Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Түркиядагы кыргыз мигранттары жеңилдик алды


Теңизбек Абжапаров.
Теңизбек Абжапаров.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркиядагы расмий сапарында социалдык камсыздоо боюнча келишимге кол коюлду. Келишимдин негизинде бул өлкөдө иштеген эмгек мигранттары пенсиясын толук алууга мүмкүнчүлүк алаары айтылууда.

Келишимдин мазмуну тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров жооп берди.

“Азаттык”: Теңизбек мырза, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы социалдык камсыздоо боюнча жаңы келишимге кол коюлду. Анда бул өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктар үчүн жеңилдиктер карала тургандыгы айтылды. Келишим кыргыз жарандарына кандай жеңилдиктерди, кандай артыкчылыктарды бере турганын өзүңүздөн уксак?

Абжапаров: Буга чейин Түркияда жүргөн кыргыз жарандарынын иш убактылары пенсияга чыккан кезде стаж катары эсептелген эмес. Келишимге кол коюлгандан кийин Түркиянын жарандары пенсиялык жана социалдык кандай укуктарга ээ болсо, биздин жарандар да ошондой укуктарга ээ болушту.

Сооронбай Жээнбеков жана Режеп Тайып Эрдоган.
Сооронбай Жээнбеков жана Режеп Тайып Эрдоган.

Тактап айтканда, кыргыз мигранттары мындан кийин Түркиянын жарандарындай эле социалдык камсыздандыруу үчүн 34% төлөмдү которушат. Ал пенсиялык фондго, медициналык камсыздандырууга, иш менен камсыз кылуу фондуна жана социалдык камсыздоо фондуна бөлүнөт. Бул биздин жарандарга пенсияга чыгарда Түркиянын жарандары сыяктуу эле укуктардан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

Айталы, Кыргызстанда беш жыл иштеген адам Түркияга келип 20 жыл иштеди дейли. Мындай учурда Түркия мигранттын жыйырма жылдык пенсиясын өз мыйзамы менен чектеп, Кыргызстанга жөнөтөт. Ал эми Кыргызстанда беш жыл иштеген акысын биз өз мыйзамдарыбыз менен чектеп, төлөп берүүгө милдеттүүбүз.

“Азаттык”: Мындай келишим дагы кайсы мамлекеттер менен түзүлгөн? Ушундай шарттар Орусия жана Казакстанда иштеп жүргөн мигранттар үчүн да каралганбы?

Абжапаров: ЕАЭБдин негизги келишиминде "пенсия тууралуу башка келишим түзүлөт" деп жазылган. Ушу тапта ЕАЭБге кирген беш мамлекеттин мигранттарын пенсия менен камсыздоо келишиминин долбоору даяр. Аны түзүүдө беш мамлекеттин пенсияга чыгуу курагы, пенсия чектөө мыйзамдары ар кандай болгону үчүн кыйынчылыктар жаралды. Бирок ал деле чечилди деп айтсак болот.

Акыркы жолу ЕАЭБ мүчөлөрүнун жолугушуусу болгондо "ар бир мамлекет бир сыйра тегерек үстөл өткөрүп, долбоорду карайлы, андан кийин кол коюлсун" деген маселе көтөрүлгөн. Кыргызстан менен Казакстанда бул тегерек үстөлдөр өткөн. Арменияда да өткөндөн кийин бул келишимге кол коюлат.

“Азаттык”: Ошондо келишимге качан коюларын так айта аласызбы?

Түркиядагы кыргыз мигранттары.
Түркиядагы кыргыз мигранттары.

Абжапаров: Бул жерде чечилбей жаткан маселе бар. Айтсам, Орусиянын мыйзамы боюнча ар бир жаранга жеке пенсиялык коэффициент эсептелет. Аны эсептеп жатканда ошол коэффициент мигранттар үчүн бир болушу керекпи же эки болушу керекпи деген суроо туулат. Ошол себептүү, бул маселе бир айда же эки айда кол коюлуп, бир жаңсыл болот деп айтканым туура эмес болуп калат. Бул маселе ЕАЭБдин мүчөлөрү жолукканда чечиле турган болуп калды.

“Азаттык”: Демек мындай келишим алгачкы жолу Түркияда ишке кирип жатабы?

Абжапаров: Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери мигранттарды социалдык жактан камсыздаган келишим биринчи жолу Түркия менен түзүлүп, кол коюлду. Башка мамлекеттер менен мындай келишимге кол коюла элек.

Бүгүнкү күндө Түштүк Корея менен меморандум түзүлгөн. Ал жакта топтомо пенсиялык фонд деген бар. Мунун жалпы пенсиялык фонддон айырмасы - биздин жарандардын айлык акысынын 8% кармап калат. Меморандум мигрантка Кыргызстанга кайтаарда ошол акчасын алганга укук берет.

Ал эми Түркия менен кол коюлган пенсиялык камсыздоо келишиминин утуштуу жактары көп. Мисалы Түркияда иштеп жаткан адам иш учурунда мертинип калышы мүмкүн. Жараат алып, ооруп же кош бойлуу болуп калат. Ошол учурда түрк жарандарына кандай жеңилдиктер каралса, ал биздин жарандарга да берилмей болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG