Линктер

жекшемби, 25-август, 2019 Бишкек убактысы 17:09

Кыргыз экспортунун Европадагы таштак жолу


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен. Брюссел. 12-апрель, 2018-жыл.

Кыргызстан «ВСП+» - Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат алгандан бери Евробиримдикке жөнөткөн экспорту эки эсе арбыды. Ишкерлер үч жыл мурда 50 млн. долларлык товар жиберсе, былтыр бул сумма 100 млн. долларга чукулдады.

Бирок адистер бул көрсөткүч өтө аз экенин жана бажы жеңилдиги күтүлгөндөй секирик жаратпаганын айтышууда. Буга бир катар көйгөйлөр себеп.

Үч жылдагы жыйынтык

Сөзүбүздүн башында биз Кыргызстандын Европа Биримдигине саткан алтыны боюнча көрсөткүчүн жалпы экспортко кошпой эсептеп жатканыбызды тактап коёлу. Себеби бул көрүнүш реалдуу соода-алаканы баяндоодо адашууну жаратып коюшу мүмкүн жана аны өзүнчө кеп кылабыз.

Эмесе, калган майда-чүйдө жана ири товарларды ташуунун соңку бир жылдагы эсеби менен баяныбыз башталсын.

Экономика министрлигинин экспортту өнүктүрүү боюнча соода саясаты бөлүмүнүн башчысы Бүбүсара Токтоналиева өз маалыматтары менен бөлүштү:

Кыргызстанда өндүрүлгөн төө буурчак Европада өтүмдүү азыктардан.
Кыргызстанда өндүрүлгөн төө буурчак Европада өтүмдүү азыктардан.

- Эгер алтынды эсепке албай, санак жүргүзсөк 2018-жылы Европа Биримдигиндеги өлкөлөргө биздин экспортубуз 95 млн. долларды түздү. Бул 2017-жылга карата салыштырмалуу дээрлик 1,60 эсе көбөйдү дегенди билдирет. Биз бул биримдиктеги 28 өлкөнүн дээрлик баарына эле экспорт жасап жатабыз, бирок кээ бир өлкөлөргө көлөм азыраак туура келет. Британияга, Белгияга, Германияга, Литвага көбүрөөк жөнөтүлөт. Экспортубуз негизинен айыл чарба өндүрүмүнөн, төө буурчактан, козу карындан, жаңгактан, жашылча-жемиштерден, жер-жемиштерден, кургатылган жемиштерден турат. Мындан сырткары ал жакка транспорттук каражаттар, алардын тетиктери, механизмдери жана түстүү металлдар кетет.

Эми мурдагы жылдардагы Европа Биримдигине кеткен экспортту карап көрөлү. Кыргызстан «ВСП+» – Жалпы жеңилдиктер системасына кошулганга чейин, 2015-жылы өлкө аталган биримдикке 50,4 млн. долларлык товар жөнөткөн. «ВСП+» макамын алган 2016-жылы бул сумма 41,0 млн. долларды түзүп, көрсөткүч артка кетет. 2017-жылы болсо 59,5 млн. доллар, 2018-жылы экспорт, Токтакунова белгилегендей, 95 млн. долларга жетти.

Ооба, өсүш байкалып турат. Муну товар жөнөтүп жаткан ишкерлер да ырасташат. Анткени алардын товарынын көлөмү да көбөйүп жатпайбы. Мисалы, Бишкектеги «Тянь-Шандын касиеттери» («Дары Тянь-Шаня») жоопкерчилиги чектелген коому соңку үч жылда Европа Биримдигине жеткирип жаткан балдын көлөмүн арттырды.

Компаниянын кожоюну Казим Каракетов мындай дейт:

Казим Каракетов "Жылдын мыкты экспортеру" сыйлыгын алган учуру.
Казим Каракетов "Жылдын мыкты экспортеру" сыйлыгын алган учуру.

- Албетте, биз, Кыргызстан «ВСП+» макамын алганга чейин эле Европа Биримдигине товар экспорт кылчубуз. Азыр да жөнөтүп жатабыз. Коммерциялык сыр катары анын көлөмүн айта албайм, бирок көбөйгөнүн белгилейм. Негизинен Польша менен Германияга жеткирип жатабыз. Жаңы кардарлар пайда болууда, азыр Испания менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Эгер бажы төлөмү алынбаса товардын наркы төмөнүрөөк болот жана ал жеткирилген өлкөдөгү базарда сатып алуучуларды кызыктырат. Товар атаандашууга туруктуу болот. Европа Биримдиги бизге берген жеңилдиги өлкөбүздөгү ички өндүрүштү жандандырууга шарт түзөт. Анткени сатуу көбөйсө өндүрүш өнүгөт, кошумча жумуш орундары пайда болот, жабдууларды жаңылап алабыз дегендей. Ошондуктан «ВСП+» бизге кыйла эле пайда берет деп айта алабыз. Эгер бажы төлөмү болсо анда кыйыныраак болмок. Европа Биримдигине экспорт көбөйүп жатканына экспортерлор сапатка иштей баштаганыбыз, таңгактоо же башка жумуштарды аткарууда көп нерсени жакшыртканыбыз да себеп болду. Сөз жок, мамлекет да жардам берип жатат.

​Алдыда аталган товарлардан сырткары Европа Биримдигине текстил жана жүндөн жасалган буюмдар, булгаары, кездеме жана алардан жасалган буюмдар, пахта, тамеки, авиакеросин, айыл чарба аспаптары кетет. Мал-жандык жана алардан алынган азыктар, эт-сүт, алкоголдук жана алкоголдук эмес суусундуктар да жөнөтүлөт.

Алардын көлөмүнө көп токтолбой эле коёлу, кызыксаңыз толук маалыматтарды Улуттук статистика комитетинин сайтынан таба аласыз.

«Секирик байкалган жок»

Бирок кептин нугу экспорттун жалпы көлөмү тууралуу улана бермекчи. Тагыраагы, анын аздыгы жөнүндө.

Кыргызстандын азыктары.
Кыргызстандын азыктары.

Биринчиден, кеп болуп жаткан 95 млн. долларлык товардын баары ЕБге «ВСП+» макамынын негизинде кирди деп айта албайбыз. Анткени Кыргызстанда жалпысынан 11 миң товардык позиция болсо, алардын 6 200 түрү гана бул макамга ылайык бажы төлөмдөрүнөн бошотулган. Башкача айтканда ишкерлер бул жеңилдиктерди колдонбогон шартта деле товар жеткирип жатышат.

Экинчиден, бул сумманын өзү экологиялык таза азык өндүргөн Кыргызстан үчүн аз. Чын эле, Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) жылына жарым миллиард доллардан ашык суммага товар экспорттоп жаткан Кыргызстан Европа Биримдигине деле товар сатуусун эмнеге көбөйтө албайт? Маселе жолдун узактыгында элеби?

Аралык негизги маселе экени жашыруун эмес, бирок талдоочулар көбүнчө андан башка тоскоолдуктар «буттан тартып жатканын» белгилешүүдө.

Кыргызстандагы Жеткирүүчүлөр, өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаеванын баасын угуп көрөлү:

Гүлнара Ускенбаева.
Гүлнара Ускенбаева.

-«ВСП+» системасына кошулганыбызга мына үч жылдай болуп калды, бирок экспортто анча өсүш байкалган жок. Буга биринчи кезекте өкмөттүн бизнес өкүлдөрүн, жергиликтүү ишкерлерди кабардар кыла албагандыгы себеп болду. Экинчи жагдай - биздин өлкөнүн экономикасы чакан жана орто бизнестен турат. Башкача айтканда бизде Европа Биримдигинде кайсы товарларды сатсак болмок деген маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болбоду. Бизде андай каражат жок, өкмөт болсо андай иштерди алып барган жок. Дагы бир жагдай - Эл аралык эмгек уюмунун отчетунда "Кыргызстандын айыл чарбасында балдардын эмгеги пайдаланылып жатат" деп бүтүм чыгарылды. Натыйжада ушул багыттагы товарларды алып барган ар бир компания Евробиримдиктин тиешелүү мекемесине “балдардын эмгегин пайдаланбайт” деген сертификат көргөзүшү керек болуп калды. Андай сертификатты биз кайдан алабыз? Биздин Кыргызстанда мындай сертификатты бир да мекеме бербейт экен. Ошентип айрым топтор гана бул жеңилдикти колдонуп сатып жатышат, көпчүлүк ишкерлер мындан секирик жасай алышкан жок. Ачык айтсак, бул жагынан эч кандай иш жасалган жок. Кандай баштасак, ошол эле ордубузда турабыз.

Евробиримдикке бажы төлөмү жок экспорттоло турган товарлардын кыскача тизмеси.
Евробиримдикке бажы төлөмү жок экспорттоло турган товарлардын кыскача тизмеси.

Ишкерлер белгилешкендей, сертификация жана лабораториялардын жетишсиздиги да чоң маселе бойдон калууда. Кыргызстандагы компаниялар Европа Биримдиги талап кылган сертификациядан өтүшү жолго коюла элек. Ишкерлер товарларынын сапатын тастыкташ үчүн коңшу өлкөдөгү лабораториялардан текшертүүгө аргасыз.

Мындан сырткары логистикалык борборлор жетишсиз. Айыл чарба министрлигинин эсебинде Кыргызстанда талапка жооп берген 11 гана логистикалык борбор бар. Эгер товарды сактоочу кампа жетишпесе, анда кайсы көлөм жөнүндө сөз кылууга болот? Анткени ири базарга товардын көлөмү да күргүштөп кетиши керек.

Мамлекеттик эмес Соода-өнөр жай палатасынын экспортту колдоо комитетинин төрагасы, экономист Кубат Рахимовдун пикирине орун берели:

Кубат Рахимов.
Кубат Рахимов.

- «ВСП+» бул мүмкүнчүлүк, инструмент, ал маселени өзү автоматтык түрдө чечпейт. Европа Биримдиги КМШдагы эки мамлекетке - Армения менен Кыргызстанга гана ушул укукту берип, узун тизме товарды бажы төлөмү жок ташууга уруксат берген. Бирок бул биздин салттуу кыйынчылыктарыбызга эле такалып жатат. Товарларды Европанын стандарттарына туура келтирүүнү биздеги бардык лабораториялар жүргүзө албайт, ал эми сертификация ири партиялардын негизинде жүрүшү керек. Биздин экспортерлор чекене товар менен гана иштешет. Башкача айтканда бул макамды пайдалануудан ири компаниялар гана ута алат. Ошондуктан биз товар сатууну көбөйткүбүз келсе, анда экспорттук консорциумдарды түзүшүбүз керек. Башкача айтканда орточо беш-алты ишкана чогулуп, бирикме түзүп товарларын чогуу, координация аркылуу жиберүүгө өтүшү абзел. Мамлекет деле өз алдынча экспорттук борбор түзүп берсе болмок. Маселен, Орусияда, Казакстанда, Өзбекстанда ушундай борборлор бар. Ал мекеме товарларды экспортко жөнөтүү, ишкерлерге көмөктөшүү, чыгым алып келген салыктарды алып салуу менен иш алып барат. Биз өндүрүүдөн мурда сатууну жолго коюп алышыбыз керек, эгер сатуу болсо эле ишкерлер ошол товарды өндүрүүгө өздөрү киришет. Тилекке каршы, экспорт бизде “жетим” сыяктуу көңүл бөлүнбөй калды.

Ал эми өкмөт, биздин шартта Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Инвестицияларды илгерилетүү агенттиги жана Экономика министрлиги «ВСП+» макамынын алкагында саясат жетиштүү эле жүрүп жатканына ишендиргиси келет.

Муну биз менен болгон маегинде Экономика министрлигинин өкүлү Бүбүсара Токтоналиева да белгиледи:

Кыргызстандын базарындагы товарлар.
Кыргызстандын базарындагы товарлар.

- «ВСП+» системасынын өзү жөнүндө сөз кылсак анда бул жөн гана бажы төлөмүнөн бошотуу. Товардын сапатына, анын коопсуздугуна, таңгагына, маркировкасына болгон башка талаптар ошол эле бойдон калган. Ал эми Европа Биримдигиндеги жашоонун шартына ылайык, бул талаптарга төп келүү өтө татаал. Биздин көп ишкерлер ал жакка товар экспорттой албай жатканынын негизги себеби ушул болуп турат. Жолдун узактыгы да товардын наркын кымбаттатып жиберүүдө. «ВСП+» натыйжа бербей жатканы да биздин жалпы экспортубуздагы түзүмдүк кыйынчылыктар менен байланыштуу. Мындан сырткары атаандаштык да күчтүү. Ага карабай биз ишкерлер менен тынымсыз жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Сертификациялоо жаатында да аракеттер жүрүп жатат. Атайын “Жол картабыз” бар, ошонун ичинде негизинде иштер жүрүп жатат жана алдыңкы жылдары «ВСП+» макамынын алкагында экспорттун өсүшү болот деп эсептеп жатабыз.

Европа Биримдиги расмий Бишкектин өтүнүчү менен «Всеобщая система преференций+» («ВСП+») – Жалпы жеңилдиктер системасын колдонуу макамын Кыргызстанга 2016-жылдын 27-январында берген. Ага чейин кыргызстандык экспортерлор айыл чарба өнүмдөрүнө 14,6%, текстил буюмдарына 5-9% бажы төлөмүн төлөчү. Бирок бул Кыргызстанга 7 жылга сыноо мөөнөтүндө берилгенин жана иш жүзүндө анын жарымы өтүп калганын да белгилеп коюш керек.

Макалабыздын башында белгиленгендей, бул аралыкта Европа Биримдигине Кыргызстандын алтынын экспорттоо жанданган. 2015-жылы кендин бул түрү аталган биримдиктеги өлкөлөргө дээрлик сатылбаса, 2016-жылы 31,3 млн., 2017-жылы 186,8 млн., 2018-жылы 663 млн. долларга тете алтын экспорттолгон. Муну эксперттер алтынды сатуу Орусиядан же башка өлкөлөрдөн Европага континентине оогону менен түшүндүрүшүүдө.

Европа Биримдигинен келген атайын делегация «ВСП+» макамын кантип колдонууну түшүндүрүп кеткен. 9-июнь, 2016-жыл. “Азаттыктын” тасмасы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG