Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:57

Анкара: көчөдө калган Сергүлгө көмөк көрсөтүлөт


27-августта Түркиянын борбору Анкаранын көчөлөрүндө "кыргыз кыз эс-учун билбей жүрөт" деген кабар социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан. Бети-башы жарылып, көчөдө жүргөн кыргызстандык кыз түрк полициясы кармап кеткени маалымдалган.

Көп өтпөй бул кыздын аты-жөнү териштирилип, 30 жаштагы Сергүл экени аныкталган. Айрым күбөлөр анын кыймыл-аракеттери олдоксон болгондуктан күч кызматкерлерин чакырууга туура келгенин билдиришкен. Анкарадагы элчилик оор абалга кабылган Сергүлгө документтерин жаңыдан жасап берүүнү колго алган.

30 жаштагы Сергүл Түркияга алты ай мурда келген экен. Колунда эч кандай буюм-тайымы жок, жалгыз жүргөн бул кызды алгач көчөдөн эки кыргыз аял жолуктуруп, Кыргызстанга акча салган фирмага ээрчитип келишкен. Ошол жерден бир нече жердештер чогулуп жардам сунушташкан. Бирок ал баары жайында экендигин айтып, кетип калган.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Анкарадагы Хажеттепе университетинин магистранты Адилет Абишев Сергүлдүн уруксаты менен аны телефонуна видеого да тартып алган. Анда бул кыз жакында турмушка чыгарын айтып жатат.

- Мен турмушка чыгайын дегем. Түрккө турмушка чыгам. Ал азыр кайсы жакта экенин билбейм. Дүкөндө иштейт. Акыркы жолу кечээ эртең менен көргөм.

Сергүлдүн бети канаган сүрөттөрү социалдык тармакка тарагандан кийин Адилет менен байланыштык. Ал адеп жолукканда кыздын бети-башы соо болгонун айтууда:

- Паспортун жоготуп жибериптир. Артвин деген шаарга эс алганы келгенин айтты. Анан паспортун жаңылатам деп элчиликке кайрылыптыр. "Эч кандай маселем жок, Кыргызстанга кетпейм" дегендей кылган. Жанында документтери, телефону, эч нерсеси жок болчу.

Сергүлдүн жанында телефон, интернет байланышы жок болгондуктан аны менен жолугууга мүмкүн болгон жок.

Социалдык тармакта кызуу талкуу жараткан Сергүлдүн сүрөтү 28-августта Анкаранын көчөлөрүнүн биринде тартылган. Ал күнү Кыргызстандан ырчылар келип, мекендештер шаардын борборуна чогулушкан. 300гө жакын кыргызстандыктын арасында Сергүл да болгон. Бирок ал ызы-чуу салгандыктан концерттен чыгарылган экен.

Концерттин уюштуруучусу Жаныш болсо Сергүл жолдо келе жаткан автоунааларга боюн таштап жараат алгандыктан "Тез жардам" чакырып салып жибергенин айтууда:

- Сергүл бир кыздардын батиринде экен. Ага элчилик же демөөрчүлөр билет алып берип, Кыргызстанга кетиргени туура го.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине байланышка чыкканыбызда, консул Айжан Табалдиева Сергүл элчиликке эки ай мурда келгенин билдирди:

- Элчиликке июнь айында келип, паспорту жоголуп кеткенин айткан. Сүйлөгөнү, жүргөн-турганы жайында эле болчу. Мени менен жакшынакай сүйлөшкөн. Азыр анын оорусу тууралуу тактала турган жагдайлар бар. Эгер коштоп кетчү туугандары менен келишсек, кыздын Кыргызстанга барганы эле туура го.

Сергүлдүн Кыргызстандагы ата-энеси, туугандары менен элчилик байланышып, анын саламаттыгы тууралуу кабар берген. Сергүл азырынча Анкарадагы мамлекеттик ооруканалардын биринде дарыланууда. Элчилик азыр кызды мекенине кайтаруу жолун караштырып жатат.

Расмий маалымат боюнча, Түркияда окуп-иштеп жүргөн 14 миң кыргызстандык бар. Бейрасмий иштегендердин саны миңдеп саналат. Алардын 73 пайызын кыз-келиндер түзөт. Алар Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG