Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Түркия: мигранттар шайлоого толук катышпайт


Стамбул, Түркия.
Стамбул, Түркия.

Кыргызстанда 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого Түркияда иштеп, окуп, жашап жүргөн кыргызстандыктардын толук катышары күмөн. Буга консулдук каттоодо тургандардын аздыгы жана шайлоо участокторунун алыстыгы себеп болууда.

Элчиликтин маалыматы боюнча президенттик шайлоодо добуш берүү үчүн Стамбул жана Анкара шаарларында эки добушкана ачылат. Түркиянын миграция кызматынын маалыматы боюнча бул өлкөдө убактылуу жашоо укугуна ээ 19 миң кыргызстандык бар. Алардын үч миңден ашууну кыргызстандык студенттер. Консулдук каттоодо 1200дөн ашуун жаран турат.

Талант Курманалиев Анталиядагы Кыргыз коомун жетектейт. Ал Анталиядагы мекендештери шайлоо күнү атайын Стамбулга убакыт, каражат коротуп барып добуш береринен күмөн санайт. Анткени Анталиядан Стамбулга жетүү үчүн 12 саат жол жүрүү керек:

- Стамбулга барып келгениң эле 220 лира болот. Бул акчаны төлөп, биздикилер шайлайм деп бара албайт. Бирок биздин коомдун айрым мүчөлөрү "шайлоого барабыз" деп даярданып жатышат. Албетте биометрикалык жана консулдук каттоосу болгондор эле добуш бере алат эмеспи. Ал эми каттоодон өтпөгөн карапайым мигранттар Анталияда миңдеп саналат.

Кесиби боюнча дарыгер Максат Бообеков 14 жылдан бери Түркиянын Айдын аймагында жашап, иштеп келет. Анын деле добуш берүүгө каалоосу болгону менен шарты туура келбейт:

- Жарандык милдетибиз катары шайлоого катышкыбыз келет, бирок узак жол жүрүп Анкарага баруу оор деп ойлойм. Анткени ар кимдин ар түрдүү шарттары бар да. Эгер Измирде бир округ болсо анда көп эле киши катышмак. Жок дегенде Анталияда шайлоо участогун ачышса жеңил болмок жана катышкандар көп болмок. Азыр Түркияда мигранттардын өтө жыш жайгашкан аймагы Анталия болуп калды.

Ал эми каттоодон өтпөгөн карапайым мигранттар Анталияда миңдеп саналат.

Алардан айырмаланып, студенттер Анкарадагы шайлоо участогуна уюмдашып барчудай. Кастамону университетинин доценти Кудрет Артыкбаев буларды билдирди:

- Mен иштеген университеттен атайын автобус сурап жатабыз. Эгер мурункудай эле берип калышса студенттерди алып барып келсемби дегем. Анткени биздин элчиликтин андай мүмкүнчүлүгү жок. Негизи эле мындай иш-чараларда жетишпестик ушул каражаттын жоктугунан болуп жатат. Биз эми университеттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп барып катышып келели деп жатабыз.

Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусовдун айтымына караганда, элчилик да Түркиянын булуң-бурчунда жашаган кыргызстандыктардын Анкарада жана Стамбулда ачыла турган шайлоо участокторуна барып добуш берүүсүн уюштуруп жатат:

- Мында эки шайлоо участогу ачылат, Анкарада жана Стамбулда. Башка Анкарага жакын аймакта жашагандарга биз автобус уюштуруп жатабыз. Азыр 751 шайлоочу Стамбулда, 455 шайлоочу Анкарадагы консулдуктардан каттодон өткөн. Ошого жараша Кыргызстандан тизме келди.

Ибрагим Жунусов.
Ибрагим Жунусов.

Түркияда убактылуу иштеп, окуп жүргөн кыргызстандыктар негизинен Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия өңдүү ири шаарларда отурукташкан.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматына караганда, бул жолу чет өлкөлөрдө 37 шайлоо участогу ачылат, алардын экөө Түркиянын Анкара жана Стамбул шаарларында жайгашат.

Түркия: мигранттардын шайлоого даярдыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG