Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

Мүлккө которулган күмөндүү миллиондор


Коллаж.
Коллаж.

Кыргызстандан бир нече жылда чыгарылган күмөндүү каражаттын ичинде чет өлкөдө мүлк алууга да которулган акча бар. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ырастады.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Айеркен Саймаити жана анын фирмасы аркылуу чет өлкөлөргө чыгарылган 932 млн. доллар ишкерлердин товар алууга гана которгон акчасы экенин кайталап келген. Бирок банк аркылуу сыртка чыгарылган каражаттан бюджетке 6 миллиард сомго жакын салык түшпөй калганы белгилүү. Саймаити жана анын жубайы, фирмасынын эсебинде азыр бир да тыйын жок. Ошондуктан мамлекетке келтирилген миллиарддаган чыгымдын орду толтурулушу да күмөн.

«Мүлк алуу үчүн да акча которулган»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстандан күмөндүү жолдор менен чыгарылган миллиондогон каражаттын ичинде чет өлкөдө кыймылсыз мүлк, жер алууга да которулган акча бар экенин биринчи жолу ырастады.

Бул тууралуу 31-январда атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынында эл өкүлү Мирлан Жээнчороевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Жээнчороев: «Сыртка которулган акчанын ичинде үй, жер сатып алууга которулган каражат барбы?» деген суроо берди. Сагынбек Самидин уулу ага мындай жооп берди:

Сагынбек Самидин уулу.
Сагынбек Самидин уулу.

- Азыр бул маалыматтар тастыкталып жатат. Акча которуу боюнча документтерде жер, кыймылсыз мүлк алуу үчүн которулган акча каражаттары бар. Канча акча, кимдин атына которулганын тактап жатабыз. Биз кошумча маалымат беребиз.

УКМК мүлк алууга каражат кимдин атына жана кайсы өлкөгө которулганын тактап бере алган жок.

«Азаттык» радиосунун, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» порталынын иликтөөсүндө Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аялы жана көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадырдын үй-бүлөсү бизнес өнөктөштөр экенин тастыкталган.

Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова Бириккен Араб Эмираттарынан жер тилкесин 2015 жана 2017-жылы кеминде 12,5 миллион долларга сатып алганы ачыкка чыккан. Тургунова эки жер тилкесин «Жумейра Виллэдж Сөркл» (Jumeirah Village Circle) районунан алган жана ал жерге мейманкана, турак үй салынган.

Иликтөөдө аныкталгандай Кыргызстандан которулган миллиондордун басымдуу бөлүгү Хабибулла Абдукадырга, жакындарына жана алардын компанияларына которулган. Анын ичинде кеминде 50 млн. доллар жер жана кымбат баалуу батир алуу үчүн Дубайга жиберилген.

Ал эми кыргыз өкмөтү, сыртка чыгарылган акча Бишкектеги "Дордой", Оштогу "Кара-Суу" базарларында иштеген ишкерлердики экенин, каражат кездеме, курулуш материалы, электрондук товар үчүн которулганын бир нече жолу кайталаган. Бирок аларды ырастаган документтерди көрсөтө элек.

Которулган акча ишкерлердики гана болбогонун «Азаттык» башынан ырастап келет. Комиссия жыйынындагы билдирүүсүндө Айзада Касмалиева муну дагы бир ирет белгиледи:

- Бул сөздөр суу кечпейт жана эч бир далил менен ырасталбайт. Акчанын баары Оштон которулган. Бишкектеги соодагерлер «которуп бер» деп нак акчасын Ошко, Саймаитиге көтөрүп барат деген акылга сыйбайт, - деди Касмалиева.

Атайын кызмат Уулкан Тургунова сатып алган мүлк боюнча маалымат алыш үчүн Дубайга кат жөнөтүлгөнүн, ага жооп келе элек экенин билдирди.

Депутаттык комиссиянын жыйынына келген укук коргоо органдарынын өкүлдөрү. 31-январь, 2020-жыл.
Депутаттык комиссиянын жыйынына келген укук коргоо органдарынын өкүлдөрү. 31-январь, 2020-жыл.

Салыктан түшпөй калган акчанын өндүрүлүшү күмөн

Финансы полициясы Айеркен Саймаити анын жубайы Вуфули Бумаилиаму жана Саймаитинин «Абдыраз» фирмасы 2011-2017-жылдар аралыгында Түркияга, Латвияга, Кытайга, Голландияга, Бириккен Араб Эмираттарына 932 млн. 736 365 доллар чыгарганын, бирок которулган акчадан бюджетке 6 миллиард сомго жакын салык түшпөй калганын дагы бир жолу ырастады. Өкмөт которулган акчанын бюджетке тиешеси жок экенин айтып келет. Депутат Мирлан Жээнчороев каражаттын мамлекетке түздөн-түз тиешеси бар экенин билдирип, буларга токтолду:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

- Журналисттер мамлекеттик органдарга маселени көргөзүп берди. Ал акчанын булагы кайдан, кимден алган, ал кантип жүгүртүлгөн - аны укук коргоо органдарынан сурашыбыз керек. Бул эмне үчүн жаап-жашырылып, иликтенген эмес? Бул каражат бюджетке тиешеси бар экенин түз айтышыбыз керек. Финансы полициясы, Башкы прокуратура «сыртка чыгарылган акчадан 5 миллиарддан ашык салык төлөнбөй калган» деп жатат. «932 млн. доллардын ичинде салыктар да бар» деп белгилешүүдө. Анын ичинен 70 миллионго жакын доллар Кыргызстандын акчасы. Ошондуктан бул акча бюджетке тиешеси бар деп ачык айтышыбыз керек.

Жээнчороев Финансы полициясынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиевге: «Салык мамлекетке тиешелүү каражатпы?» деген суроо берди. Жамгырчиев «салык бюджетке тиешелүү» деп жооп берди.

Финполиция ошол эле учурда Айеркен Саймаити анын жубайынын жана «Абдыраз» фирмасынын 2011-2017-жылдар аралыгында банктагы эсептерине 937 млн. 807 279 доллар түшкөнүн жарыялады. Бирок учурда алардын банктагы эсептеринде бир да тыйын жок. Ошондуктан бюджетке түшпөй калган 6 миллиардга жакын каражаттын өндүрүлүшү да күмөн.

Тараптардын жүйөсү

Депутаттык комиссиянын бул жолку жыйынында Финансы полициясынын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Бажы кызматынын, Чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), «Азаттыктын» жана Матраимовдордун өкүлдөрү катышты.

«Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева комиссиянын жыйынында «Азаттыктын» жана өнөктөштөрдүн биргелешкен иликтөөлөрү Кыргызстандын бир топ мамлекеттик органдарындагы туташ коррупциянын бетин ачканын белгиледи.

Айзада Касмалиева.
Айзада Касмалиева.

- Чет өлкөлүк ишкер адегенде кыргыз бажысындагы байланыштарын пайдаланып, миллиондоп пара берүү жолу менен ишмердик жүргүзгөн. Бажынын ошол убактагы Оштогу жетекчиси, кийинчерээк төраганын орун басары болгон Райымбек Матраимовдун атасынын атындагы фондго которулган бир нече миллион долларга башкача түшүндүрмө жок. Акчаны Айеркен Саймаити Абдукадырдын буйругу менен «Ысмайыл Матраимов атындагы фондго» которгонун ырастайт, - деди «Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси.

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн адвокаты Канатбек Азиз Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин финансылык жана башка байланыштары жок экенин айтып жатат. Ал ошондой эле журналисттик иликтөөдө Матраимов жана анда сөз болгон акча боюнча бири-бирине каршы келген маалыматтар бар экенин айтып, комиссиядан ага баа берүүнү сурады. Ал Саймаитинин «Ысмайыл Матраимов атындагы фондго» акча которгонун ырастады.

Канатбек Азиз.
Канатбек Азиз.

- Райымбек Матраимовдун фондго тиешеси жок. Фондго эки жолу акча которулганын биз өзүбүз да айттык. Бирок Райымбек Матраимовдун Айеркен Саймаити менен мамилеси жок экенин айтам.

Саймаити көзү тирүүсүндө Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн Кытайдан Өзбекстанга товар ташыган «Абу-Сахи» фирмасынын товарларын мамлекеттик чек арадан тоскоолдуксуз өтүшүнө Райымбек Матраимов кепилдик берип турганын билдирген.

Саймаити акчаны «Ысмайыл Матраимов атындагы кайрымдуулук фондунун» эсебине которуп турушканын айтып, муну ырастаган бир нече банк документтерин көрсөткөн. Андагы жалпы сумма 2,4 млн. долларга барабар. Бир тууган Матраимовдордун улуусу, депутат Искендер Матраимов Саймаитиден акча келгенин мойнуна алган. Бирок «200 миң доллар гана которгон» деп билдирип келет.

Депутаттык комиссия тууралуу маалымат

Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 2019-жылдын 21-ноябрында убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги алты фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Түркияда аны өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалган.

Былтыр 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдү жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Абдукадырдын бийликтеги байланыштары

Хабибулла Абдукадыр - Кытайдан чыккан ишкер. Ал өзүнө баш ийген адам аркылуу Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин «Форум» ишканасын сатып алган. Муну Атамбаев өзү белгилеген. Абдукадыр менен Атамбаевдин кучакташа күлүп түшкөн сүрөтү экөө абдан жакын ымалада болгонун көрсөтөт.

Абдукадыр менен тааныш экенин азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да мойнуна алган. Бирок кандайдыр ишкердик байланышы жок экенин белгилейт.

Абдукадырдын бир тууган иниси Хадир Маймайтили менен Райымбек Матраимовдун аялы өнөктөш болуп, Дубайда көп кабаттуу имарат салууда. Абдукадыр менен Финполиция жетекчиси Бакир Таировдун туугандары да бизнес өнөктөш. Алар Чаткалдагы Кассан сурьма кенин чогуу иштетишет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG