Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Тумоодо тумчуккан сөз эркиндиги


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Аудитория кеңейгени менен маалымат табуу татаалдашты». Эксперттер тумоо шартындагы журналисттердин ишин талкуулашты.

3-майда дүйнө басма сөз күнүн белгиледи. Мындайда журналистиканын негизги принциптери, сөз эркиндигин сактоо зарылдыгы тууралуу айтылат. Бул багытта Кыргызстандагы абалды сурап, эксперттерди сөзгө тарттык.

«Скайп» аркылуу байланышта «Интерньюс-Кыргызстан» борборунун жетекчиси Элина Каракулова, «Говори ТВ» онлайн басылмасынын башкы редактору Катя Урумканова, «Кактус-Медианын» башкы редактору Наталья Тимирбаева болушту.

Адилет Бектурсунов: ​- Жакында Кыргызстанда «Интерньюс-Кыргызстан» борбору уюштурган ири медиа форум өттү. Анда карантин шартындагы журналисттердин иши тууралуу кеп болду. Кепти карантин башталгандан бери маалымат каражаттары кандай иштегенине байкоо салган «Интерньюс-Кыргызстан» борборунун директору Элина Каракулова баштасын.

Элина Каракулова: - Алгач кесиптештерди майрамы менен куттуктап коёюн. Иш-чара жакшы өттү. Жаңы платформада онлайн режиминде талкуу уюштурдук.

Беш күнгө созулган иш-чарага 200дөн ашуун адам катышты. Форумга даярдык бүтүп, иш-чара өтөрдө карантин башталып калгандыктан журналисттерге кысталыш кезде иштөөгө туура келди.

Алардын маалымат алышына эч кандай шарт түзүлгөн жок. Шаардын коменданты журналисттерди каттоодон өткөрүүгө макул болбогондуктан иштөө кыйын болду. Биринчи панелдик жыйында биз ушул маселени талкууладык, ага ар кыл онлайн, жеке менчик, коомдук ТВ-6 медианын башчылары катышты.

Маалымат алгысы келген аудитория кеңейип жаткан кезде жалган маалымат (фейк) көбөйүп, иш кыйындады. Медиа жетекчилер карантинди ээрчий келген каржы кризиси тууралуу да кеп кылышты. Жарнама берчүлөр азайып, апрелде көпчүлүк маалымат каражаттарынын бюджети азайганы байкалды. Айрым редакциялар мындайда кызматкерлерин бошотууга, башкалары маянасын төлөбөй журналисттерди өргүүгө жиберүүгө мажбур болушат. Дагы бирөөлөр жагдай улана берсе, бир-эки айдан кийин жабыла турганын айтышты.

Жугуштуу оору качан токтоору белгисиз. Маалымат каражаттары быйылкы парламенттик шайлоо жакындап келатканда оор абалга кабылып турган чагында калпты чындай койгулагандар, жалган маалыматтар жайнап кетерин байкадык. Аларга бир гана маалымат каражаттары каршы тура алат. Жарнамадан түшчү акча азайгандан азайып жатышы маалымат каражаттарын оор абалга кириптер кылат. Ушундай оор шартта кантип жоюлуп кетпей жашап калуунун жолдору жөнүндө кеп кылдык.

Капчыкты каккан кризис

Адилет Бектурсунов: - Бул жерде көз каранды эмес медиа өкүлдөрү отурушат. Наталья, экономикалык кризис өкүм сүрүп, ишкерлик жок болуу коркунучунда турганда, жарнама азайганда жагдайдан чыгуунун кандай жолу бар?

Наталья Тимирбаева: - Бизнестин башка түрлөрү, айталы, ресторан бизнесинин өкүлдөрү кантип туруштук берүүнүн жолун издеп жатышканын айтышат. Биздин азырынча жумушубуз бар. Аябай эле аз киши иштейбиз, кыскарта турган орун жок. Бюджетибизди, кетчү чыгымдарыбызды дагы карап чыгат болушубуз керек. Жарнама берүүчүнү тартыш үчүн эми мурдагыдан да көп ишти ар бирибиз аткарышыбыз зарыл.

Адилет Бектурсунов: - Бизде медианын ишкерликтеги орду анчалык деле чоң эмес. Жарнамадан түшчү киреше канчалык орунду ээлейт?

Наталья Тимирбаева: - Кыйла эле. Албетте, бизде долбоорлор, гранттар бар. Антсе да жарнама бюджеттин чоң бөлүгүн түзөт.

Адилет Бектурсунов: - Каржылоо жалпы эле маалымат каражаттарынын ишине канчалык таасир эте алат?

Катя Урумканова: - Албетте, чоң таасир тийгизет. Маалыматтын сапаты журналисттин кесиптик чеберчилигине байланышкан. Кесипкөйлөр ансыз деле аз. Аларды кыскартып салуу редакцияга зыяндан башка эч нерсе алып келбейт. Алдыда шайлоо турат. Мындай жооптуу учурда пикирлердин ар түрдүүлүгүн камсыз кылуу милдети чыгат. Кыргызстандын маалымат каражаттары колдоого муктаж.

Адилет Бектурсунов: - Элина, азыркы жагдайдан улам биздин маалымат айдыңыбызда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болот деген болжолуңуз барбы? Бул багытта «Интерньюс» эмнелерди жасап жатат?

Элина Каракулова: - Маалымат айдыңы оор жагына ооп кетиши ыктымал. Каржы кризиси биринчи иретте теле-радио берүүлөргө тийиши ыктымал. Телекөрсөтүү - өтө кымбатка турчу иш, анда көп киши иштейт. Карантинге чейин бизде 64 канал иштеп келген. Анын ичинен мамлекет тарабынан каржыланчу коомдук жана мамлекеттик эки каналды алып таштасак, 50гө жакын канал оор абалга туш болот. Анткени алардын бюджети жарнамага байланган.

Биз 40ка жакын өнөктөштөрүбүздүн арасында сурамжылоо жүргүздүк. Алардын теңине жакыны мына ушул суроого жооп беришти. Телеканалдардын 80-85, айрым учурда 90% чейинки бюджетин жарнама түзөт. Ошол эле кезде менчик телеканалдардын кыйласында айлыгы жок эле иштеп аткандар бар. Кызматкерлер жумушка келип, Кыргызстанда, дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды кабарлашат, эфир уюштурушат, мунун баарын алар өз демилгелери менен жасашат. Мындай демилге канчага чейин жетери азырынча чоң суроо.

Биз эмне кылып жатабыз? Ушу тапта кысталыш жагдайда жардам берчү фонд түзүп жатабыз. Жаңылыкта отургандарга жардам бермекчибиз. Бирок бул аз. Башка редакциялардан демилгечилерди чакырып атайын фактчек топторун түзгөнбүз. Төрт редакция биригип иштөөдө. Калп маалыматтардын арааны ачылып атканда жалгыз «Фактчектин» туура маалымат берип турганга чамасы жетпейт экен. Биздин иликтөө журналистикасы курсунан өткөн журналисттер биригип калп маалыматтарды айгинелеп, ачыкка чыгарууда.

Мындан тышкары глобалдык масштабда медиага колдоо көрсөтүү иштери уланууда, анда чакан гранттар бөлүнөт. Аракет кылып жатабыз, бирок да бул оор иш. Себеби экономика өнүкмөйүнчө, чакан ишкерлик тамыр жаймайынча бул чөйрөдө чоң өзгөрүүлөр болушу кыйын.

Маалыматты ылгоонун кесепети

Адилет Бектурсунов: - Айрым редакциялар ишин оптималдаштыра баштады, анын жолоюна эми башкалар да түшөт болуш керек...

Элина Каракулова: - Ооба, ошондой. Биздин өнөктөштөрүбүз билдиргенине караганда, азырынча бирөө да кызматкерлерин бошото элек. Анткен менен көбү кызматкерлерин акысыз эс алууга жөнөтүштү. Башкаларында социалдык адилеттик мындайча жүргүзүлүүдө. Кызматкерлердин бир тобу жумушка чыгып иштеп айлык алышат. Экинчи тобу эс алат, аларга маяна төлөнбөйт. Кийинки аптада эс алгандар иштейт.

Адилет Бектурсунов: - Сөз эркиндиги маселесине келсек. Үч жумадан ашуун журналисттер эч кандай эрежеси жок эле иштешти. Редакциялар кандай иштешти, аларга цензура болдубу? Аккредитациядан өтүп, өткөрмө алыш керек дегендей. Башында мамлекеттик, коомдук телерадиолорго гана уруксат берилди. Мындай шартта башка каналдар кандай иштешти? Наталья, жогору жактан кандайдыр бир ишарат болбодубу?

Наталья Тимирбаева: - Бийликтегилер республикалык штабды маалымат булагына айландырууга аракет кылды. Бул күндөр бийликте отургандар ишти жакшы уюштура албаганын көрсөттү. Калп маалыматтар эмнеге көбөйүп кетти? Расмий өкүлдөр маалымат берүүдө такай жаңылып, мөөнөттү, сандарды так айта алышпай, өзүнө чейинкилер айткандан башка нерселерди айтып, бир топ жаңылыштык кетиришти. Ошондон бирөөнү гана тандап алуу негизги цензура болуп калды.

Саламаттык сактоо министрлигине чалсак, ал жердегилер «маалыматты штабдан гана аласыңар» деп коюшчу. Мындайда Саламаттык сактоо министрлиги негизги маалымат булагы болушу керек эле. Адамдарды биринчи иретте ден соолугу, өлкөдөгү саламаттык сактоонун абалы кабатыр кылып жатты. Биз баарын билип турдук. Кыйын болду. Баарынан кыйыны - иши жок, жегенге наны жок отуруп калгандардын абалы болду. Кечээ күнүмдүк нанын таап жеп отурган, бүгүн жардамга муктаж болгондордун абалын жакшыртууну мамлекет ойлонушу керек болчу.

Адилет Бектурсунов: - Наталья, сиздин редакция мындай жагдайда сөз эркиндигин кантип коргоду?

Наталья Тимирбаева: - Биз болгон инстанциялардын баарына толтура суроолорду жөнөттүк, кайсы маселеге көңүл буруу зарыл экенин макалаларыбызда көрсөттүк. Алардын жаңылыштыгын кайра-кайра эскертип, тынбай жазып атканыбыздан улам эркин маалымат каражаттарынын арасынан бизди биринчи каттоодон өткөрүштү.

Адилет Бектурсунов: - Көбү мындай шартка, баары көзөмөлдө турган кезге көнбөй жатканын айтууда. Маалыматты өлчөп-ченеп берүү чектөөлөр алынып салынгандан кийин да уланышы мүмкүнбү?

Наталья Тимирбаева: - Андай кооптонуу бар. Бирок биз аларга жол бербейбиз. Биз азыр эле ачык жазып атабыз, «туура, силер милдетиңерди жакшы аткара албай жатасыңар» деп. Бирок мен алар атайылап так сандарды жашырып айтпай жатышат деп айта албайм. Алар коомго так маалыматты жеткире албай жатышат. Муну алардын жарамсыз жорукка айлантышына журналисттер коому жол бербейт деп ойлойм.

Суроо жараткан мыйзам долбоору

Адилет Бектурсунов: - Катя, кризис, жугуштуу оору маалында башка маанилүү темалар унутта калып кетти. Шайлоого катышчу партиялар үгүт барактарын кошуп гумжардам тарата башташты. Ушул жагдай маалымат каражаттарында чагылдырылып жатабы?

Катя Урумканова: - Эң көп маалымат таажы вирусуна, анын жайылышына арналып, ошол тууралуу кеп болууда. Башка темалар баам сыртында калды. Антсе да айрым партиялардын атын чыгаргысы келип гумжардам беришкени азыноолак айтылды. Калкыбыз кыйынчылыкта турганда партиянын ушинтип атын чыгаруу аракети ага жардам деле бербейт. Мага чейинки кесиптешимди улап, биздин милдет - аудиторияга так, ыкчам, объективдүү маалымат берүү экенин айта кетким келет. Биздин коом маалыматты көптөгөн булактардан алат. ЖМК өнүкпөй коом өнүкпөйт, буга ат үстүнөн мамиле кылган болбойт.

Адилет Бектурсунов: - Медиа эксперттер Кыргыз Республикасынын Жарандык-процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча жаңы мыйзам долбоору ыкчам иштелип жатканына кабатырлыгын билдирүүдө. Жаңы мыйзам долбоорунда экстремисттик деп эсептелген, андай иштерге үгүттөдү деп шек жараткан телеканалды жабуу маселесин 3-5 күн ичинде кароо ушу тапта талкууланууда...

Элина Каракулова: - Жарыяланган контент чын эле экстремисттикпи же жокпу деп кароого аз убакыт бөлүнгөн. Биздеги уюмдардын юристтери бул боюнча билдирүүлөрдү жасашты. Анда мыйзам долбоору Конституцияга каршы келери айтылат. Мындай ниеттин өзү - маалымат каражаттарынын ишин жеңилдетүү, жарандарды мыйзамга каршы келчү контенттен коргоо аракети - башында коюлган максатка каршы көптөгөн суроолорду, проблемаларды жаратууда.

Сиз медиа жамааты өз укуктары менен эркиндигин коргош үчүн кандай иштерди кылганын сурадыңыз. Карантин жарыяланып, көптөгөн медиа каражаттарын каттоого уруксат бербей койгондо 4-5 билдирүү таратылган. Анда бийлик менен комендатуранын маалымат каражаттарын каттоодон өткөрүүгө уруксат беришин өтүнүп, анын жөнү түшүндүрүлгөн. Каттоодон өткөрбөй коюу Конституцияга каршы чара экени белгиленген. Өзгөчө кырдаал боюнча жободо комендант аккредитацияны уюштурары, каттоодон баш тартууга укугу жок экени көрсөтүлгөн. Медиа жамаат бул маселе боюнча бир пикирде болду. Ушундай биримдиктин натыйжасында өткөн жумадан тартып каттоодон өткөрө баштады. Айдын аягында болсо да уруксат берди, ЖМК бул маселеде бир позицияда турду.

Көзгө илинбей калган темалар көп

Адилет Бектурсунов: - Жакында комендант ЖМК 11-майдан тартып толук иштей турганын билдирди. Ага чейин журналисттер мыйзамсыз иштеп келиштиби? Мындай билдирүүнү кандай түшүнүүгө болот?

Элина Каракулова: - Өткөн жумадан бери каттоодон өткөрүп жатышат. Көп журналисттер уруксат берген кагаздарын алышты. Анысын көрдүк. Бирок ушундай уруксат кагазы менен көп журналисттер өз милдетин толук аткара алышпайт. Жөө алыска бара албайсың, баарынын эле коргоочу каражаттары жок, сөзсүз машине керек. Жакшы репортаждарды, жаңылыктарды жасоого дагы эле мүмкүнчүлүктөр чектелүү. 11-майдан тартып уруксат кагазы жок иштөөгө мүмкүндүк түзүлөт болуш керек.

Адилет Бектурсунов: - Элина, карантин шартында кайсы темалар аз чагылдырылды же баам сыртында калды?

Элина Каракулова: - Карантин маалында COVID-19 оорусунан азап чеккендердин үнүн уккан жокпуз. Оорудан улам жакындарынан айрылган үй-бүлөнүн арманын уккан жокпуз. Эмне үчүн андай болду? Журналисттер башына жаман иш түшкөн үй-бүлөлөргө бара алышкан жок. Айыгып чыккандар тууралуу азыноолак маалымат берилди, аны да штабдан гана алып турдук. Айрым маалыматтарды журналисттер өздөрү таап чыгышты. Жугуштуу оорунун курмандыктарын көргөн жокпуз.

Дүйнөлүк маалымат каражаттарында каза тапкандар тууралуу маалыматтар берилип, маркум менен жакындарынын коштошуусунда маалымат каражаты көпүрө болду. Жакындары жугуштуу дарттын курмандыгын акыркы сапарга узатууга катыша албайт. Биз жугуштуу дарттын айынан экономикабыз кандай жабыркаганын, анын масштабы кандай экенин биле элекпиз. Айрым үй-бүлөлөр кантип кыйналып жатканын билебиз. Анын артында турган жалпы картинадан кабарсызбыз, статистикасы кандай экенин билбейбиз. Эми мындан кантип чыгабыз, пландарыбыз кандай – муну да билбейбиз. Азырынча сырттан келген жардам кайсы жакка кантип жумшалганын жарандык коом талап кылып жатканын гана билебиз. Бул маселени иликтөө азыркы шартта аябай кыйын.

Адилет Бектурсунов: - Келип жаткан жардам кайсы жакка жумшалууда? Наталья, ушул маселени иликтегендер барбы?

Наталья Тимирбаева: - Бар, албетте. Журналисттер жазып, айтып жатышат. Парламентте да отчёт талап кылышты. Атайын сайт бар. Анткен менен келип аткан акчанын кайда жумшалып жатышы боюнча күмөн ойлор жок эмес. Бул маселе негизги милдет чечилгенден кийин ачыкка чыгат болуш керек.

Азыркы милдет - жугуштуу дартты токтотуу. Бул окуялар башталгандан кийинки тагдырлар, анын артында турган жалпы картина тууралуу кеп болуп кетпедиби. Андай жалпы картина жалгыз эле саламаттык сактоо жаатында эмес, башка тармактарда, айталы, билим берүүдө деле ачыкка чыкпай калууда. Бул жугуштуу дарт эмес, башка ооруга чалдыккандардын абалы эмне болду?

Адилет Бектурсунов: - Наталья, кайсы темалар жакшы чагылдырылбай калды, кайсы темалар жазылышы керек?

Наталья Тимирбаева: - Азыр адамдарга жалаң жугуштуу дарт эмес, жакшы маанайдагы окуялар керек болуп турат. Биз мурдагыдай эле экономика темасына көп кайрылабыз, жеке адамдын маселесин жазабыз. Бул аралыкта өлкөдө эмне болгонун, жалпы картинаны аз-аздан алдыга жаябыз.

Катя Урумканова: - Биз деле экономикага кайрылабыз. Келген жардамды бөлүштүрүү тууралуу теледебат өткөргөнбүз. Тилекке каршы, бул ишке тиешеси бар киши катыша албай, башка жооптуу кызматкерлер сүйлөштү. Чектөөлөр алынып салынгандан кийин жеке адамдардын турмушун, карантинди кантип өткөрүшкөнүн, кызыктуу учурларын айтып беребиз.

Адилет Бектурсунов: - Катышканыңыздар үчүн сиздерге чоң ырахмат!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG