Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

Сотко жеткирген социалдык тармактар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү маалымат коопсуздугунун концепциясын иштеп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын маалымат коопсуздугун талкуулаган жыйынында айтылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматында Кыргызстанда ушул жылдын январь айынан бери террористтик жана экстремисттик материалдарды тараткан 24 интернет-сайт, “Фейсбукта” беш, “Твиттерде” 27 жана “Ютубда” 19 медиа канал жабылган. Булар боюнча баш-аягы соттун сегиз чечими чыккан.

Бирок алардын саны ушуну менен эле чектелип калбайт. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, министрлик тогуз айдын ичинде эле терроризм менен экстремизмди жайылткан мындан башка да бир катар баракчаларды аныктаган.

Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

- 81 экстремисттик, террористтик сайттар аныкталып, анын 57си жабылган, - деди министрдин орун басары. - Андан тышкары 21 аккаунт жабылды. Анын ичинен он бири “Одноклассники” социалдык түйүнүнөн, ону “Фейсбуктан”. Журналист болобу, жөнөкөй адам болобу, эгер анын баракчасынан диний кастыкты козутуп, экстремисттик, террористтик материалдарды жайылткан чакырыктар болсо, аларга ИИМ же УКМК кылмыш ишин козгойт.

Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү Кыргызстанда буга окшогон сайттар менен жеке баракчалардын баарын эле жабууга чамасы жетпей турганын моюнга алышты. Алар муну техникалык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экендиги, анын үстүнө сайттардын айрымдары чет жактан иштетилип жатканы менен байланыштырышты.

Депутат Улан Примов өлкөдө жалпы эле маалыматтык саясатты колго алыш керек деп эсептейт. Ал социалдык тармактар аркылуу желдей тарап жаткан такталбаган жана коомго коркунуч жаратуучу маалыматтарды көзөмөлдөөгө чакырды:

Улан Примов.
Улан Примов.

- “Фейк” баракчаларды ачып алып адамдарды мазактаган, жарандын беделине шек келтирген маалыматтарды чыгарып жатышат. Силер ушул багытта иш алып барышыңар керек. Мен ушундай эле маселени палатада да көтөргөм. Бирок социалдык тармактарда мени “сөз эркиндигине каршы чыгып жатат” деп айтып чыгышты. Мен сөз эркиндигине каршы эмесмин, сөз эркиндигин колдойм. Бирок ачык-айкын сөз эркиндиги болушу керек.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов да социалдык тармактардагы бурмаланган маалыматтарга нааразы болду. Ал бул маалыматтар менен өспүрүмдөр да сугарылып жатканын айтып, аларга социалдык түйүндөрдү колдонууга чектөө коюуну сунуш кылды.

Өмүркулов жакында эле парламенттин тармактык комитетинде эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду сынга ала коём деп, Интернетте тепкиге кабылганын эстеди. Ал министрдин ишиндеги кемчиликтерди айтканы үчүн жаманатты болуп жатканын белгилеп, буларга токтолду:

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

- Интернет аркылуу мамлекеттеги туруктуулукту бузуш үчүн көп иштер жүрүп атат. Буга чоң саясатчылардын да катышы бар. Сүйлөгөнү башка, кылгандары башка. Ушуну коопсуздук комитети элге алып чыгып, "ушундай иш менен алектенип жатышат" деп ачыкка чыгаргыла да. Эмне үчүн жашырасыңар? Улут аралык касытыкты козутуп, от жагууга көп акылдын же убакыттын деле кереги жок.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков маалыматтык коопсуздукту ар тараптан камсыз кылыш үчүн өкмөт көрүп жаткан айрым чараларды белгиледи:

- Мамлекеттик купуя сырлар жөнүндө мыйзам бар. Биздеги өтө жашыруун документтин баары ошол мыйзам менен тескелген. Азыр биз электрондук форматка өтүп жаткандыктан, "Эми маалыматтык коопсуздукту кандай кылабыз?" деген маселе жаралды. Ошондуктан атайын концепция иштелип жатат.

Андан тышкары УКМКда компьютердик кылмыштар менен күрөшө турган бөлүм ачылып, иштеп жатканы белгилүү болду. Аталган бөлүмдө канча кызматкер иштээри ачык айтылган жок.

Медиа-эксперт Алмас Турдумаматов социалдык тармактарды көзөмөлгө алуу менен маселе чечилбей тургандыгын айтты:

Алмас Турдумаматов.
Алмас Турдумаматов.

- Бул жерде социалдык тармактарга көзөмөл киргизүү шылтоосу гана болуп жатат. Социалдык түйүндөрдү жаап, чектөө койгон менен жарандардын маалымат алуу сабаты өнүгүп кетпейт. Андыктан бул маселени чечпейт. Анын бир гана жолу бар: адамдардын медиа сабаттуулугун арттырып, кайсынысы чын маалымат, кайсынысы жалган маалымат экенин аныктоонун жолун үйрөтүш керек. Анын үстүнө убакыт өткөн сайын маалыматтын агымы, аны таратуунун жолдору күчөйт.

"Freedom House" эл аралык укук коргоо уюмунун Интернеттеги эркиндик деңгээли боюнча акыркы баяндамасында Кыргызстан 65 мамлекеттин арасынан 38-орунду ээлеп, «Интернети жарым-жартылай эркин» мамлекеттердин катарына кирген.

Жогорку Кеңеште маал-маалы менен өлкөдө социалдык түйүндөрдү көзөмөлдөө тууралуу сунуштар айтылып келет.

"Евразиялыктар - жаңы толкун" фондунун апрель айындагы иликтөөсүнө караганда, Кыргызстанда социалдык тармактагы жигердүү колдонуучулардын саны 457 миңден ашкан. Анын 45,7% же жарымы “Фейсбук” социалдык тармагында жигердүүлүгүн көрсөткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG