Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

Иликтөөчү журналист чак түштө сабалды (видео)


Иликтөөчү журналист чак түштө сабалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00

Иликтөөчү журналист чак түштө сабалды

Бүгүн, 9-январда Бишкектин так ортосунда «FactCheck» порталынын редактору Болот Темиров сабалды.

Журналист кол салууну өзүнүн журналисттик ишмердиги менен байланыштырды. Ал жетектеген «FactCheck» сайты акыркы кезде бир катар чуулгандуу материалдарды жарыялаган.

Анын ичинде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жана анын уулунун кымбат сааттары, кийим-кече, асем жасалгалары жана автоунаасы тууралуу иликтөө жарык көргөн. Басылма «Мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсү мындай байлыкка кантип жетти?» деген суроо койгон. Матраимовдор бул окуяга алардын атын жабыштыруу туура эмес экенин билдирди.

Чак түштөгү кол салуу

«FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго түшкө маал басылманын кеңсесинин жанынан олбурлуу үч жигит кол салган. Анын айтымында, жерге жаткырып алып тепкилешкен. Журналист кол салууну өзүнүн журналисттик иши менен байланыштырды. Бул тууралуу ал «Азаттык» үналгысы менен болгон маегинде билдирди.

- Саат 12:30дар чамасында кеңсенин жанындагы аркадан өтүп жатканда үч жигит кол салды. Эч нерсе сүйлөбөй эле сабай баштады. Биз бул жердеги кошуналардан спорттук формачан кайсы бир адамдар эки күндөн бери «FactCheck» сайтынын кеңсеси ушул үйдөбү деп издеп жүргөнүн укканбыз. Мен бүгүн өтүп бара жатканда бирөө артымдан уруп, жыгылганда үн-сөзсүз эле бетке ургулай башташты. Колумда чөнтөк телефон бар эле, ал ыргып кетти. Качканда алып кетиштиби, таппай калдым.

Темиров бул кол салууну «FactCheck» порталы жарыялаган, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аялынын буюмдары жөнүндө иликтөөгө байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоп жатканын кошумчалады.

Болот Темиров.
Болот Темиров.

- Мен муну эмнеге байланыштырам? Биринчи кезекте биздин акыркы иликтөөгө. Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын чыгымдары тууралуу материалга байланыштырам.

Болот Темиров ага кол салуу тууралуу милицияга арыз жазганын, медициналык текшерүүдөн өткөнү жатканын кошумчалады.

Искендер Матраимов​: Шектүүлөр жазаланышы зарыл

Райымбек Матраимовдун​ бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов "Азаттыкка" бул окуяга аларды жабыштыруу туура эмес экенин билдирди. Ал журналисттин сабалышы тууралуу "Фейсбук" баракчасына да пикирин жазды.

- Болот Темиров деген журналистке кол салуу болгонун окудум. Аны үч жигит акмалап жүрүп, сабап кетишкени айтылууда. Бул азырынча анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуубу же башка себептер менен болгонбу ачыктала элек. Эгер журналисттин сабалышы - анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болсо ал туура эмес жана демократиянын принциптерине көлөкө түшүрөт. Журналист гана эмес, жарандардын дагы сабалышы - мыйзамга каршы келген аракет. Тийешелүү органдар ыкчам иштеп, болгон мүмкүнчүлүктөр менен шектүүлөрдү таап, жазасын бериши зарыл. Журналист жигитке ден соолук каалайм. Батырак айыгып, калемин колуна алышына тилектешмин!, - деп жазды Искендер Матраимов​. ​

Президенттик аппарат: журналисттин сабалышына өкүнүчүбүздү билдиребиз

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков журналист Болот Темировго кол салуу боюнча ыкчам топ иштеп жатканын, азырынча шектүүлөр кармала электигин кошумчалады. Көчөдөгү көзөмөл камераларына журналистти сабаган деп шек саналып жаткан үч адамдын качып баратканы түшүп калган. ​

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева журналистке кол салууга өкүнүчүн билдирип, бул кылмыш ишинин бети ачылышы керек экенин айтты.

- Биз өкүнүчүбүздү билдиребиз. Журналист эле эмес, адамды уруп-сабоого, денесине залал келтирүүгө болбойт. Президент сөз эркиндигинин, демократиялык принциптердин жактоочусу болгон жана боло берет. Мен ушул жерде президенттин сөзүн айта кетким келет. Ал күчтүү жарандык коом жана эркин басма сөз өлкөнүн өнүгүшү үчүн керектүү курал экенин белгилейт. Ошондуктан биз өкүнүчүбүздү билдиребиз жана бул факт биздин укук коргоо органдары тарабынан каралат деп абдан үмүттөнөм. Бул анын кесиптик ишине байланыштуу болбогон күндө деле ар бир кылмыш иши ачылып, ар бир адам коргоого укуктуу экени талашсыз деп эсептейбиз. ​

Ал арада Кыргызстандагы бир нече медиа уюм жана журналисттер «FactCheck» порталынын редактору Болот Темировго кол салууну айыптап билдирүү таратышты. «Медиа Полиси» институтунун баракчасына жарыяланган билдирүүдө «Темировдун сабалышы - журналисттик иликтөө менен алектенгендерди коркутуу актысы» экени айтылган.

«Биз Болот Темировго кол салууну коомчулуктун маалымат алуу укугун чектөө деп эсептейбиз. Биз жогорку кызматты ээлеген адамдарды мындай коркутуу аракетин эл алдында айыптап, дагы кайталанбашы үчүн өз көз карашын билдирүүгө чакырабыз», деп айтылат билдирүүдө.

Мындай чакырыкка «Медиа полиси» институту, «Журналисттер» бирикмеси баштаган бир нече уюм жана өлкөдөгү ондогон журналисттер кол койгон.

«FactCheck» порталынын ​иликтөөсү

17-декабрда «FactCheck» сайты Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жана уулунун кымбат сааттары, кийим-кече, асем жасалгалары жана автоунаасы тууралуу иликтөө жарыялаган.

Иликтөөдө Матраимовдун үй-бүлө мүчөлөрү 2015-2017-жылдары социалдык сайттарга чыгарган сүрөттөрдөгү буюмдарынын чыныгы баасы аныкталган.

Мисалы, «Lexus GX 460» үлгүсүндөгү жолтандабас базарда 4,5 млн. сом экени көрсөтүлгөн. Ал эми Уулкан Тургунованын кол сааттарынын бири 2,6 млн. сомго, бир көйнөгү 200 миң сомго барабар.

Иликтөөчүлөр өздөрү таап, талдай алган буюм-тайымдардын жалпы суммасын 24 миллион сомдон кем эмес турат деп баалашкан.

Ошол эле маалда Райымбек Матраимовдун 2015-2016-жылкы декларацияларындагы кирешеси да, чыгашасы да бул суммага жетпейт. Эки жылда Матраимовдун үй-бүлөсү 15,6 млн. сом тапканын гана көрсөткөн.

Ошол күндөрү Factcheck.kg сайтынын Матраимовдордун туугандары тууралуу макаласын көчүрүп баскан бир катар маалымат каражаттары иштебей калган.

Анын ичинде Кaktus.media, Economist.kg, pk.kg, vb.kg жана Kloop.kg сайттарынын ишинде кыйынчылык келип чыккан.

«Kloop» басылмасы муну DDoS чабуул экенин жазып, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бир канча басылма бир учурда ушундай чабуулга кабылганын билдирген.

DDoS-чабуул - бул кайсы бир сайтты бузуш үчүн серверге бир эле учурда бир канча жол менен таасир этүү.

2018-жылдан бери иштеп келаткан factcheck.kg сайты бир канча талаштуу маалыматтарга, окуяларга байланыштуу фактыларды иликтеп, ондогон макалаларды чыгарган. Андан тышкары сайттын адистери журналисттерди окутуп келатат.

Болот Темиров жетектеген Factcheck.kg - калп жана фейк маалыматтарга, коомдук пикирдин манипуляциясына, маалыматтарды бурмалоого каршы күрөшүүгө багытталган онлайн-ресурс.

Анда иштеген журналисттер окурмандарга калыс маалымат жеткирип, коомдук маанилүү жаңылыктардын, эсептер менен бүтүмдөрдүн аныктыгын текшерип, түрдүү булактардан алынган маалыматтарды салыштырып, баалап, ушак, фейк маалыматтарга байма-бай мониторинг жүргүзүп, анын жыйынтыгын жарыялап турат.

Бул ресурсту «Кыргызстанда медиа сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча демилгелер» деген долбоордун алкагында «Сорос-Кыргызстан» фонду колдойт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG