Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-май, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Активист жазган пикири үчүн сурак берди


Иллюстрациялык сүрөт.

«Фейсбукта» Али Шабдан деген ат менен белгилүү жарандык активист Чынарбек Шабдановду Талас облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери суракка чакырган тасма 1-майда Интернетке чыкты.

Тасмада милиция кызматкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) сунуштамасынын негизинде келишкенин айтып жатышат.

Тасмадан күч органдары көрсөтүп жаткан документте Чынарбек Шабдановдун Түркияда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге жана кыргыз бийлигине тиешелүү «Фейсбуктагы» посттору да тиркелгенин көрүүгө болот.

Видеодогу маалыматтарга караганда, Али Шабдандын социалдык тармактардагы билдирүүлөрү ошол учурдагы окуяларга, көрүнүштөргө байланыштуу жазылганы байкалат. Ошол маалда Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов камалганы жана анын бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовду айыптаганы, Жогорку соттун Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун берүү боюнча козголгон кылмыш ишти кыскартуу чечими тууралуу маалыматтар тараган эле.


Чынарбек Таштановдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, милиция аны үйүнөн алып кетип, 20 мүнөттөй түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мындай постторду жазбоо кеңешин берип, кайра үйүнө жеткирип коюшкан.

«Ал постторду мен унутуп деле калыптырмын. Экөө башка бирөөгө таандык экен, мен бөлүшкөм. Бирөө өзүм жазган пост болчу. «Көп эле катуу кете бербесең, бир жерден кармаласың» деп кыйытышты. «Жаш экен, айтып көрсөк коркуп токтоп калат» деген ойдо ушундай кадамга барышты деп ойлойм».

Тасмада милиция кызматкерлери көрсөтүп жаткан документте Чынарбек Таштановдун чет өлкөдө иштеп келгени, эми кайра Европага иштегени кеткенге даярданып жатканы тууралуу да жазылган. Муну жарандык активист бийликтин басымы катары баалап жатат:

«Буга чейин чет өлкөдө иштеп келгем. Ал жакта да кыргыз диаспорасын түзүп, активист болчумун. Милиция кызматкерлери үйгө келгенге чейин үч күн мурда «Фейсбуктагы» баракчама чабуул жасалган. Буга көп деле көңүл бурган эмесмин. Мындан тышкары айыл өкмөтү менен байланышып, менин каякта жүргөнүмдү, телефон номеримди сураштырышкан экен».


Али Таштан деген ат менен белгилүү Чынарбек Таштанов акыркы мезгилде социалдык тармактарда оюн ачык билдирген жарандык активист катары таанымал. Буга чейин ал Бишкекте өткөн «#REакция», «Феминнале» жарандык акцияларына да катышкан.

УКМК азырынча бул окуяга байланыштуу комментарий бере элек. Ал эми Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы 1-майда тараган видеого ошол эле күнү комментарий берди:

«Ыкчам кызматкерлер облустук ички иштер башкармалыгынын жазуу түрүндөгү тапшырмасынын негизинде иш жүргүзүштү, мыйзам бузушкан жок. 1992-жылы туулган Ш.Ч. аттуу жаранды милицияга жеткирүү мыйзамдуу болгон. Аны менен алдын-ала түшүндүрүү иши жүргүзүлгөндөн кийин коё берилди».

Айбек Турдалиев
Айбек Турдалиев

Али Таштандын таламын талашкан жарандык активисттер анын бийликке болгон мамилесин ачык билдирүүсү эч кандай мыйзамды бузууга жатпай турганын айтышууда. Журналист Айбек Турдалиев мурдагы бийликтин учурундагы окуялар азыр да кайталанып жатат деген ойдо:

«Конституциянын 31-беренесинде жазылгандай, ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу. Эгерде жарандардын укугу тебеленип, аларга болгон басым күчөп, өкмөттүн, президенттин дарегине сын айткан адамдарды суракка чакыртып, кечирим сурата берсе коомдо ажырым пайда болот».

Буга чейин тиешелүү кызматтар Интернеттеги билдирүүлөрү үчүн бир нече жаранды кармап, айрымдары кечирим сурашкан. Мындай окуялардан кийин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары күч түзүмдөрүнүн аракеттерине баа берүүнү талап кылышкан.

Депутат Рыскелди Момбеков бийлик көйгөйдү айтып чыккан адамдар менен күрөшүп жатат деп сындады:

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

«Чынында мындай окуялардын артында коркутуу, кысым жатат. Репрессиянын жолуна түшкөн мамлекеттерде колдонулган, адамдардын эркиндигине, укугуна шек келтирген жагдай катары кабыл алам. Кесепеттери менен эмес, себептери менен күрөшүш керек. Биз ар дайым тескери жасаганга көнүп калдык».

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев коомдун көз карашын бурмалоого багытталган жоопкерчиликсиз билдирүүлөргө кылдат мамиле кылуу зарыл деп эсептейт:

«"Фейсбук", "Инстаграм" жалпыга маалымдоо каражаттары деп тааныла элек. Бирок бара-бара биз социалдык баракчаларды медиа каражаттарынын катарына кошконго мажбур болобуз. Себеби ал жерде ар кандай ыплас нерселер чыгып жатпайбы. Ошон үчүн Интернет кандайдыр бир деңгээлде чектелиши керек деп эсептейм».


Алмазбек Акматалиев айтып жаткан демилге буга чейин да бир нече жолу көтөрүлгөн. Бирок көпчүлүк тарабынан колдоо тапкан эмес. Медиа эксперт Марат Токоев мыйзам чыгаруучуларды жана аны аткаруучуларды мыйзамдарды үстөккө-босток кабыл алууга эмес, аны ишке ашырууда көз караш менен фактыны айырмалай билүүгө чакырды:

«Эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуу болсо азыркы эле беренелер менен жоопкерчиликке тартса болот. Эл арасында кастыкты козутуп, ар кандай мазмундагы чакырык жасап жатса ал башка кеп. Ал эми жөн эле «бул бийлик жакпайт», «бул адамдын кылганы да жакпайт» деп айтуу бул – адамдын пикири да. Эң негизгиси фактылар менен жеке пикирди ажырата билиш керек».

Марат Токоев кошумчалагандай, кандай болгон күндө дагы социалдык баракчалар аркылуу пикирин билдирген адам коомдун жана өлкөнүн алдында моралдык жоопкерчиликти сезе билиши абзел.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (90)

XS
SM
MD
LG