Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:17

Жээнбеков: Хабибулланы тааныйм, бирок аны менен эч кандай мамилем жок


Хабибулла Абдукадыр президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземинде. Ноябрь, 2017-жыл (Президенттик аппараттын сүрөтү)
Хабибулла Абдукадыр президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземинде. Ноябрь, 2017-жыл (Президенттик аппараттын сүрөтү)

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жылдын жыйынтыгына арналган пресс-конференцияда ишкер Хабибулла Абдукадыр тууралуу суроого жооп берди.

Президент аны тааный турганын, бирок эч кандай мамилеси жок экенин айтты:

- Инаугурацияга адамдарды чакырууну, кайда отургузууну, бүт уюштуруу маселелерин мурдагы президенттин аппараты алып барган. Мен бул кишини тааныйм. Тааныбайм дебейм. Ошто губернатор болуп жүргөндө Кызыл-Суу автоном облусу менен 2013-жылы бизнес форум өткөргөнбүз. Ошондо иниси келип, таанышканбыз. Аны менен мурунку президенттин да жолугушуусунда болгонбуз. Ал киши менен жолугушуум 2017-жылы болгон. Атамбаевдин кабинетинде үчөөбүз жолукканбыз. Инаугурацияга келди, аны билем. Бирок мен көп кишини тааныйм. Инвестиция тартыш үчүн форумдарды өткөргөм. Кээ бирлер ойлогондой, менин аны менен бизнес мамилем, эч кандай мамилем жок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев быйыл жайында “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү айткан:

- “АКА холдингдин” башчысы Хабибулла Абдукадыр менен мени Сооронбай өзү тааныштырган 2017-жылы. Хабибулла Кудайдан корккон адам. “Кантип тааныштың Атамбаев менен?” деп сурагыла. Мага аны Сооронбай тааныштырган.

Быйыл «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аты аталган.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG