Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

ЕБ: Кыргызстан региондо үлгү боло турган өлкө


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск. Брюссел, 12-апрель, 2018-жыл
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск. Брюссел, 12-апрель, 2018-жыл

Президент Сооронбай Жээнбековдун Брюсселдеги 11-12-апрелдеги эки күндүк сапары аяктады. Андагы жолугушуулардын негизги өзөгүн Кыргызстандагы демократиянын, адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы боюнча сүйлөшүүлөр түздү.

Жолугушууларда президент Кыргызстан демократия жолунан, адам укуктарын коргоо ниетинен тайбай турганына басым жасады.

Ал эми Европа Биримдигинин институттарынын жетекчилери болсо, Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдү баалай турганын белгилешти.

Президенттик мөөнөтүндө алгач жолу Брюсселге келген Сооронбай Жээнбеков 12-апрелде Европа Биримдигинин институттарынын бардык жетекчилери менен жолукту.

Сооронбай Жээнбеков ЕБнын тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен.
Сооронбай Жээнбеков ЕБнын тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен.

Кыргыз президенти Еврокеңештин президенти Дональд Туск, Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер, Европарламенттин спикери Антонио Таяни жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен көрүшүп, эки тараптуу мамилелерди талкуулады.

Жээнбеков менен жолугууга макул болгон Еврошаркеттин бардык жетекчилериндеги мындай кызыгуу жаңы кыргыз президентинин кандай багытты карманып, эмнелерге көңүл бурат дегенинен улам болгонун кыргызстандык дипломаттар белгилеп жатышты.

Брюсселдеги жолугушуулардын негизги өзөгүн Кыргызстандагы демократиянын, адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы боюнча сүйлөшүүлөр түздү. Биримдикте өкмөттүн ролун аткарган Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөр жалпы Борбор Азия чөлкөмү үчүн маанилүү экенин айтты.

Ал Кыргызстанда 2017-жылы шайлоо аркылуу бийликтин тынч жол менен алмашканынын маанисин да белгиледи.

- Кыргызстан биздин маанилүү өнөктөш. Биз бул мамилени дагы тереңдеткибиз келет. Ошондуктан жаңы келишим даярдап жатабыз жана эртерээк кабыл алынышын каалайбыз.

Ошондой эле Юнкер Жээнбековду коррупцияга каршы күрөш, адамдын фундаменталдык укуктарын сактоо, сөз эркиндиги жаатындагы иштерди улантууга үндөдү.

Сооронбай Жээнбеков менен Жан-Клод Юнкер.
Сооронбай Жээнбеков менен Жан-Клод Юнкер.

Ал кыргыз президенти Бишкекке чакырганын, жакын арада атайын сапар менен бараарын кошумчалады:

- Мен Кыргызстандын элине суктанып келем. Ал жакта улуу эл жашайт. Бул өлкөнүн регионалдык жана глобалдык мааниси чоң. Кыргызстандыктарга таандык болгон сапаттар европалыктарга да жат эмес. Европа Биримдиги Кыргызстанды дайыма колдойт.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен ЕБ ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашканын билдирди.

Ал эми Жээнбеков сүйлөшүүлөр ачык маанайда өткөнүнө, Еврошаркет өлкөнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири экенине токтолду:

- Менин сапарымдын өзү Кыргызстан Европа Биримдиги менен кызматташтыкка артыкчылык берерин туюнтуп турат. Биз ЕБны маанилүү өнөктөш деп эсептейбиз. Бүгүн Евробиримдиктин институттары менен пайдалуу жолугушуулар болду. Биз эки тарапты кызыктырган бир катар маанилүү маселелер боюнча ачык жана конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк.

Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан ЕБнын башка лидерлери да Кыргызстанда демократиянын бекемделишине, көз карандысыз сот системасын түзүүгө көмөктөшөөрүн билдирди.

Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск Кыргызстандын демократия курууга болгон далалатын жогору баалады:

- Сиздер региондогу бардык өлкөлөргө өрнөк, үлгү боло аласыздар. Кыргызстан баштан кечирген бардык кыйынчылыктарга карабастан, сиздер жетишкен натыйжаларды абдан жогору баалайбыз жана ага таасирленип турабыз.

Сооронбай Жээнбеков менен Дональд Туск.
Сооронбай Жээнбеков менен Дональд Туск.

Президент Сооронбай Жээнбеков соода-экономикалык кызматташуу чөйрөсүндө пайдаланыла элек зор мүмкүнчүлүк бар экендигине да токтолуп, ЕБнын ар бир өлкөсү менен өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө ишенимин билдирди.

- Бизде айыл чарбасы, туризм, транспорт, ошондой эле тоо-кендерин иштетүү, гидроэнергетика тармактарында экономикалык реформалар ишке ашырылып жатат, бизнес чөйрө жакшырып, экспортерлорго жана инвестиция салууга шарттар түзүлүүдө. Биз товар жүгүртүүнү 1 млрд АКШ долларына чейин жеткирүүнү болжолдоп турабыз. Ушуга байланыштуу кыргыз экспортерлоруна бардык мүмкүнчүлүктөрдү жана ВСП+ статусунун артыкчылыктарын пайдаланууга ЕБнын көмөктөшүүсү зарыл болуп турат.

Сапардын жүрүшүндө Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы жаңы макулдашуу түзүү боюнча да кеп болду.

Жээнбеков Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу тууралуу жаңы Макулдашуу боюнча мандат берүү маселесинде көрсөткөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, бул документ өз ара аракеттенишүүнү сапаттык жаңы деңгээлге алып чыгууга мүмкүнчүлүк берип, өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртууга өбөлгө болот деп белгиледи.

Ал 1999-жылы түзүлгөн келишимди кеңейтип, азыркы учурга ылайыкташтырмакчы.

Кыргызстандын ЕБдеги туруктуу өкүлү Асейин Исаевдин айтымында, макулдашууну эки жарым жыл аралыгында бүткөрүп кабыл алуу пландалууда:

- Эң негизгиси - президент "биз парламенттик демократияга өтөбүз" деп айтты. Ушул учур аябай кызыктуу болуп жатат жана басым ушуга коюлууда. Президенттин экономикалык жактан эмес, саясий кызматташууну алдыңкы орунга коюп жатканы буларга жагып жатат. Саясий маселелер чечилсе башка маселелер да, экономикалык кызматташуу да чечилет. Азыр жаңы келишим каралып жатат. Эки жарым жылдын ичинде аны бүтүрүү боюнча тапшырма алдык. Бул келишим Европа Биримдиги менен карым-катышты жаңы деңгээлге чыгарат.

ЕБнын президенти Дональд Тусктун кыргызстандык делегация менен жолугушуусу.
ЕБнын президенти Дональд Тусктун кыргызстандык делегация менен жолугушуусу.

Исаев белгилегендей, буга чейин кыргыз бийлиги Европа өлкөлөрү менен экономикалык байланышты күчөтүү ниетин билдирип келген.

Бул жаатта президент Европа өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча өкүлү Наталья Ханженкова менен сүйлөшүү өткөрдү. Ал Кыргызстандын аймактарын таза суу менен камсыздоо долбоорун колдоо үчүн 86 миллион доллар бөлөөрүн билдирди. Анын 36 миллион доллары грант түрүндө берилмекчи.

Жалпысынан Сооронбай Жээнбековдун Европа сапары жемиштүү болду деп бааланууда. Бул сапардын башкы максаты башынан эле уюмдун жетекчилери менен таанышуу жана жеке байланыш түзүү деп аталган эле. Бирок байкоочулар Жээнбековдун мындан аркы кадамдары маанилүү экенин белгилеп жатышат.

Себеби Борбор Азиядагы бардык жетекчилер демократиялык баалуулуктарды коргойбуз деп, убада кылганы менен иш жүзүндө аны аткарбай келген учурлары арбын. Ошондуктан Жээнбеков укук коргоо, коррупцияга каршы күрөш жаатында терең реформага барбаса, Европа менен мамиле өзгөрүүсүз калат айтылууда.

Бул Сооронбай Жээнбековдун Европадагы алгачкы сапары болду. Буга чейинки президент Алмазбек Атамбаев өз мөөнөтүндө Евробиримдикке үч жолу барган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG