Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 02:03

Евробиримдик Кыргызстанга артыкчылык макамын берди


Европа Биримдиги Кыргызстанга Жалпы жеңилдиктер системасын колдонуучу (ВСП+) макамын берүү тууралуу чечим кабыл алды. Муну менен Кыргызстан үчүн экономикалык жаңы мүмкүнчүлүктөр ачыла турганы күтүлүүдө. Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдиргендей, бул макам өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге берилет. Анда аларга соодада кошумча колдоолор көрсөтүлөт.

Макамга ээ болгон мамлекеттер адам укуктары жана эмгек укугу, туруктуу өнүгүү, натыйжалуу мамлекеттик башкаруу боюнча эл аралык конвенциялардын негизинде иш жүргүзөт.

Жеңилдиктердин алкагында кыргызстандык экспортчулар үчүн товардын алты миңден ашуун түрүнө тарифтер толук алынат. Алар Евробиримдикке айыл чарба азыктарын, азык-түлүк, тамеки, текстиль, кийизден жасалган буюмдарды ташый алат. (SE\NT)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG