Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Орус мыйзамына окшош долбоор сынга кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Парламент депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору медиа коомчулук менен Интернет-провайдерлердин сынына кабылды.

«Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктады.

Медиа жаатындагы эксперттер жана юристтер долбоор сөз эркиндигин кысып, элдин маалымат алуу укугун чектей турганын эскертип, депутаттарды мыйзамды артка чакыртып алууга үндөп жатышат.

Жаңы мыйзамдын жаңжалы

Интернетке көзөмөлдү күчөткөн «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 14-майдан тартып Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Эки депутат иштеп чыккан Интернет жөнүндө жаңы мыйзам тогуз беренеден турат. Долбоорго ылайык, анда Интернет колдонуучулардан баштап, сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Документте мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленет. Башкача айтканда, соттун чечими жок эле сайттын ишин токтотуп койсо болот.

Долбоордун маалымкат негиздемесинде мыйзам Интернетте жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоого багытталганы айтылат. Мыйзамдын авторлору, депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова документ тууралуу комментарий бере элек. Экөө менен байланышууга болгон аракетибизден жыйынтык чыккан жок. «Азаттык» мыйзамдын авторлорунун да жүйөсүнө орун бергенге даяр.

Интернетти көзөмөлдөө боюнча кезектеги мыйзам юристтердин, медиа коомчулуктун жана интернет-провайдерлердин сынына кабылды. «Медиа Полиси Институту» эң алды бул документ Кыргызстандын Конституциясына каршы келерин билдирди. Уюмдун юристти Нурбек Сыдыков аны мындайча негиздеди.

«Мыйзам долбоорунда «Маалыматка жетүүнү чектөө же тыюу салуу тартиби Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан белгиленет» деп жазылып турат. Башкача айтканда, кайсы бир адамдын укугун чектөөнү өкмөткө берип жатат. Ал эми Кыргызстандын Конституциясында «Адамдын укуктарын чектөө мыйзамдар менен гана болот» деп так жазылган. Ошондуктан бул өкмөттүн укук-ченемдик актылары менен аткарылышы мүмкүн эмес. Юридикалык жактан алганда биздин укукту чектөөнү өкмөткө берип коюп жатышат. Бул Конституцияга каршы келет».

«Медиа Полиси Институту» ар бир кыргызстандык ой-пикирин эркин билдирүүгө укуктуу экенин, анын пикири кимдир-бирөөгө жакпаган күндө да өз ойлору болушу ыктымал экенин эскертип, «ар бир адам өлкөдөгү окуялар тууралуу ой-пикирин айтуу укугуна ээ» деп кошумчалады.

Мыйзамдын авторлору Айнура Осмонова жана Гүлшат Асылбаева.
Мыйзамдын авторлору Айнура Осмонова жана Гүлшат Асылбаева.

«Орусиядан көчүрүлгөн мыйзам»

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун маалымкат негиздемесинде ушуга үндөш эле мыйзамдар Европа өлкөлөрүндө да бар экени жазылган. Ага Германияда 2018-жылы күчүнө кирген «Социалдык түйүндөрдөгү укук колдонууну жакшыртуу жөнүндө» мыйзам, ошол эле жылы Францияда иштеп баштаган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам мисал келтирилген.

Бирок аталган өлкөлөрдө фейк маалыматтарга каршы күрөшүү үчүн кабыл алынган мыйзамдар Кыргызстанда сунушталган долбоордон асман-менен жердей айырмасы бар. Мисалы, Германиянын мыйзамына ылайык, жаңы эрежелер 2 миллиондон ашык колдонуучусу бар социалдык тармактарга гана колдонулат. Андан тышкары өлкөдө эң популярдуу «Facebook», «YouTube», «Instagram», «Twitter» сыяктуу жети социалдык түйүндү гана камтыйт. Негизги жоопкерчилик соцтармактардын өзүнө жүктөлгөн.

Ал тапта «Factcheck.kg» порталы Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан мыйзамдын басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлүп алынганын аныктады. Аталган порталдын редактору Болот Темиров кыргыз депутаттары Европадагы мыйзамдарды мисал кылып элди адаштырып жатканын айтты.

Болот Темиров.
Болот Темиров.

«Орусиянын «Административдик укук» деген мыйзамынан эле көчүрүп алышканы билинип турат. Ар бир сөз, үтүрүнө чейин көчүрүшкөн. Болгону «Орусия Федерациясы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасы» деп өзгөртүлүптүр. Менин пикиримде мыйзамды эптеп-септеп эле жазып өткөрүш үчүн даярдашкан окшойт. Бул мыйзам сөз эркиндигин кысып, ой-пикириңди эркин айтууну чектейт».

Интернетти чектей турган кезектеги мыйзам

Кыргызстанда Интернетке көзөмөлдүү күчөтүү сунушу биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жери жок. 2018-жылы депутат Асылбек Жээнбеков Кыргызстанда маалымат мейкиндигине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү сунуш кылган. Жээнбеков бул үчүн атайын орган түзүп, Интернетте жана социалдык тармактарда жарыяланган маалымат үчүн мыйзамдуу жоопкерчилик киргизүү зарыл экенин айткан.

2017-жылы депутаттар тобу баракчасына бир күндө миңден ашык адам кирген Интернет колдонуучулардын баарын «блогер» деп атап, алардын тек-жайы тууралуу маалыматтарды ачык жазууга милдеттендирген мыйзамды иштеп чыккан. Авторлор коомчулуктун сынынан улам мыйзамды кайра чакыртып алууга мажбур болушкан.

Журналист жана жазуучу Олжобай Шакир «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору туурауу ой бөлүштү.

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

«Жакында эле өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык активисттердин ишин көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбоору сунушталган. Мына ушуга окшогон мыйзамдарды сергек акылы бар киши Орусиянын эле мыйзамдарынын көчүрмөсү экенин дароо туят. Көчүрүлүп келген мыйзамдар кабыл алына турган болсо, Кыргызстан кайра авторитардык бийликке кайтты деген сөз».

Шайлоо алдындагы шашылыш мыйзамбы?

Жогорку Кеңеште маал-маалы менен өлкөдө социалдык түйүндөрдү көзөмөлдөө тууралуу мына ушундай сунуштар көтөрүлө калып жүрөт. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова акыркы сөз болуп жаткан мыйзам долбоору алдыда болчу парламенттик шайлоого карата даярдалган деп эсептейт.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Мындай сунуштар шайлоо алдында берилет. Анткени шайлоо процесси башталарына деле аз калды. 4-июлда Жогорку Кеңешти шайлоонун мөөнөтү боюнча президенттин жарлыгы чыгыш керек. Азыр жаңы технологияларга байланыштуу шайлоодо Интернет эң көп колдонулат. Ушундан улам жаңы мыйзам иштелип чыкты».

Медиа-эксперт Гүлнура Төралиева Кыргызстанда жалган маалымат менен күрөшүү үчүн мыйзамдык ченемдер жетиштүү экенин айтып, буларга токтолду.

Гүлнура Төралиева.
Гүлнура Төралиева.

«Бул мыйзам долбоору сөз эркиндигине карата чабуул. Долбоордун эң кооптуу жери аны кимге кандай ыңгайлуу болсо ошого карата колдонсо болот экен. Ал Конституцияга каршы келет. Анткени атайын бир орган түзүлүп, социалдык тармактын колдонуучулардын Интернетке жазгандарын көзөмөлдөгөнү жатат. Кыргызстанда ансыз деле сөз эркиндиги начарлап кеткени байкалууда. Күч органдары акыркы күндөрү блогерлерди кармап аларды кечирим сураткан, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарына миллиондогон сом айып салынган окуялар бар».

Интернет-провайдерлерге кошумча жүк

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруда интернет-провайдерлерге да жоопкерчилик жүктөлгөн. Алар Кыргызстандын аймагында Интернет колдонуучуларынын үнү менен жазылган маалыматтарын, тексттерин, сүрөттөрүн же башка электрондук маалыматтарын алты ай сакташы керек.

Сот жана күч органдары органдары ыкчам-иликтөө иштери үчүн сураган учурда ал маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Ошондой эле интернет-провайдерлер Кыргызстанда жайылтууга тыюу салынган маалыматты чыгарбаш керек.

Кыргызстандагы байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күрөңкеев бул техникалык да, каржылык жактан да мүмкүн эмес экенин айтты.

Айбек Күрөңкеев.
Айбек Күрөңкеев.

«Биринчиден, азыр Интернетке көбүнчө корголгон каналдар аркылуу кошуласың. Мисалы, браузерге кирип бир баракчаны ачсаң «http» деп жазылып турат. Бул эмнени түшүндүрөт? Киши Интернетке корголгон каналдар аркылуу кошулганда оператор Интернетке ким кирип жатканын көрбөйт. Оператор болгону IP даректи гана көрөт. Оператор Интернет колдонуучуларды уруксат берилген жана уруксат берилген эмес деп бөлгөнгө укугу да жок. Экинчиден, Орусияда «Телеграмды» IP даректери боюнча блоктоп салууну көздөшкөн. Бирок ал ишке ашкан эмес. Себеби, дүйнөдө CDN деген гана тутум бар. Бир социалдык тармак үчүн бир IP даректи блоктоп салса аны менен кошо банк тутутуму, аба тармагындагы маалымат алмашуу да токтойт. Орусияда «Телеграмдын» миллиондогон IP даректерин чектешкенде «Скайп», банктык төлөмдөр иштебей калган. Бул өлкөнүн экономикасына миллиондогон чыгым алып келет. Үчүнчүдөн, Орусияда IP даректерди чектеш үчүн жабдык алууга 60 млрд. рубль кетет деп эсептешкен. Бизде деле 60 млрд. сом болот. Мамлекет кааласа сатып алсын. Бирок операторлор ала албайт. Күч органдары колдоно турчу жабдыкты бизнес сатып бербейт. Укук коргоо органдары байланыш тармагынан маалымат алууга ансыз да мыйзамдуу укугу бар. «Изин суутпай издөө иши жөнүндө», «Электр жана почта байланышы жөнүндө» мыйзам боюнча лицензиясы бар ар бир оператор УКМКга маалымат берет.

Кыргызстанда жыл сайын тыюу салынган маалыматтарды тараткан сайт, баракчалар жабылып турат. Башкы прокуратуранын быйыл февраль айында берген маалыматына караганда, 2019-жылы экстремисттик, террористтик жана баңгизаттарды жарнама кылганы үчүн соттун чечими менен 97 сайт, 300 баракча жана баңгизаттарды жарнамалаган 21 портал жабылган.

Коронавирус пандемиясы учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «фейк маалымат тараткан» деген шек менен бир топ кишини кармап, кечирим суратты.

«Жаңы мыйзам боюнча бизден маалыматты жарым жыл сактоону талап кылып жатышат. Ансыз деле дүйнөдө маалыматтын көлөмү бир-эки жылдын ичинде эки эсе көбөйүп жатат. Бир да байланыш оператору мынчалык маалыматты сактай албайт. Ал өзүнүн ишкердиги менен алектенбей, ага кереги жок эле маалыматтарды сактап, мамлекеттин милдетин аткарбай да калат. Бул үчүн ага эч ким акча төлөбөйт. Маалыматты сактап туруш үчүн миллиондогон акча керек».

«Freedom House» эл аралык укук коргоо уюмунун Интернеттеги эркиндик деңгээлин аныктаган соңку 2019-жылдагы баяндамасында Кыргызстан 65 мамлекеттин арасынан 38-орунду ээлеп, «Интернети жарым-жартылай эркин» өлкөлөрдүн катарына кирген.

Укук коргоочулар жана журналисттер Интернетке көзөмөлдү күчөткөн аракеттери менен бийлик өлкөдөгү сөз эркиндигин чектөөгө аракет кылып жатканын кайталап келет. Ошол эле кезде айрымдар социалдык тармактарда аймактык, диндик бөлүнүүнү шарттаган жоопкерсиз билдирүүлөр көбөйгөнүн айтышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (43)

XS
SM
MD
LG