Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

«Facebook» фейктерди тазалады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Facebook» социалдык тармакта Орусиянын саясий үгүтүн таркаткан 100дөй аккаунтту өчүрүп койду.

«Facebook» корпорациясы коомчулукту адаштыруу, жаңылтуу жана козутуу максатында токулган жалган маалыматтарды тараткан миңдей фейк-аккаунт өчүрүлгөнүн 5-майда жарыялады.

Отчётто Иранга, АКШга, Грузияга, Мавританияга жана Мьянмага байланыштуу 750гө жаккын аккаунт, баракча жана топтор жабылганы белгиленет.

Өчүрүлгөн аккаунттардын арасында Ирандагы IRIB мамлекеттик телерадокорпорациянын, Грузиядагы «Espersona» медиа уюмунун жана «Бириккен улуттук кыймыл» саясий партиясынын баракчалары бар.

Мындан тышкары Кошмо Штаттарда Дональд Трамптын тарапташтары колдогон «өкмөттөгү ички кутум» идеясын жайылткан «QAnon» менен келгин мигранттарга каршы макалаларды таркаткан VDARE платформаларынын баракчалары бөгөттөлгөн.

Алардын ичинен Орусияга байланыштуу аккаунттар эл аралык коомчулукка таасир этиш үчүн ачылганы белгиленет. Алар Орусиядагы бир катар жеке адамдарга жана Орусия аннексиялап алган Крымдагы эки медиа уюм - «NewsFront» менен «SouthFront» басылмаларына тиешелүү болгон. Бул баракчаларда маалыматтар орус тилинен тышкары бир нече чет тилдерде таркатылган.

Жалпысынан «Фейсбуктан» 46 баракча, 91 аккаунт, эки топ өчүрүлгөн. Блоктолгон аккаунттар «Фейсбук» менен «Инстаграмдан» тышкары дагы сегиз платформада активдүү болгону, алар коомчулукка таасир этүү өнөктүгү катары атайын уюштурулганы айтылат.

«Facebook» коронавирус пандемиясына чейин ачылган бул фейк- аккаунттар окурмандарды тартып, баракчалардын активдүүлүүгүн арттырыш үчүн дүйнөнү дүрбөлөңгө салган вирус тууралуу жалган маалыматтарды таркатканын сынга алган.

«Алдамчылык, алаксытуу жолдору менен башкаларды адаштырууну каалган адамдар кризисти өз максатына колдонушарын билебиз. Коронавирус пандемиясы да четте калган жок», деп айтылат «Фейсбуктун» билдирүүсүндө.

Орусиянын ТАСС агентиги америкалык корпорациянын мындай аракеттерин сынга алып, отчётто блоктолгон аккаунттар «социалдык тармактардын кандай эрежелерин бузгандыгы так көрсөтүлбөгөндүгүн белгилеп, корпорация аракеттерин негиздөөгө далилдерди келтирген эмес» деп айыптады.

2017-жылы сентябрда «Facebook» Орусиянын аймагынан төлөнгөн жарнамалар тууралуу маалыматтарды АКШнын атайын прокуроруна жөнөтүп, андан соң «троллдор фабрикасы» деп аталган Орусиянын Интернет иликтөөлөр агенттигинин америкалык шайлоого кийгилишүү аракеттери ачыкка чыгып калган. Анда 500дөй фейк-аккаунт саясий жарнамаларды таркатып, аларды Кошмо Штаттарда 10 миллиондой киши көргөнү маалымдалган.

Быйыл мартта «Facebook» менен «Twitter» Орусиядан америкалык Интернет колдонуучуларга таасир этүүнү жана ортодо талаш-тартыш жаратып, козутууну каалаган 300дөй аккаунт өчүрүлгөнүн кабарлаган.

Орусия чет мамлекеттердин ишине социалдык тармактар аркылуу кийлигишкени тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG