Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Маматалиев: ӨЭУ тууралуу мыйзам долбоорун токтото туруу аракетим ишке ашпай калды


Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

Жогорку Кеңеште өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ишин жөнгө салуучу мыйзамды өзгөртүү боюнча демилгени токтотуу аракети ишке ашкан жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» депутат Марлен Маматалиев билдирди:

«Биз бир топ сүйлөшүү жүргүзүп, токтото турууга аракет кылдык эле. Бирок демилгечилер «токтотулбайт, кетет» деп түшүндүрүштү. Идея ишке ашпай калды. Эл аралык аброюбуз жакшы болбой каларына көзүм жетип, жеке өзүм көтөрүп чыккан маселе болчумун».

Маматалиев - «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун сегиз авторунун бири. Депутат мыйзам долбоорун кароону биринчи окуудан кийин токтото туруу аракети болуп жатканын 7-мартта «Азаттыкка» айткан.

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу боюнча мыйзам кабыл алуу аракети 2014-жылы да болгон, бирок ишке ашкан эмес.

Кезектеги мыйзам долбоору быйыл Жогорку Кеңеште 4-мартта биринчи окууда кабыл алынган. Келерки аптада долбоор экинчи окууда талкууга коюлганы жатат. Процедура боюнча үчүнчү окууда парламент колдосо, мыйзам президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Былтыр Европа Биримдиги Кыргызстандагы жарандык коомдун ролунун жакшы жагын баса белгилеп, өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоосуна көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чакырыктарга тынчсыздануусун билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG