Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам боюнча уюм өкүлдөрү президентке кайрылышты


«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы митинг. 2017-жыл.
«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы митинг. 2017-жыл.

Кыргызстандын өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрү «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча кабатырлыгын билдирип, президентке, өкмөткө, парламентке жана жарандарга кайрылышты.

Анда коммерциялык эмес уюмдар коммерциялык мекемелер сыяктуу эле мамлекеттик органдарга үч түрдүү - Мамлекеттик салык кызматына, Соцфондго жана Улуттук статистика комитетине отчёт тапшырып турары белгиленет. Мыйзам долбоорунда өкмөттүк эмес уюмдарга каржы жана мүлк жөнүндө отчёттун төртүнчү түрү сунушталып жатканы айтылат.

«Мыйзам долбоору коммерциялык эмес уюмдар үчүн дискриминациялык мүнөздү камтыйт, анткени өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча эл аралык документтерде бекитилген «бирдей жөнгө салуу» принцибин бузат», деп айтылат кайрылууда.

Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү депутаттардын «мындай эреже Европанын көп өлкөлөрүндө бар экенин» билдирген сөзүн төгүндөп, отчёттун андай түрү салыктан жеңилдик алган айрым мекемелерге гана милдеттендирилгенин эске салышкан.

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыгып, коомдук талкууга январь айынын башында койгон.

Эгер мыйзам кабыл алынса, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети 2014-жылы да болгон, анда бул аракет ишке ашкан эмес.

Былтыр Европа Биримдиги Кыргызстандагы жарандык коомдун ролунун жакшы жагын баса белгилеп, өкмөттүк эмес уюмдардын каржылоосуна көзөмөлдү күчөтүү тууралуу чакырыктарга тынчсыздануусун билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG