Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-май, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 15:51

Cаймаитинин аты аталган алгачкы сот чечими


Айеркен Саймаити.

Жогорку сот кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун берүү боюнча кылмыш ишин кыскартты.

Жогорку сот уйгур улутундагы ишкер Айеркен Саймаитиге Кыргызстандын паспортунун мыйзамсыз берилгени боюнча кылмыш ишин кыскартканы бир айдан соң гана белгилүү болду. Аталган соттук орган ушул жылдын 16-марттагы чечими менен Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн мурдагы жетектөөчү адисине карата буга чейин эки инстанция чыгарган аныктаманы күчүндө калтырган.

Мындай маалыматты Жогорку соттун басма сөз катчысы Изати Шүкүралиева «Азаттыкка» ырастады:

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуу жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы аталган жазык ишин карап чыгып, 2020-жылдын 16-мартындагы токтому менен биринчи жана апелляциялык инстанция сотторунун соттук актыларын күчүндө калтырган. Жазык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу кыскартылышы реабилитация кылуучу жагдай болуп эсептелбейт. Андыктан «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту айыпталуучу А.А.К. аттуу жаранды актады» деген маалымат чындыкка дал келбейт».

Ошентип, Жогорку сот Айеркен Саймаитиге Кыргызстандын паспорту мыйзамсыз берилгенин расмий ырастады. Болгону чет өлкөлүк жаранга паспорт берген адамды гана кылмыштын мөөнөтү өттү деген негизде жоопкерчиликтен бошотту.

Буга чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) эл аралык издөөдө жүргөн Саймаити Самятов Эркин Салимович деген адамдын атына мыйзамсыз берилген (ID-карт, чет элдик паспорт) паспортторду колдонуп жүргөнүн аныктаганын жарыялаган болчу. Ал түгүл 2017-жылы дал ушул мыйзамсыз алган паспортту колдонуп ал Кыргызстандан чыгып кеткени да кабарланган.

Былтыр Саймаитинин айланасында чуу чыкканда Кыргызстандын укук коргоо органдары паспортту мыйзамсыз берүү фактысы боюнча иликтөө иштерин баштап, Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып койгон.

Эми минтип бул кылмыш үчүн эч кимдин жазага тартылбай турганы белгилүү болду. Дегеле акыркы бир жылдан бери чуулгандуу иштерде аты аталган Саймаитинин иши боюнча алгачкы соттун чечими бир катар суроолорду жаратууда.

Мурдагы судья, жарандык активист Клара Сооронкулова уйгур ишкерине мыйзамсыз паспорт берүү фактысы ар тараптуу, калыс тергелгенинен күмөн санап турганын жашырган жок:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Бул иш кандай болуп тергелди, толук тергелдиби деген суроо турат. Паспортту берүүдө мүмкүн бир эле адам эмес, балким бир нече адамдан турган топ болушу ыктымал. Анда бул кылмыш ишинин жазасы оорлошу керек болчу. Болбосо өлкөдө Мамлекеттик каттоо кызматындагы паспорт сатуу боюнча буга чейин деле абдан көп суроолор болуп келген да. Экинчиден, биз Саймаитинин өлүмү боюнча Түркияда кандай иштер жүрүп жатканына да кызыгып турушубуз керек».

Кыргызстанда Айеркен Саймаитинин ысымы былтыртан бери белгилүү боло баштаган. Алгач анын аты өлкөнүн бажы тармагындагы коррупцияны ашкере кылган, «Азаттык» радиосу, «Клооп» порталы жана Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору даярдаган журналисттик иликтөөдө айтылган болчу. Бирок былтыр ноябрь айында Стамбулда киши колдуу болгону тууралуу кабарлардан соң Саймаити тирүү кезинде журналисттерге өзү катышкан мыйзамсыз иштер тууралуу маалымат бергени ачыкка чыккан.

Кытайда туулуп-өскөн уйгур улутундагы ишкердин өлүмү кыргыз медиасында абдан кызуу талкууларды жараткан. Ошондон кийин Саймаитиге Кыргызстанда жүргөн кезинде кол салууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, бул жагдайды иликтеш үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн эле.

Парламенттик комиссия алгач ишин жигердүү баштаганы менен акыркы эки айдан ашык убакыттан бери жыйынга чогула элек. Аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Мирлан Жээнчороев комиссия өз иликтөөсүн качан аягына чыгарары белгисиз экенин билдирди.

Бирок Жээнчороев Саймаитинин кыргыз паспортуна байланыштуу териштирүүнү комиссия ишин жандантканда көтөрөрүн кошумчалады:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

«Депутаттык комиссия ишин жанданткан учурда мен бул маселени көтөрөм. Анткени башка материалдар да чогултулуп жатат. Биз да сураганбыз. Буга сөзсүз көңүл буруш керек. Бирок бир нерсени ачык айтышыбыз керек, Жогорку сот Саймаитиге паспорт мыйзамсыз берилгенин ырастады. Мындан аркы иш ушуга жараша да болуш керек».

Саймаитинин өлүмүнүн соң Түркиянын укук коргоо органдары шектүү катары төрт адамды кармаганы кабарланган. Алардын ичинде Кыргызстандын жараны бар экени айтылып, бирок муну расмий органдар ырастаган эмес.

Бирок адистер Кыргызстандагы ири коррупциялык схема жөнүндө маалымат берген адамдын өлтүрүлүшү боюнча кабар, анын айланасындагы иштердин создугушу ар кыл күмөн ойлорду мындан ары да күчөтөрүн айтып жатышат. Мындай пикирди колдогондордун бири, жарандык активист Адил Турдукулов:

«Бул карантин болбосо деле бул ишти создуктуруу же унуткаруу аракети болмок деп ойлойм. Буга чейин акциялар өттү, журналисттик иликтөөлөр жарыяланды, бул маселе боюнча жергиликтүү эле эмес, эл аралык коомчулук, эл аралык уюмдар позициясын билдиришти. Бирок эч кандай реакция болбой, тоготпогондой мамиле жасалып жатышы бул маселе бийликтегилерге маанилүү экенин көрсөтөт жана айтылган схемалар дагы эле иштеп жаткан жокпу деген ойду жаратат», - деди.

Кыргызстандын тиешелүү органдары бул кылмыш иши боюнча Түркия тарап менен кызматташып жатканын айтып жүрүшөт. Бирок иш жашыруун деп аныкталгандыктан көпчүлүк маалыматтар ачык айтылбай турганы кабарланган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (31)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG