын көздөп сырттан каражат алган уюмдар да аз эмес. Тилекке каршы, ошол максаттарга жамынып алышып коомдук туруктуулукту бузууда, кайсы бир сырткы күчтөрдүн таасирин арттырууда өкмөттүк эмес уюмдар өз ролун ойноп келатышат. Айрыкча, саясий окуялар болгондо, шайлоо учурунда өкмөттүк эмес уюмдар өтө жанданат. Кыргызстандын соңку тарыхында 2010-жылдагы Конституцияны жазууга бир өкмөттүк эмес уюм аркылуу сырттан акча келгени көп эле айтылган. 2019-жылы күчүнө кирген бир нече кодекстерди, мыйзамдарды жазуу да сырттан каржыланганы маалым. Иш жүзүндө ал мыйзамдар коомдун кызыкчылыгына карма-каршы келгенин көргөздү. Бул жагдайлардын өзү кыргыз мамлекеттүүлүгүн ичтен иритип, укуктук жана юридикалык жактан коллапс жаратууда.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG