Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

Кыргызстан Европага товар экспорттой албай жатат


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кыргызстан Европа өлкөлөрүнө товар экспорттоо укугун алганы менен азырынча натыйжа чыга элек. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттө инвестициялык абал талкууланган жыйында сүйлөп жатып айтты.

Экономика министри Олег Панкратов инвестиция тартууну арбытыш үчүн биринчи кезекте лицензия берүү системасын жөнөкөйлөтүү зарыл экенин белгиледи. “Бул боюнча мыйзамдарды карап чыгып жатабыз. Лицензия берүүнү санарипке өткөрүш керек. Ишкерлерди текшерүүнү таптакыр азайтуу зарыл”, деди ал.

ВСП+ макамы 2016-жылы Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын 60ка жакын түрүн Европага жөнөтүүгө уруксат бериш үчүн ыйгарылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG