Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Түркия: аз айлыкка кайыл болгон мигранттар


Иллюстрация
Иллюстрация

Иш издеп Түркияга агылган кыргызстандыктардын катары калыңдап баратат. Түрк серепчилери чет өлкөлүктөрдүн аз айлыкка көп жумуш жасоого аргасыздан макул болуп жатканын да белгилешет.

31 жаштагы кыргызстандык Жылдыз эки жылдан бери Түркиянын Сакария аймагында рак илдетине чалдыккан аялды карап иштейт.

Дипломдуу юрист карызын төлөө үчүн Түркияга келүүгө аргасыз болгон. Учурда өзү баккан бейтапты ооруканада карап жатат.

- Күндө эртең менен жетиде турам. Мен баккан эне өзү тамак жей албайт, баспайт. Эмчектин рак илдетине чалдыккан, азыр оор абалда. Мен күнүнө жарасын тазалайм, памперсин алмаштырам, тамчылатма дарысын коём. Айтор медайым жасаган иштин баары менин мойнумда. Суюк тамакты түтүкчө менен ичирем. Түнкү 12де акыркы дарысын коюп, анан өзүм жатам. Күнү-түнү жанындамын.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Күйөөсү менен оту күйүшпөй, ажырашкан Жылдыз кичинекей баласын ата-энесине таштап келген.

Алыста жүрсө дагы үйү менен интернеттен сүйлөшүп, кабарлашып турат. Бирок акыркы күндөрү социалдык тармакта аны жөнсүз эле жамандагандар көбөйгөнүн айтып кейиди.

- Кыргызстандан Түркияга келип иштеген кыз-келиндер жөнүндө көбүнчө эл жаман ойлошот. "Булар барып жаман жолго түшүп, башкача жол менен акча табат" деп. Чынында жагдай андай эмес. Ишим оңой эмес. Мен мисалы бейтап карап жатам, жанынан чыкпайм. Бул жактан алган 500 долларыбыз сомго айлантканда 35 миң сом болот. Албетте, чоң акча, бирок биз аны ак мээнет менен кыйналып таап жатканыбызды көбү билбесе керек.

Жылдыз буга чейин өзү баккан оорукчан аялды анын үйүндө карачу. Соңку төрт айдан бери аны менен чогуу ооруканада жатат. Ушул убакыт ичинде Жылдыз бир күн дагы эс алууга чыккан эмес.

- Бул ооруканада менден башка дагы кыргыз эжелер бар. Алар дагы бейтап багат. Анан кичине бош убакыт тапсак, чогулуп сүйлөшүп калабыз. Кожоюндарым мени акыркы төрт айдын ичинде бир күн дагы бошотушкан жок. Өзүмө байпак алганга дагы уруксат жок. Өздөрү "эмне кем-карчың бар?" деп сурашат. Сураганымды алып келип беришет. Тапкан акчамды үнөмдөп Кыргызстандагы ата-энеме салып жатам.

Бир түрк аял кары кишини күндүз гана карап айлыгын алса, ошол эле айлыкка чет өлкөдөн келген кыз-келиндер күнү-түнү каралашат. Бул түрк иш берүүчүлөргө кыйла жеңилдик деп ойлойм.
Мурат Эршахин

Түркияда бир миллионго чукул чет өлкөлүк жаран жашап, эмгектенет.

Дээрлик бардыгы тейлөө тармагында, курулушта иштейт. Ал эми 80 миллиондон ашык калкы бар Түркиянын өзүндө эле үч миллиондон ашык адамдын жумушу жок.

Миграция боюнча серепчи Мурат Эршахинге кайрылып, түрк үй-бүлөлөр үй кызматына иштетүүгө эмне себептен четтен киши жалдашарын сурадым.

- Түркияда жыл өткөн сайын карылардын саны көбөйүп жатат. Аны менен бирге чоң шаарларда жумуштун айынан ата-энесине каралаша албаган жаштар дагы көбөйдү. Андыктан алар улгайып калган ата-энелерин бирөөгө каратканга мажбур. Балким бир түрк аял кары кишини күндүз гана карап айлыгын алса, ошол эле айлыкка чет өлкөдөн келген кыз-келиндер күнү-түнү жанынан чыкпайт. Бул түрк иш берүүчүлөргө кыйла жеңилдик деп ойлойм.

Түркиянын миграция департаментинде 19 миңден ашык кыргызстандык жаран катталган. Негизинен кыргызстандык эмгек мигранттар Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда эмгектенишет.

Жылдыз: төрт айдан бери сыртка чыкканга убакытым жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG