Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июнь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

«Өзгөчө абалда медианын ишин чектөө туура эмес»


Стив Свердлов.

Коронавируска каршы күрөшүү максатында өзгөчө режим же башка чараларды киргизүү адам укуктарынын абалына кандай таасир этип жатат? Мындай кырдаалда маалымат каражаттарынын ролу кандай?

Эмне себептен айрым өлкөлөрдө бийлик так маалымат берүүдөн качат? Ушундай кризис учурунда абактыгы адамдардын абалы кандай болот? Ушул жана башка суроолорубузга адам укуктарын коргогон адвокат Стив Свердлов жооп берди.

- Бир катар өлкөлөрдөй эле Кыргызстан өзгөчө абал киргизген. Жалпысынан алганда ушундай учурда адам укуктарына, фундаменталдуу эркиндикке кандай коркунуч жаралышы ыктымал?

- Ушундай олуттуу кризиске туш болуп жатканда, албетте, чукул абал киргизүү - орундуу кадам. Эл аралык нормаларда, келишимдерде буга түшүнүү менен мамиле жасалат.

Кыргызстан бул жагынан алганда чек араларын жапкан, жарандарынын кыймыл-аракеттерин чектеп жаткан башка көптөгөн мамлекеттерден айырмаланбайт. Бул чаралар адам укуктарын бузуу эмес, чектөө болуп сыпатталат.

Элден көйгөйлөрдү, чыныгы абалды жаап-жашыруу авторитардык системалардын табиятында болуш керек.

Бирок бүгүн эле Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) эске салгандай, коронавирус коркунучу жоюлары менен өзгөчө абал алынып, эл кадимки турмушка кайтууга тийиш. Дагы бир маселе. Мисалы Кыргызстанда жергиликтүү шайлоону жылдыруу боюнча чечим алкышка арзыйт.

Бир жагынан албетте, демократиялык процесстерге коркунуч туулат, бирок экинчи жагынан баары эле бул чара адамдардын саламаттыгын эске алган, вирусту жайылтуунун алдын алууга багытталган туура кадам болду деген ойго кошулат.

Ошол эле учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өтө маанилүү сот процесси адегенде ошол эле бойдон калтырылган.

Кайталап кетейин, жарандардын саламаттыгына жана өмүрүнө олуттуу коркунуч жок болору менен бийлик дароо өзгөчө режимди алууга тийиш.

Бул өңүттөн алганда Азербайжандагы окуялар кабатыр кылат. Өлкө бийилиги оппозициянын кеңсесине көп киши чогулуп жатканын, бул коомдук саламаттыкка коркунуч жаратарын айтып, аны жаап койду. Башкача айтканда учурдан пайдаланып, оппозициянын добушун басып коюшту. Муну, албетте, адам укуктарын одоно бузуу катары бааласа болот.

- Бишкекте мына кечээ эле шаар коменданты чукул абалда мамлекеттик маалымат каражаттарынан башка журналисттерге аккредитация берилбей турганын айтты. Муну кандай баалайт элеңиз?

- ЕККУнун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча атайын өкүлү Арлем Дезир дал ушундай көрүнүштөрдү жакында эле сындаган. Анын кеңсеси Кыргызстан боюнча да билдирүү жасайт деп ойлойм. Албетте, бул адамдардын фундаменталдуу укуктарын бузуу болуп саналат.

Маалымат абадай керек болуп турган дал ушундай маанилүү мезгилде өкмөттүн журналисттердин ишин чектөө, тыюу, аккредитация бербөө же аккредитациясын алуу өңдүү чараларын эч нерсе актай албайт.

Сапаттуу журналистика калк арасында дүрбөлөңдүн алдын алууга, туура маалымат жеткирип турууга маанилүү салым кошот. Жогорудагыдай чечим камтама кылбай койбойт. Өзгөчө абал тушунда да андай аракетке барбаш керек.​

- Маалымат демекчи, кошуна Тажикстанда же Түркмөнстанда азыркыга чейин коронавирус жуккан бир да учур тууралуу маалымат жок. Адистер буга ишенбестик карашат. Маалымат жашырууну да адам укуктарын бузуу деп сыпаттаса болот да?​

- Бул эки өлкөнүн лидерлеринин расмий макамында «Коргоочу» деген сөз бар. Мыйзамга ылайык, аларды аттары аталганда ошол сөз кошулат. Анан ошол элди, өлкөнү коргойт деген адамдардын коронавирус коркунучун таануудан баш тартып, бул кризиске каршы тиешелүү чара көрбөй, элин ушундай эбегейсиз коркунучка кептеп жатканы абдан күлкүнү келтирет.

Сапаттуу журналистика калк арасында дүрбөлөңдүн алдын алууга, туура маалымат жеткирип турууга маанилүү салым кошот.

Башка өлкөлөрдөн өзгөчөлөнүп, 21-мартта Тажикстан Ноорузду кеңири масштабда майрамдаганын көрдүк. Стадионго, аянттарга миңдеген киши чолугуп майрамдык иш-чараларга катышты. Анан да жаш-карысы баары чогуу аралашып жүрдү. Бул канчалык кооптуу экенин сөз менен да айта албайсың. Мен муну балким кылмышка теңейт элем.

Элден мүшкүлдү, чыныгы абалды жаап-жашыруу авторитардык системалардын табиятында болуш керек.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон акыркы беш жылда оппозицияны жок кылууга аракет кылып келатат, башка кризистерге реакциясы кандай болгонун да байкап жатабыз. Мисалы түрмөлөрдө теракттар болуп, көптөгөн киши өлгөндө ал эч бир рационалдуу реакция кылбаганына күбө болгонбуз.

Түркмөнстандагы кырдаал мындан да начар. Президент Гурбангулы Бердымухаммедов өзү тиш доктур. Дүйнөдөгү мамлекет же өкмөт башчылар арасында кесиби боюнча дарыгерлер сейрек кездешет. Анан ошол лидер бул илдеттин коркунучун моюнга алуунун, аны жеңүүгө аракет кылуунун ордуна, ал тургай коронавирустун атын атоону туура көрбөй жатат.

- Дагы бир маселе. Мисалы Иран пандемия курчуп турганда миңдеген кишини абактардан убактылуу коё берүүнү чечкен. Бул маселеге да кайрылып кетсеңиз.

- Түркмөнстандагы маалымат каражаттарында дээрлик күнүгө ден соолук, саламаттык сактоо тууралуу сөз болот. Президент сергек жашоону өзү даңазалап, фитнеске барыш керек деген өңдүү идеяны жайылтып келет. Ошол эле учурда өкмөттүн коронавирус тууралуу ачык айткысы жок.

Абактар жана башка кармоочу жайлар ар дайым эпидемиялардын очогу болуп келгенин так билебиз.

Анын ордуна президент сактануунун жолу катары «адырашман түтөткүлө» деп, элине кеңеш берип жатат.

- Дезинформация тараган же бийлик маалыматты айтуудан тайсалдаган жерлерде абал алда канча оор болот?

- Бул тема азыркы кризиске кабылган бардык өлкөлөр үчүн абдан курч болуп турат. Алсак, Нью-Йоркто учурда түрмөлөрдө отурган айыпкерлердин бир бөлүгүн үй камагына чыгаруу тууралуу көп талкуу жүрүп жатат.

Абактар жана башка кармоочу жайлар ар дайым эпидемиялардын очогу болуп келгенин биз так билебиз. Бул жаңылык эмес. Европа кеңеши да ушундай өзгөчө абалда түрмөдөгүлөрдүн укуктарын коргоодо эске алынуучу принциптерди жарыялаган.

Мен азыр, албетте, биринчи кезекте Азимжан Аскаровду ойлоп жатам. Анын жашы улгайган, өзү да оорукчан. Анын үстүнө ал кыйноого туш болгон. Эчак эле эркиндикке чыгышы керек эле. Өзгөчө ушундайда аны коё берип же жок дегенде үй камагына чыгаруулан баш тартуу - менимче шалаакылык, кризисте фундаменталдуу милдеттенмелерди одоно көз жаздымда калтыруу болуп эсептелет.

Ошондой эле Тажикстандагы көптөгөн саясий туткундарды ойлоп жатам. Мисалы, Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү Махмадил Хаиттин да жашы 60тан ашкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG