Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июнь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Медианы чектеген комендатура сынга алынды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек комендатурасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын чектегени парламентте сынга кабылды.

Мурдараак борбордун коменданты Алмазбек Орозалиев өзгөчө абал убагында журналисттердин көчөгө чыгып иштешине уруксат берилбей турганын кабарлаган. Укук коргоочулар жана бир катар уюмдар бул чектөө Конституцияга каршы келерин белгилешүүдө.

«Журналисттер чектелсе фейк маалымат көбөйөт»

Өзгөчө абал учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарына коюлган чектөө боюнча парламенттин 1-апрелдеги жыйынында өзү мурда журналист болгон депутат Жанарбек Акаев маселе көтөрдү. Ал медицина, укук коргоо кызматкерлери жана азык-түлүк ташыган мекеме өкүлдөрү менен бирге кабарчылардын иштешине да уруксат берилиши керек деген оюн ортого салды:

«Азыр биринчи кезекте түшүндүрүү иштери маанилүү болуп жатат. Анткени элибиз фейк маалыматтарга ишенип атпайбы. Бирок өкмөт, комендант эркин маалымат каражаттарына өткөрмө бербей жатат. Рейтинги жогору 20дай медианын бири да өткөрмө албаптыр. Болгону мамлекеттик медиаларга гана берипсиңер, бирок аны окугандар аз. Менимче коомдо орду бар, өз алдынча массалык маалымат каражаттарына, жок дегенде үчтөн-төрттөн журналисттерине өткөрмө беришиңер керек. Ошол эле убакта көчөдө ар кайсы кызматтанмын деп, күбөлүгүн көрсөтүп посттон толтура киши өтүп жатат. Ошолордон көрө элге маалымат жеткире турган журналисттерге да бериш керек да. Антпесеңер коомчулук фейк маалыматтарга ишенип жатат берет, жалган кабарлар көбөйөт».

Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз да журналисттерге коюлуп жаткан чектөө туура эмес экендигин, мамлекеттик медиаларга гана уруксат берүү ачык-айкындуулук принцибине каршы келерин сынга алды.

Ал коронавируска байланыштуу кымгуут учурда эл аралык жана менчик жалпыга маалымдоо каражаттарына дүйнөнүн бир да өлкөсүндө чектөө коюлбаганын белгилеп өттү.

Депутаттын суроосуна вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жооп берип, медиалардын өтүнүчү комендатура менен кошо каралып жатканын айтты. Мунун алдында өкмөттүн коомчулук менен байланыш бөлүмү да билдирүү таратып, маалыматтар мамлекеттик телеканалдар аркылуу берилип жатканын кабарлаган.

Бир катар шаарлар менен райондорго өзгөчө абал режими киргизилген 25-март күнү Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев «журналисттер топтошуп иштебей турганын, андыктан аларга чектөө коюлбай турганын» билдирген. Беш күндөн кийин өзүнүн сөзүнө өзү каршы чыгып, кайра чектөө коюларын айтты.

«Биз кырдаалды талдап чыктык. Журналисттердин өздөрүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн аларга аккредитация бере албайбыз. Бул, биринчи кезекте, сиздердин ден соолугуңуздардын коопсуздугу үчүн керек», - деген Орозалиев.

«Медианы чектөө Конституцияга каршы келет»

Ошол эле күнү бул жагдай бир катар уюмдардын жана укук коргоочулардын сынына түрткү болгон. 30-мартта билдирүү тараткан «Медиа Полиси Институту» уюму Бишкек комендатурасынын журналисттерди чектөө тууралуу чечими Конституцияга каршы келерин эскерткен. Уюм чектөө «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна туура келбей турганын белгилеген.

Ушул эле жүйөгө экс-депутат, «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова да кошулат.

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

«Ооба, мыйзам боюнча комендант өзү дайындалган аймакта тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ. Бирок ал аккредитация же ушуга окшогон башка аракеттерин кайсы бир пландын, нормативдин чегинде жүргүзүшү керек. Ушу кезге дейре комендант кол койгон бир да буйрукту көргөн жокпуз. Басма сөз жыйынында айтып койду, ошону менен болдубу? Ал ар бир айткан сөзүнө жоопкерчилик алышы керек, кол коюлган жазуу түрүндөгү документ болушу керек. «Мен кааласам аккредитация кылам, каалабасам аккредитация кылбайм» дей бергидей, ал эмне, оюнчукпу? Көрүп жатасыңарбы, бизде азыр укуктук башаламандык жүрүп жатат», - деди ал.

Укук коргоочу ошондой эле Бишкек шаарынын комендатурасы юридикалык түшүнүктөрдү чаташтырып жатканын, ошондон улам түшүнүксүз жагдай болуп жатканын кошумчалады:

«Негизи аккредитация дегендин өзү эмне? Маселен, «Азаттык» же кайсы бир медиа бүткүл өлкөгө чагылдырууга укугуңар бар, ал эми Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты, ал кантип силердин аккредитацияңарды алып сала алат? Билбейм, ал мисалы кайсы бир жерде жүрүүгө, кайсы бир иш-чарага катышууга же комендатурасына, штабына кирүүгө аккредитация бербей коюшу мүмкүн. Бирок ал жалпы республика боюнча аккредитациясын алып сала албайт. Эгер комендант аккредитация деп «өткөрмө берүүнү» айтып жатса, анда ал да кайсы бир жобонун негизинде жүрүшү керек. Ал эми ал жобо - документ коомдук талкуудан өтүп, парламент бекитиши керек эле. Ансыз «бүгүн сен мага жагып атасың, өткөрмө берем», «эртең жакпасаң бербейм» дегендей болуп жатат».

Арийне, журналисттер деле жугуштуу илдеттин коркунучун түшүнүп, өзгөчө абалдын эрежелерин толук сактоого аракет кылууда. Ошол себептүү көпчүлүк редакциялар жамаатынын дээрлик баарын үйдөн иштетүүгө өтүштү. Ошол эле кезде эфирди алып баруучулар, модератор-дикторлор, режиссёрлор жумушка келүүгө аргасыз болуп жатат. Анткени ал жумуштарды үйдөн аткарууга мүмкүн эмес жана ага керектүү техника кеңседе гана бар.

Ушундан улам медиа мекемелер комендатурадан чектелүү гана кызматкерлерге өткөрмө кагазын сурап, аларга жумушка келип-кетүүсүнө уруксат беришин өтүнүүдө. Мында да коменданттык саат учурунда эмес, күндүзгү убакыт үчүн гана. Бирок азырынча уруксат тургай комендатурадан маалымат да алуу кыйын болуп жатат.

«Кактус Медиа» басылмасынын ээси Дина Маслова буларга токтолду:

Дина Маслова.
Дина Маслова.

«Өзгөчө теле-радио тармагындагы медиа-мекемелер жок дегенде чектелүү кызматкерлерине аккредитация алышы керек деп эсептейм. Аларга жок дегенде жумушуна барып келгенге тыюу салынбашы керек. Журналисттер ооруканаларды, поликлиникаларды кыдырып жүрүп алат деген жаңылыштык. Бирок маселенин мындан да башка жагы бар. Азыр комендатура өзү коммуникациясын жолго коё албай жатат. Ал тургай басма сөз катчысы да телефонун албайт же катыбызга жооп бербейт. Басма сөз жыйынында болсо өздөрү каалаган нерсени гана айтат, кургак статистика эле келтирип жатат. Бизде башка жүздөгөн суроолор жоопсуз турат. Адатта укук коргоо органдары маалыматка жабык келет деңизчи, бирок бул жолу жогору жактан «маалымат бербегиле» деген көрсөтмө болуп жатат окшойт. Албетте, аны далилдей албайм, бирок ошондой сезилип жатат».

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө тыюу салынган.

1-апрелге карата коронавирус жуккандардын саны Кыргызстанда 111ге жеткен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG