Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-август, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 08:49

Көзөмөлдү күчөткөн "төртүнчү отчет"


Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүк эмес уюмдардын нааразылыгынын фонунда коммерциялык эмес мекемелерди тескеген эки мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Документ толук өтсө, өкмөттүк эмес бирикмелер каржы булагы жөнүндө дагы бир отчёт бере баштайт. Бирок уюм өкүлдөрү мыйзам долбоору Конституцияга каршы келерин жана адам укуктарын бузарын айтып, аны сынга алышууда.

Үч берене жана «төртүнчү отчет»​

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоордо алгач аталган эки документтин төрт беренесин оңдоо каралган. Эки айлык талаш-тартыштан кийин эми үч гана берене өзгөртүлмөй болду.

Натыйжада Жогорку Кеңеште 27-февралда талкууланган мыйзам долбоору 4-мартта биринчи окуудан өттү.

Демек, ага ылайык адегенде «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдын 15-беренеси өзгөртүлүшү керек. Тагыраагы берененин аталышы жаңыланат жана андагы «колдонуудагы мыйзамдарга» деген сөз «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деп алмаштырылат. Кошумча жаңы пункт кошулуп, анда мыйзам бузган уюмдардын жоопкерчилиги белгиленет.

Сайкал Малик кызы.
Сайкал Малик кызы.

«Смарт Жаран» ассоциациясы» өкмөттүк эмес уюмунун өкүлү Сайкал Малик кызы кепти ушундан баштады:

«Долбоордогу «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сөз айкашы - жалпылаштырылган сөз. Бул жерде конкреттүү мыйзамдар айтылышы керек. Анткени азыр андагы жоопкерчиликти карай турган мыйзам жок. Ким жоопкерчиликке тартат? Аны да тактап жазыш керек жана ага жооп берген уюмду да аныкташ керек. Минтип жазып коюшса мыйзам иштебейт».

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдын 15-беренесинин мурдагы редакциясы жана жаңы сунушталып жатканы.
«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдын 15-беренесинин мурдагы редакциясы жана жаңы сунушталып жатканы.

Экинчи өзгөртүү да ушул эле «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдын 17-беренесин түзөтүүнү максат кылат. Башкача айтканда, берене таптакыр жаңыдан жазылып, жаңы түшүнүктөр киргизилет.

Юристтер мындагы «уюштуруучулар» деген айкалыш туура эмес киргизилип жатканын, мамлекеттик эмес уюмдарга уюштуруучулар эмес, мүчөлөрдөн куралган жалпы жыйын ээлик кыларын белгилешет. Андан да ушул беренеге кирген жаңыдан киргизилип жаткан отчёттун түрү уюм өкүлдөрүн нааразы кылууда.

«Маалыматтын формасын өкмөт кийинчерек аныктайт деп жазылып турат. Бул туура эмес. Биз мыйзам кабыл алынганча ал кандай отчет экенин билишибиз керек. Анткени документ өткөндөн кийин өкмөт аны каалагандай кылып түзүп алышы мүмкүн», - дейт Сайкал Малик кызы.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдын 17-беренесинин жаңы версиясы. Эски версиясы толук өзгөртүлгөн.
«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдын 17-беренесинин жаңы версиясы. Эски версиясы толук өзгөртүлгөн.

Ооба, коомчулуктагы негизги талаш-тартыш так ушул кошумча отчётко байланыштуу болуп жатат. Өкмөттүк эмес уюмдар муну шарттуу түрдө «төртүнчү отчёт» деп атап коюшту. Анткени алар буга чейин ансыз деле үч түрдүү - Мамлекеттик салык кызматына, Соцфондго жана Улуттук статистика комитетине отчёт берип турушчу.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, эми коммерциялык эмес мекемелер Юстиция министрлигине да каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилет.

Искендер Какеев.
Искендер Какеев.

Ал болсо министрликтин сайтында ачык жарыяланат. Бул биринчиден убарагерчилик жана коопсуздук маселесин жаратат. «Адилет» укуктук клиникасынын юристи Искендер Какеев сөзгө кошулду.

«Биз мыйзам долбооруна укуктук талдоо жүргүзүп, анда көп жагдайлар Конституцияга жана адам укуктарынын эл аралык стандарттарына каршы келген жагдайларды таап чыктык. Ал биринчи кезекте адамдарды бирикме түзүү укугуна кошумча чектөө киргизет. Жаңы киргизиле турган кошумча отчёт - ошол чектөөнүн элементи. Экинчи учур - дискриминация. Мыйзам боюнча коммерциялык эмес уюмдардын түрү 20га жакын. Алар - коомдук бирикме, фонд, кесиптик бирикмелер, саясий партиялар, диний уюмдар жана башкалар. Бирок бул мыйзам менен авторлор үч эле түргө кошумча отчёт киргизип жатышат. Ал коомдук бирикмелер, коомдук фонд жана мекемелер. Ошондуктан бул жерде адам укуктарын жактаган секторго гана максаттуу басым жасоо аракети байкалууда», - деди Какеев.

«Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдын 14-беренесинин эски-жаңы версиялары.
«Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдын 14-беренесинин эски-жаңы версиялары.

Үчүнчү өзгөртүү «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдын «Юридикалык жактарды мажбурлап жоюу» деп аталган 14-беренесин оңдойт. Мурда мамлекеттик органдар айлык отчётту эки жыл бербей койгон уюмдун үстүнөн сотко кайрылса, жаңы редакцияда бул мөөнөт бир жылга түшүрүлөт.

«Мыйзам демократияга каршы келет»

Мыйзамды жалпы палатада талкуулоо учурунда бир катар депутаттар нааразылык пикирлерин билдиришти. Ортодо коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү парламентке, өкмөткө, президентке жана коомчулукка кайрылып, мыйзам долбоорун чакыртып алууга үндөштү.

Ага карабай кабыл алуу күнү мыйзамды 100 депутат колдоп берди. Болгону тогуз депутат каршы болду. Алар - Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев, Жунус уулу Адыл, Каныбек Иманалиев, Аида Касымалиева, Асел Кодуранова, Наталья Никитенко жана Абдывахап Нурбаев.

Депутат Каныбек Иманалиев өз позициясын «Азаттыкка» да билдирди:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Биринчиден, бул мыйзам биз Кыргызстанда өнүктүрөлү деген демократияга, парламентаризмге каршы келет. Эл менен бийликтин ортосунда дайыма диалог болушу керек деп айтабыз. Мына ошол диалогду камсыз кылган өкмөттүк эмес уюмдар. Кээде парламент айта албаган нерсени өкмөттүк эмес уюмдар көтөрүп жатат. Мындан сырткары биз бул мыйзамды кабыл алсак, Европа өлкөлөрү бизге берген «ВСП+» – Жалпы жеңилдиктер системасын жокко чыгарып коюшу мүмкүн. Анан кийин үч-төрт айдан кийин шайлоо болот. Анда негизинен өкмөттүк эмес байкоо салып, шайлоонун ачык-айрым, калыс өтүшүн камсыз кылышат. Эми шайлоонун астында аларды президентке, парламентке жана өкмөткө каршы коюунун негизи барбы?».

Кеп болуп жаткан мыйзам долбоорунун автору катары алгач депутат Бактыбек Райымкулов гана чыккан. Кийин демилгелеш катары ага башка эл өкүлдөрү Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Умбеталы Кыдыралиев, Евгения Строкова, Марлен Маматалиев, Бактыбек Турусбеков жана Аида Исмаилова кошулган.

Депутат Бактыбек Райымкулов коомчулуктун сын-пикири алдыдагы эки окууда каралат деп ишендирүүгө аракет кылууда.

Бактыбек Райымкулов.
Бактыбек Райымкулов.

«Бул мыйзам Кыргызстандагы 32 миңдей өкмөттүк эмес уюмдун 26 миңдейин камтыйт. Бүгүнкү күндө алар кылып жаткан иштер - купуя сыр. Чет өлкөдөн келген каржы булактары да бар. Алар туура кетип жатабы же туура эмес кетип жатабы, мамлекетке пайда алып келип жатабы же зыян жаратып жатабы - так эмес. Азыр эми каршылар да, колдогондор да бар. Ошол сунуштарды баарын карап, парламенттик талкуу кылып, өкмөттүк эмес уюмдардын баарын чакырып, алардын айткандарын эске алып, экинчи окууга алып чыгабыз», - дейт эл өкүлү.

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети 2014-жылы да болгон, бирок ишке ашкан эмес.

Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова сырттан каржыланган уюмдарды «Чет элдик агент катары таануу жөнүндө» мыйзам долбоорун даярдап, бирок аны кабыл алууга ошол кездеги депутаттар жетишпей калган.

Бул мыйзам долбоорун азыркы депутаттар 2016-2017-жылдары эки окууда кабыл алып, бирок кийин ал депутаттардын көңүл сыртында калып кеткен. Жаңы долбоордун авторлору бул документ мурдагылардан айырмаланарын билдирип жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (10)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG