Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Түркия: мыйзамдуу иштегендер кор болбойт


Анталиядагы эс алуу жайларынын бири.
Анталиядагы эс алуу жайларынын бири.

Түркиянын Анталия аймагына жыл сайын орто эсеп менен эки миллиондон ашык эс алуучу келет. Туристтерди тейлеген мейманканаларда миңдеген кыргызстандыктар эмгектенишет. Ушул тапта жайкы сезондо иштөөгө чет өлкөлүк эмгек мигранттарын кабыл алуу башталды.

Түркияга келип иштегиси келген жарандарга эмгек визасын ачууну жана эмгек келишимин түзүүнү Кыргызстандагы иш таап берген агенттиктер мойнуна алышат. Ошентсе да Анталиянын мейманканаларында мыйзамсыз иштеген мекендештер туристтик сезонду утурлай күн санап көбөйүүдө.

22 жаштагы Урмат Боронбеков Бишкекте Түркиянын мейманканаларына кызматчыларды жиберген фирмада иштейт. Өзү да чет өлкөлөрдө сезондук жумуштарда иштеген.

- Мен Анталиянын Белек районунда беш жылдыздуу мейманканаларда иштегем. Өзүм "Фейсбуктан" алардын кызматкерлери менен байланышып, алар мага келишим жибергенден кийин гана аттангам. Иштөө шарттары, айлыгым жакшы болчу. Бирок чет өлкөдө кыргызстандык мигранттар алданып, ишсиз, акчасыз калганын көрүп жаным кейичү. Кийин Абу-Дабиде мейманканаларда менеджер болуп иштедим. Келишимим бүткөндөн кийин Бишкекте эле калып, дал ошол мен көргөн мигранттарга жардамым болсун деп, алар менен иштешип жатам. Азыр менин милдетим - Түркиядагы иш берген мейманканалардын талаптарын жаңыдан жумуш издеп жүргөн кыргызстандыктарга түшүндүрүү.

Кыргызстандыктарды Анталиянын мейманканаларына кабыл алуу башталды.
Кыргызстандыктарды Анталиянын мейманканаларына кабыл алуу башталды.

Түркияга былтыр 32 миллиондон ашуун чет өлкөлүк турист келген. Алардын дээрлик баары Анталия аймагындагы мейманканаларда эс алышкан. Ал эми март айынан октябрь айына чейин созулган сезондук иштерге Кыргызстандан келип иштеген мигранттар жыл сайын көбөйүп баратат. Алар Анталиянын мейманканаларында негизинен официант, тазалоочу, аниматор жана туристтик гид болуп иштешет.

Түркиялык жумуш берүүчүлөр мигранттарды ишке алууда эмнеге көңүл бурушат? Бул суроону мигранттар боюнча серепчи Химет Өзтүрк мырзага бердик.

Анталияга орус тилдүү туристтер көп келгендиктен, иш бергендер орусча билген жумушчуларды ишке алганды көздөшөт.

- Түркияда расмий же жеке менчик мекемелер чет өлкөлүк жарандарды ишке алаардан мурун кызматтын актуалдуулугу каралат. Башкача айтканда, эгер ал ишке Түркиядан киши табылбаса, анан чет өлкөлүктөрдү издештирет. Мыйзамга ылайык ишке алчу мекеме жарыя бериши керек. Бирок Анталиядагы жүздөгөн мейманканалар дал ошол эмгек мигранттарынын талыкпас иштермандыгынан пайда көрүшөт. Анткени мигранттар жергиликтүүлөргө караганда аз айлыкка макул болуп иштешет. Албетте, Анталияга орус тилдүү туристтер көп келгендиктен, иш бергендер орусча билген жумушчуларды ишке алганды көздөшөт.

Ушул тапта түркиялык иш берүүчүлөр жана агенттиктер жайкы туристтик сезонго кыргызстандыктарды жумушка чакыра башташты. Кыргызстандагы агенттиктер Түркиядагы өнөктөшү менен келишим түзүп, ага ылайык жумушчуларды мыйзамдуу түрдө ишке орноштурушат. Ошону менен катар эле Анталиядагы мейманканалардын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, иш издегендер менен түздөн-түз келишим түзгөн учурлар да кездешет.

Анталиянын мейманканаларында иштегиси келген мекендештер күн санап көбөйүүдө.
Анталиянын мейманканаларында иштегиси келген мекендештер күн санап көбөйүүдө.

Жеке менчик агенттиктин өкүлү Урмат Боронбеков алар аркылуу кетип жаткан жумушчулардын шарттарын түшүндүрдү.

- Кээ бир фирмалардын Түркияда өнөктөш агенттиктери бар. Бирок биздин агенттик түздөн-түз мейманканалар менен иштешет. Ал мейманканалардан тиешелүү кишилер келип окутуп, тил үйрөтүп, анан тандалып алынгандар менен келишим түзүлөт. Жумушка чакырылгандар эмгек визасын жасагандан кийин гана Түркияга иштегени кетишет.

Кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык жеке менчик агенттиктер лицензия алууга милдеттүү. Жарандарда чет өлкөгө ишке орноштуруучу агенттиктер былтыркыдан эки эсе көбөйгөн. Кыргызстанда жалпысынан 62 агенттик мыйзамдуу каттоодон өткөн. Алардын сексен пайызынан көбү Түркиядагы ишканалар менен келишим түзүп, жумуш таап берет.

Анткени менен Анталиянын мейманканаларында эмгек визасы жок, мыйзамсыз иштеген мекендештер да миңдеп саналат. Эмгек визасы жок, медициналык камсыздамасыз иштер жүргөндөрдүн арасында укуктары тепселип, айлыгын ала албай калгандар да кездешет. Кыргызстандын Миграция кызматынын маалымат борборунун жетекчисинин орун басары Алмаз Алыбаев 2017-жылы Түркиядагы мигранттар арасында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгына токтолду.

​Түркиядагы эмгек мигранттарынын укуктары бузулган фактылар болсо өздөрү эле электрондук түрдө же жекече кат менен кайрылса, сөзсүз чара көрөбүз.

- Биздин кээ бир мигранттар Түркияга барып, визасыз жумушка кирип, укуктары тебеленген учурлар кездешип жатат. Иш бергендер да мыйзамсыз мигранттарды иштеткен фактылар катталган. Биздин мониторингдин жыйынтыгында Анталияда беш мейманкана "кара тизмеге" кирди. Ал борбордун сайтында http://oec.kg/index.php дарегинде жазылып турат. Ал эми Түркиядагы эмгек мигранттарынын укуктары бузулган фактылар болсо өздөрү эле электрондук түрдө же жекече кат менен кайрылса, сөзсүз чара көрөбүз.

Түркияда бир миллионго чукул чет өлкөлүк жаран жашап, расмий эмгектенишет. Анталия аймагында эле 57 миң чет өлкөлүк катталган. Анталиянын Миграция департаменти 2017-жылы беш миңден ашык кыргызстандыкты каттоодон өткөргөн. Бирок каттоодон өтпөй мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргызстандыктар да миңдеп саналары белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG