Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Иликтөөнү чыгарган сайттарга чабуул коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бир нече маалымат каражаттары хакердик чабуулга туш болду. Муну эксперттердин тобу Кыргызстанда орун алган маалымат согушунун далили катары баалап жатышат.

Кыргызстандагы бир катар сайттарга хакердик чабуул 17-декабрда кечке маал башталды. Мындай чабуулдан улам Factcheck.kg, Ecomonist.kg, Kloop.kg, Kaktus.media, Sokol.media, Vb.kg, Knews.kg, Today.kg, Politklinika.kg cайттары ачылбай, үзүл-кесил иштеп жатты. Мындан сырткары Medialaw.kg сайты да иштебей калды. Бул сайттардын дээрлик бардыгы чабуул коюлардан бир нече убакыт мурун Factcheck.kg жарыялаган журналисттик иликтөөнү көчүрүп басышкан.

Иликтөөдө Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургуновага жана уулуна таандык делген кымбат баалуу сааттар, кийим-кече, асем жасалгалар жана автоунаа жөнүндө айтылат.

Матраимовдун жубайына таандык делген кымбат баалуу буюмдардын баасы
Матраимовдун жубайына таандык делген кымбат баалуу буюмдардын баасы

Иликтөөчүлөр бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн 2015-2017-жылдары социалдык сайттарга чыгарган сүрөттөрдөгү буюмдарын Интернеттен таап, алардын сатыктагы баасы тактаган. Тагыраагы мурдагы бийлик учурунда Райымбек Матраимовдун Бажы кызматынын төрага орун басары кызматын ээлеп турган учур иликтенген. Мисалы, "Lexus GX 460" үлгүсүндөгү жолтандабас базарда 4,5 млн. сом экени көрсөтүлгөн. Ал эми Уулкан Тургунованын кол сааттарынын бири 2,6 млн. сомго, бир көйнөгү 200 миң сомго барабар.

Иликтөөчүлөр өздөрү таап, талдаган буюм-тайымдардын жалпы суммасы 24 миллион сомдон кем эмес деп баалашкан. Ошол эле маалда Райымбек Матраимовдун 2015-2016-жылкы декларацияларындагы кирешеси да, чыгашасы да бул суммага жетпейт. Эки жылда анын үй-бүлөсү 15,6 млн. сом тапканын гана көрсөткөн. Мындан улам журналисттер мурдагы мамлекеттик кызматкердин жубайы кантип мынчалык баалуу буюмдарга ээ болуп, чет өлкөдө эс алып жүрөт деп суроо узатышкан. Дал ушундай маалымат сайтка жарыялангандан көп өтпөй хакердик чабуул башталган.

Factcheck.kg порталынын редактору Болот Темиров хакердик чабуулду дал ушул иликтөөнүн жарыяланышына байланыштырууда:

Болот Темиров
Болот Темиров

- Раимбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова жөнүндө материал чыгаргандан кийин эки саат өтпөй хакердик чабуул башталды. Ал чабуул түнү менен уланды. Ошондуктан биз мындай аракет түздөн-түз ушул иликтөөгө байланыштуу деп жатабыз. Анткени биздин материалды көчүрүп баскан бардык сайттар ушундай чабуулга туш болду.

Дал ушундай эле пикирди чабуулга кабылган Kaktus.media порталынын негиздөөчүсү Дина Маслова да колдойт. Анын айтымында, хакердик чабуул атайын адистешкен топ тарабынан коюлушу мүмкүн:

Дина Маслова
Дина Маслова

- Бул атайын пландалган, жакшы уюштурулган DdoS-чабуул болду. Атайын жалданма адистер сайттарды бузууга аракет кылды. Алар абдан кубаттуу сокку урганга аракет кылды. Мисалы, "Клооп" сайтынын кибер-коопсуздук боюнча абдан жакшы адистери бар. Ошого карабай абдан катуу каршылыкка кабылды.

Чабуулдардын техникалык мүнөздөмөсүн изилдеп чыккан "Интернет саясатынын жарандык демилгелери" коомдук фонду чабуул дале болсо уланып жатканын билдирди. Андагы маалыматка ылайык, онго жакын сайтка чабуул Кытай, Орусия, Индонезия, Таиланд, Бразилия, Франция өңдүү мамлекеттердин аймактарынан коюлганын, негизинен Кытайдан болгону айтылат.

«Интернет саясатынын жарандык демилгеси» уюмунун өкүлү Айканыш Иманалиева “Азаттыкка” билдиргендей, ачык маалыматтарга таянуу менен хакердик кийлигишүүнүн булагы бир бот-тармак:

- Эгер кыскача айтканда, DdoS-чабуул деген сайттарга кызмат көрсөтүүнү жокко чыгаруу максатын көздөйт. Анда сайтка бир нече жерден чабуул коюп, сайтты иштен чыгарышат. Кечээ мындай чабуул Кытайдан активдүү жасалып жаткан, азыр болсо Түштүк Африка Республикасынан келип жатканы байкалууда.

Мындан сырткары акыркы суткада "Азаттык" радиосуна каршы чагымчыл аракеттер байкалды. Тагыраагы түрк тилиндеги sozcu.today деген фейк сайт жасалып, анда Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө "Азаттыктын" журналисттеринин катышы иликтенип жатат деген жалган маалымат жазылган. Бул сайттын техникалык мүнөздөмөсүн караган кезде бир күн мурун же тагыраагы 17-декабрда гана түзүлүп, жалаң жалган маалыматтар жайгаштырылганын көрүүгө болот. Бул журналисттик иликтөө жасаган "Азаттыктын" журналисттерин каралоо аракети катары кабыл алынууда.

Акыркы журналисттик иликтөөдөгү маалыматтар боюнча Райымбек Матраимов жана жубайы жооп кайтара элек. Бирок Матраимовдун агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу жооп кайтарып, жалган маалыматтар таратылып жатканын жазып чыкты:

Искендер Матраимов
Искендер Матраимов

- Иним Райымбекке карата чындыкка дал келбеген жалган жалаалар айтылып, ага карапайым эл ишенип ала турган деӊгээлге жеткиришти. Сабыр кылып, унчукпай келгенибизден пайдаланып биздин дарегибизге каалагандай көө сүйкөштү. Биздин үй-бүлөнүн артынан өчү бардай түшүп, бир жактуу маалыматтар менен чабуул жасашты. Бажы тармагындагы мыйзамдарды, иштөө тартип-эрежелерин тактабай туруп, өзү издөөдө жүргөн, алдамчылык менен кылмыш иши козголгон адамдын сөзүн маанилүү далил катары чыгарышты.

Искендер Матраимов инисине карата айтылган сын-дооматтар чындыкка дал келбесин далилдеп беришерин кошумчалады.

Ошол эле кезде акыркы хакердик чабуулга байланыштуу толук иликтебей эле Матраимов же башкаларды айыптоо туура эмес дегендер бар. Алардын бири - коомдук ишмер Турсунбек Акун:

- Ушунун баарын Матраимовдор уюштуруп жатат дегенге мен кошула албайм. Бирок ошол үй-бүлөнү сындаган соң чабуул башталганы шектенүүнү жаратпай койбойт. Бирок ал үчүн далил керек го. Далил жок туруп эле ар кандай божомолду айта берүү туура эмес.

Акыркы чабуулдар Кыргызстанда коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөр боюнча талкуу күчөгөн учурга туш келди.

Быйыл май айында “Азаттык” радиосу өз алдынча, ноябрь жана декабрь айларында Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) жана “Клооп” менен биргеликте жүргүзгөн журналисттик иликтөөнү жарыялаган. Анда кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммадагы акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып турганы көрсөтүлгөн.

Ушундай шартта бир тууган Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» "Азаттык" радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop» жана "24.kg" маалымат агенттигине каршы өткөн аптада сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп бул маалымат каражаттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. Мындай чара коомчулукта чоң талкуу жаратып, бир катар саясий, коомдук күчтөр соттун чечимин айыптап чыккан. Ошол күнү Матраимовдордун адвокаттарынын арызы менен сот эсептерди камактан чыгарган. Ал эми үч маалымат каражатына карата алгачкы соттук иш 19-декабрда өтөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG