Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 07:48

Баяндама: Олигархтар сөз эркиндигине каршы


Иллюстрациялык сүрөт.

11-марта АКШнын Мамлекеттик департаменти 44-жылдык баяндамасын жарыялады. Документте 2019-жылдагы адам укуктарынын абалы, мамлекеттер жарандардын фундаменталдуу укуктары менен эркиндигин урматтап же тескерисинче бузганы талданат.

Кошмо Штаттар мындай баяндама менен дүйнө жүзүндө адам укуктарын жана фундаменталдуу эркиндикти илгерилетүү вазийпасын аткарып жатканына басым жасайт.

Баяндаманын Кыргызстанга арналган бөлүгүндө күч түзүмдөрүнүн жана коопсуздук кызматтарынын кыйноо ыкмаларын колдонуу жана иргеп камакка алуу, абактардагы адам өмүрүнө коркунуч жараткан абал, саясий туткундар, сот системасынын өз алдынчалыгына байланышкан маселелер талданат. Мындан тышкары, сөз эркиндигин, басма сөздү жана Интернетти чектөө, анын ичинде сайттарды бөгөттөө жана жалаа жабуу, олуттуу паракорлук, адам аткезчилиги, ЛГБТ өкүлдөрүнө кылмыштуу зомбулук көргөзүү же коркутуу, балдардын эмгегин пайдалануу өңдүү терс көрүнүштөр белгиленет.

Баяндамада «өкмөт бийликте отургандар адам укуктарын одоно бузуу, өзгөчө коррупциялык иш-аракеттерге баруу фактыларын иликтөөгө же сот жообуна тартууга аракет кылып жатканы менен аткаминерлердин жазасыз калышы дагы эле чоң маселе» деп белгиленет.

Баяндаманын авторлору журналисттердин, адвокаттардын, «Голос свободы», «Бир дүйнө - Кыргызстан», «Human Rights Watch» уюмдарынын маалыматтарына таянып жазышкандай, былтыркы жылдын алгачкы 6 айында Башкы прокуратура расмий адамдар кылмыш ишин тергөө учурунда 171 кишини кыйноого салышканын каттаган. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан ошондой 127, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери тарабынан 3 фактыга жол берилген. Натыйжада 11 кылмыш иши козголгон.

Баяндамада укук коргоочу Азимжан Аскаров былтыр мартта №19 колонияга которулгандан кийин түрмөнүн жетекчилиги анын өнөкөт оорусуна каршы дары-дармек бербей койгону айтылат.

Укук коргоочу уюмдардын маалыматына караганда, бийлик тыюу салынган диний уюмдун мүчөсү, диний экстремисттик аракеттерге барган деген шек менен өзбек улутунун өкүлдөрүн адилетсиз бутага алган жана кармап келген. Ошондой эле милиция жалган айыптарды коюп, кийин парага бошоткон учурлар туруалуу айтылат.

27-мартта милиция Орусиянын элчилигинин алдына президент Владимир Путинди киши өлтүргүч жана оккупант деп атаган ураан көтөрүп чыгышкан Нурлан Кармышаков менен Гүлжан Имаеваны кармап кеткен. Аларга улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып коюлган. Көптөгөн укук коргоочулар муну менен тартип сакчылары Путиндин 28-марттагы сапарынын учурунда ар кандай нааразылык акцияларынын алдын алууну көздөшкөн деп эсептешет. 1-августта Башкы прокуратура лингвистикалык экспертизанын негизинде айыптарды алып салды.

Баяндамада дагы эле укук коргоочулар менен өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматына таянып, өлкөдө саясий туткундар аз экени айтылат. Адам укуктарынын абалына байкоо жүргүзгөн уюмдар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин администрация мүчөлөрүн, саясий оппозицияны бутага алган коррупциялык бир нече чуулгандуу сот иштеринин саясий өңүтү бар деп эсептешет.

Ошондой эле жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши тууралуу айтылып, айрым беренелери өзгөртүлгөнү менен өмүр бою абакка кескен өкүм кала бергени белгиленет.

Баяндаманын авторлору былтыр августта саястачы Өмүрбек Текебаевдин үй камагына которулганын, иши кайра каралып жатканын да жазышкан.

Документтин маалымат каражаттарынын эркиндигине арналган бөлүгүндө улут аралык маселелер, диний экстремизм, улутчулдуктун күчөшү жөнүндөгү макалаларды жазган айрым журналисттер опузага туш болушканы, мындай тенденция өзбек тилдүү медиада өзгөчө байкалганы айтылат.

Өкмөт, коопсуздук кызматы, олигархтар көз каранды эмес медианын эркин иштешине тоскоолдук кылууга аракеттенишкени, бийлик мамлекеттик телеканалдын мазмунуна көзөмөлдү күчөтүп жатканы да белгиленет.

14-августта ЕККУнун Маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир «Апрель» телеканалынын жабылышына байланыштуу кабатырлыгын билдирген. Ал ошондой эле Кой-Ташта медиа кызматкер Аида Жумашева жарадар болгондон кийин журналисттердин коопсуздугу камсыздалышы керек экенин белгилеген.

Баяндамада ошондой эле айрым басылмаларды, маалымат каражаттарын чоң акчалай айыпка жыгуу аракеттери болуп жатканы айтылат. Анын авторлору майыптардын укуктары жакшылап корголбой жатканын, дискриминацияга жол берилип жатканын жазышкан.

Ошондой эле 8-мартта ЛГБТ жамаатынын өкүлдөрү Бишкектеги жүрүшкө чыгышканы, эртеси анын катышуучулары коркутууга туш болушканы белгиленет. Ал түгүл депутаттардын бири социалдык тармактарда кумсаларды уруп-сабоого чакырган.

Муну менен катар баяндамада өлкөнүн жетишекендиктери жөнүндө да кеп болот. Алардын бири – жарансыздык маселесин чечүү, кыйноого каршы күрөшүү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG