Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Депутаттар бейөкмөт уюмдарды «чет элдик тыңчыга» теңегиси келет


Коомдук угууга катышуу үчүн барган укук коргоочулардын айрымдары парламентке кире албай Жогорку Кеңештин тышында акция өткөрүштү. 22-май, 2020-жыл.
Коомдук угууга катышуу үчүн барган укук коргоочулардын айрымдары парламентке кире албай Жогорку Кеңештин тышында акция өткөрүштү. 22-май, 2020-жыл.

Жогорку Кеңеште өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү.

Коомдук талкууга көптөгөн укук коргоочулар катыша алган жок. Жыйында негизинен депутаттар тобу иштеп чыккан мыйзамды колдогондор отурду. Айрымдар сырттан каржыланган уюмдарды «Чет элдик агент катары таануу жөнүндө» боюнча сунуштарды берди.

Коронавируска карабаган талкуу

Жогорку Кеңеште Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзам долбоору Кыргызстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал режимине карабастан талкууланды.

Бул укук коргоочулардын сынына кабылып, коомдук угууга катышуу үчүн барган укук коргоочулардын айрымдары парламентке кире албай Жогорку Кеңештин тышында акция өткөрүштү.

Мыйзамдын автору, депутат Бактыбек Райымкуловдун маалыматына караганда, COVID-19 вирусунан улам коомдук угууга 60 киши чакырылган. Бирок жыйынга канча адам келгени так айтылган жок.

Талкууда сөз алган Юстиция министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин жетекчисинин орун басары Айнура Осмоналиева сунушталып жаткан мыйзамга каршы чыкты. Ал документ бюджетке кошумча чыгым алып келерин айтып, байкоочу кеңештин позициясын жарыялады.

Айнура Осмонова.
Айнура Осмонова.

«Мыйзамдын авторлору долбоордун маалымкат негиздемесине өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин онлайн чагылдырып туруучу маалыматтык система иштелип чыгышы керектигин жазышкан. Ошол эле кезде «бул мыйзамды кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымды талап кылбайт» деп айтылат.

Авторлор маалыматтык система иштеп чыгыш керек деп коюп кайра эмненин негизинде кошумча акча кетпейт деген чечимге келишти? Юстиция министрлигинин расмий сайтында мындай мүмкүнчүлүк жок. Ал үчүн кошумча жумушчуларды тартып жана техника сатып алыш керек. COVID-19 пандемиясынын жана экономикалык оор шартта мыйзамды мындан ары кароо мүмкүн эмес.

Мыйзам кабыл алынса, ал ар бир адамдын жеке маалыматтык коопсуздугуна таасирин тийгизет. Себеби, атайын маалыматтык база түзүлүп ага адамдардын жеке маалыматы жайгаштырылат. Долбоор Кыргызстандын эл аралык коомчулуктун алдында алган милдеттерине каршы келет. Бул боюнча жарандык коом юридикалык корутундуларды берди.

Мыйзамды кабыл алуу Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдында беделин түшүрүп, эл аралык уюмдар өлкөгө көрсөткөн каржылык колдоого да таасирин тийгизет. Бул долбоор сөз эркиндиги, адамдардын оюн эркин билдирүү менен тынч жыйындарга чогулуу укуктарына каршы келет. Юстиция министрлигинин коомдук байкоочу кеңеши мыйзам өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөөгө багытталган жана анын шылтоосу менен өкмөттүк эмес уюмдарга басым кылуу аракети болушу мүмкүн деп эсептейт».

Парламенттик угууда коомчулукка аты анча белгисиз «Жети дубан», «Мээр жазы», «Элет көйгөйү», «Акыл-эс, рух-ыйман», «Тилекмат Аке» деген коомдук уюмдун жетекчилери, өкүлдөрү сүйлөштү. Көбү сунушталып жаткан мыйзамды колдорун, долбоорго өкмөттүк эмес уюмдардын жоопкерчилигин күчөткөн дагы кошумча чараларды киргизиш керектигин айтышты.

«Вместе против рака» коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Абдразакова Жогорку Кеңештеги талкуу жана ага катышкандарга мындайча баа берди.

Гүлмира Абдразакова.
Гүлмира Абдразакова.

«Биз ушул жерде (ред: Жогорку Кеңеш) чоң концертти көрүп жатабыз. Бул жакшы иштелип чыккан сценарий. Анын дирижеру жана башкы ролдорду аткарып жаткан «актёрлор» бар. Себеби, чакырылгандардын арасында ким-кимден кийин сүйлөй турганы алдын-ала эле чечилип, тизме түзүлүптүр. Экинчиден, баары тең эле элдин атынан сүйлөп жатат. Мен да элдин атынан, мамлекет башын да оорутуп койбогон бейтаптардын атынан сүйлөй алам. Анткени оорулуу адамдардын мамлекетке кереги жок, алар бюджетке кошумча чыгым алып келет карабайт. Бул мыйзам эл аралык донорлордун Кыргызстанга каржылык колдоосун токтот. Экинчиден, мамлекет жасабаган иштерди кылып жаткан өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоолдук жаралат. Биздин уюмдар жумушчу орундарды түзөт, каражат боюнча отчёт да берип турат».

БУУнун билдирүүсү

22-майда өткөн парламенттик талкууга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело да катышып, өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбооруна тынчсыздануусун билдирди.

Озонниа Ожиело.
Озонниа Ожиело.

«ӨЭУ көбүнчө өкмөт менен муктаж адамдардын ортосундагы көпүрө болот. Активдүү коомдук лидерлердин жардамы менен алар калктын аялуу катмарына, анын ичинде майыптыгы барларга, ВИЧ менен ооругандарга, гендердик запкынын курмандыктарына, радикалдашуу жолунда турган жаштарды оң жолго салуу багытында өкмөткө көмөктөшөт. Калктын мындай катмарынын реинтеграция болушуна, гүлдөгөн коом түзүүгө жардам берет», - деген Озонниа Ожиело мыйзам долбооруна жарандык коом, коомчулук, айрым депутаттар, эл аралык коомчулук олуттуу тынчсызданып жатканын айтты.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координаторунун өкүлчүлүгү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго вербалдык нота жиберип, өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору боюнча позициясын билдирген. Нотада бул демилге жарандык коомдун өкүлдөрүн, парламент мүчөлөрүн жана эл аралык коомчулукту тынчсыздандырып жатканы белгиленген.

Сыртта калган укук коргоочулар

Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүчү долбоор быйыл жыл башында иштелип чыгып, март айында биринчи окууда жактырылган.

Демилгеге ылайык, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Эгер бул талап аткарылбаса, жоопкерчиликке тартылат.

Мыйзамдын демилгечилери Бактыбек Райымкулов, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Умбеталы Кыдыралиев, Евгения Строкова, Марлен Маматалиев, Бактыбек Турусбеков жана мурдагы депутат Аида Исмаилова да бар. Исмаилова кийин вице-премьер-министр кызматына кетти.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, эми коммерциялык эмес мекемелер Юстиция министрлигине да каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилет. Ал министрликтин сайтына ачык жарыяланат.

Өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле үч түрдүү - Мамлекеттик салык кызматына, Соцфондго жана Улуттук статистика комитетине отчёт берип турушарын жүйө кылып жатышат.

Парламентте коомдук талкуу болуп жатканда ага кире албай калган укук коргоочулар Жогорку Кеңеш жана президенттик аппарат жайгашкан имараттын алдында акция өткөрүштү. Ага катышкан «Аялдарга жардам берүү борбору» уюмунун жетекчиси Бакен Досалиева мыйзам долбоорунда тандалма мамиле кылынып жатканына көңүл бурду.

«Бул мыйзам өзү мыйзам бузуу менен чыгарылып жатат. Коммерциялык эмес уюм болгондон кийин алардын катарына партиялар да, дин уюмдары да кирет. Дин уюмдары деле араб гранттарынан акча алышат. Партиялар да грант алышат. Эмнеге алар отчёт бербеши керек? Алар да берсин! Бул долбоор өкмөттүк эмес уюмдарга карата репрессия деп эсептейбиз».

«Чет элдик агент» мыйзамынын эпкини

Коомдук талкууга Жогорку Кеңештин V чакырылышында сырттан каржыланган уюмдарды «Чет элдик агент катары таануу жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыккан мурдагы депутаттардын бири Надира Нарматова да катышты. Ал азыркы сунушталган долбоор жумшак экенин, V чакырылышта кабыл алынбай калган мыйзамдагы беренелерди жаңы долбоорго кошуу керектигин билдирди.

«Бул мыйзам өтө эле кеч калды. Ал 10 жыл мурун эле кабыл алынышы керек болчу. Бактыбек Райымкулов сунуштаган долбоор өтө эле жумшак. Мен V чакырылышта өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзамды көтөрүп чыккан депутат катары бүгүнкү долбоорго канаттанбайм» - деди экс-депутат.

Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу аракети 2014-жылы да болгон, бирок ишке ашкан эмес.

Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова сырттан каржыланган уюмдарды «Чет элдик агент катары таануу жөнүндө» мыйзам долбоорун даярдап, бирок аны кабыл алууга ошол кездеги депутаттар жетишпей калган. Бул мыйзам долбоорун азыркы депутаттар 2016-2017-жылдары эки окууда кабыл алып, бирок кийин ал депутаттардын көңүл сыртында калып кеткен.

Жаңы долбоордун автору, депутат Бактыбек Райымкулов бул сунуш эске алынарын айтты.

Бактыбек Райымкулов.
Бактыбек Райымкулов.

«Мыйзам кабыл алынса, элдин баарына ачык маалымат берилет. Силердин кылып жаткан ишиңер жарандарга түз жетсе элдин да ишеними болот. Сөз эркиндигине кысым болот деген сөздөр буга чейин да айтылып келген. Бул мыйзам кабыл алынса эч кандай чектөө болбойт. Мыйзамда кайсы бир мамлекеттик орган көзөмөлгө алсын деген деле сөз жок. «Бул жеңилдетилген мыйзам экен» деп «чет элдик агент» деген макам берүү боюнча да айттыңыздар. Сиздер айткан сын пикирдин баарын эске алабыз. Алардын баары жазылды», - деди Райымкулов.

Өкмөттүк эмес уюмдар боюнча мыйзамдын авторлорунун бири катары көрсөтүлгөн депутат Марлен Маматалиев мыйзамдын демилгечилеринин катарынан чыгуу тууралуу спикерге кат жазганын "Азаттык" радиосуна билдирди.

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

«Мага убагында келип «Гейлердин жүрүшү болуп жатат. Буларга жол бербешибиз керек. Ушуга мыйзам чыгарып жатабыз» деп айтышкан. Ушундан улам мен мыйзамдын демилгечилеринин бири болууга макулдук берип, окубай туруп эле кол коюп бергем. Мыйзам биринчи окууга келгенде мыйзамды окуп, үч беренени көрдүм. Эки беренеде андай деле олуттуу өзгөртүү жок экен. Ал эми 19-беренеде өкмөттүк эмес уюмдардын каржылык иштери боюнча өзгөртүү бар экен. Ушул берене боюнча өкмөттүк уюмдар менен мыйзамдын авторлору бир пикирге келсе жакшы болот. Эгерде өзгөртүү киргизилбесе, мен демилгечилердин арасынан чыкканга мажбур болом. Өкмөттүк эмес уюмдардын ичинде жакшылары бар. Алар аялдардын, балдардын укугун коргошот. Ал эле эмес Жогорку Кеңештин өзүндө NDI деген уюм иштейт. Алар чыгымды өздөрү төлөп, аймактарга депутаттарды алып чыгып, эл менен жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Алар депутаттар жазган мыйзамдарга анализ кылып берүүнү да сунушташат. Бул мен үчүн жакшы мүмкүнчүлүк».

Укук коргоочулар эл аралык уюмдар менен донорлордун орду Кыргызстанда пандемияда даана билингенин, кыргыз бийлиги коронавирус менен күрөшүүдө алардан каржылык колдоо алып, азыр да сурап жатканын айтышты. Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы бир нече билдирүүсүндө бийлик жарандык коомду, сөз эркиндигин колдой турганын кайталап келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG