Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Бийликти бир колго берүү опурталдуу


Жолдош Турдубаев.
Жолдош Турдубаев.

Жогорку Кеӊештин депутаты Курманкул Зулушевдин Кыргызстандагы башкаруу формасын тандоо маселесин жалпы элдик добушка коюу тууралуу демилгеси катуу талаш-тартышка жем таштады.

Биз үчүн президенттик башкаруу жакшыбы же парламенттикпи деген суроого жооп издештен мурун бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактары эмне үчүн ажырымдалып турушу керек экенин эске алалы. Анткени кысталыш, беймаал кырдаалда козголгон сөздү үстүрт эле түшүнүп, карандай эмоция менен эле бүтүм чыгарууга элди түртпөш керек.

Бийликти бөлүштүрүү эмне үчүн зарыл?

Бийликти бутактарга ажырымдоо принциби б.з.ч. VIII кылымда эле Спартада ишке ашырыла баштаган экен. Андан кийин бийликтин эч кайсы бутагы баарын ээлеп албасын деп ар биринин ыйгарым укуктары байыркы Рим республикасынын конституциясында такталыптыр. Теориялык жактан муну өнүктүрүүгө XVII кылымда Жон Локк менен Шарль Луи Монтескьё зор салым кошуптур. Ошол доордон (кийинки жүз жылдыктар тогошкон мезгилден) тартып бийликти бөлүштүрүү принциби көптөгөн мамлекеттерде тааныла баштаптыр.

Эгер мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтери бир кишинин же мекеменин карамагына өтсө, эркиндик болбой калат, анткени ошол монарх же сенат зулум бийлик жүргүзүш үчүн залим мыйзамдарды чыгара баштайт деп кооптонууга негиз бар.

Сот бийлиги мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтеринен ажыратылбаган шартта деле эркиндик болбойт. Эгер сот бийлиги аткаруу бийлиги менен бириксе, жарандардын жашоосу жана эркиндиги ээнбаштарга көз каранды болуп калат, анткени судья мыйзамды өзү токуйт. Эгер сот бийлиги аткаруу бийлиги менен биригип калса, анда судья эзүүчүгө айланышы ыктымал.

Эгер бир эле адамга же мансаптуулардан, ак сөөктөрдөн же карапайым кишилерден куралган мекемеге ушул үч бийлик ыйгарылып калса, баары ойрон болмок: бийлик мыйзам чыгарып, жалпы мамлекеттик мүнөздөгү токтомдорду жүзөгө ашырып, соттоп, жеке адамдардын талаштарын чечип калмак.

(Монтескьё, «Мыйзамдар деми», XI китеп)

Бийликти үч бутакка ажыратуу принциби эӊ ырааттуу түрдө 1787-жылы АКШнын Конституциясына киргизилиптир. Бул үч миӊ жылдай созулган азаптуу изденүүлөрдүн, төӊкөрүштөр жана жарандык согуштар менен коштолгон адашуунун, кара күчтүн эле эмес, акыл таймашынын (алдамчылык менен баамчылдыктын, айлакерлик менен терең акыл калчап, алысты көрө билүүнүн айыгышкан тирешүүсүнүн) натыйжасында жаралган Баш мыйзам эле. Ошентип, бийликти бөлүштүрүү принциби демократиялык өнүгүү жолуна түшкөн көпчүлүк өлкөлөрдүн конституцияларынан орун алды.

Бийлик бүт бойдон жеке адамдын же бир ууч топтун колунда болсо, анын кыянат пайдаланылышына бөгөт коюлбай калат экен. Ошол эле учурда туура колдоно билбесе, башкаруунун мындай кылдат формасы (демократия) чоркоктун колундагы курч балтадай баары жокту бүлдүрүп ийет тура… Андыктан кечээ жакынга чейин эле авторитардык бийликтин өкүмү менен жашап келген коомдор бийликти бир колго эле берип койгонго ыктап турат окшойт. Минткенде бийликтин үч бутагы формалдуу түрдө бар деп эсептелгени менен, иш жүзүндө мыйзамдардын өзгөртүлүшү, аткарылышы (же бузула бериши), соттордун адилеттиги (же карөзгөйлүгү) бир кишинин гана каалоосуна, эркине байланып калары анык. Бул жагдай бийликтин кыянат пайдаланылышына, автократиянын, залимдиктин орношуна, демек, демократиянын жоюлушуна өбөлгө түзөрүн да өзүбүздүн оор тажрыйбадан көрдүк.

Бизде Акаев менен Бакиев жеке бийлигин мыйзамдан жогору коюп алгандыктан куулбады беле? Бийлик элге кызмат кылсын, мамлекетте мыйзамдуулук орносун деген тилек менен тандалган парламенттик башкаруу тутуму эмне үчүн жакшы иштебей жаткандыгын төмөндө өзүнчө сөз кылабыз. Азыр бийлик бутактарынын ортосундагы теӊдештик жана көз карандысыздык принцибине токтоло кетели.

Мыйзам чыгаруу бийлиги негизинен мамлекеттин ырааттуу өнүгүшү, бийликтин жана сот өкүмдөрүнүн адилет чыгарылышы үчүн утурумдук кызыкчылыктарга же камчысы катуу, капчыгы калыӊдарга эмес, жалпы элге, ар бир жаранга текши иштегидей укуктук таянычты иштеп чыгып, бекемдеп турушу керек. Аткаруу бийлиги ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпай, жетекчиликтеги бардык иштерин мыйзам нугунда так, жоопкерчиликтүү аткарышы керек. Сот бийлиги мыйзамдын бардык жарандарга бирдей колдонулушун, аны бузгандардын жазасыз калбашын ишеничтүү камсыз кылышы керек.

Бул үч бутак бири-бирине көз каранды болбой, мыйзамга гана баш ийип иштеши керек. Бири чийинден чыгып баратса, беркилери мыйзамдуу тизгинди тартып, бийликти ала салдырмадан (төӊкөрүштөн, узурпациядан) сактап, теӊ салмактуулукту бекемдеп турууга тийиш.

Оро албагандын орогу

Президенттикпи, парламенттикпи же аралашпы (кайсынысына ыйгарым укук көбүрөөк берилгенине жараша – президенттик-парламенттикпи, парламенттик-президенттикпи) - бардык эле башкаруу формаларында бийликтин үч бутактуу болушу талап кылынат. Ошондуктан ал түгүл диктатура өкүм сүргөн мамлекеттерде деле ушул терминдер менен аталуучу түзүмдөр бар, болгону алардын өз алдынчалыгы жок – мыйзамга эмес, жеке басар өкүмдарга баш иет.

Биз президенттик башкаруу деген эмне экенин Акаев менен Бакиевдин тушунда, парламенттик башкарууну Атамбаевдин тушунда көргөндөй болдук. Бирок башкаруунун эки формасы теӊ элди канааттандырган жок. Мунун себеби ушул тутумдардын жамандыгына эмес, биздин жетекчилердин иш билги эместигине, саясый маданияты төмөн экендигине, элдин укуктук жана саясый аӊ-сезими өнүгө электигине байланышкан.

Өйдөдө айтылгандай, биз башкаруу формаларын «көргөндөй болдук», бирок көрө элекпиз. Анткени президенттик деген башкаруу мезгилинде мамлекет башчыбыздан мыйзамдардын так сакталышын талап кыла албадык. Аты парламенттик, заты арасат же иш жүзүндө негизги ыйгарым укуктар кайра эле президентке ооп кеткен башаламан башкаруу мезгилинде Жогорку Кеӊешке мамлекеттик машинаны бузбай жүргүзө алган иш билги, татыктууларды эмес, добуш сатып алган капчыктууларды шайладык.

Диогенге эмне керек?

Дүйнөнүн теӊ жарымын басып алып, чексиз бийликке ээ болгон атактуу Искендер Зулкарнайн (Александр Македонский) бул жарыктын жыргалчылыгынан кечип, чоӊ челекте жашап калган философ Диогендин кашына келип, минтип сураган дешет:

- Акылманым, мен Жер жүзүндө өкүм жүргүзгөн Искендермин. Сага кандай жардам кылайын?

- Күндү тоспой, ары жылчы! Мага башка эч нерсеӊдин кереги жок!

Философтун сөзүн ким кандай түшүндү? Мамлекет башчы ар бир жаранды кийиндирип, тамын куруп, ооругандарын өз колу менен дарылап, талаадагы эгинин эгип, өстүрүп, кызылын бастырып, тегирменге тартып, нанын бышырып бербейт. Анын эӊ негизги милдети - бийликтин көлөкөсүн элге түшүрбөө, башкаруучулардын жоопкерсиздигинен, соттордун карөзгөйлүгүнөн жарандарды коргоо экен. Эгер парламентпи, президентпи (өкмөтпү) же сотпу - бөлүштүрүп алган милдеттери боюнча ар кайсы тармактарда, чөйрөлөрдөгү ишин ар кимиси кынтыксыз таза, так, мыйзамдуу нукта аткарып турса, бийлик тараптан элге башка эч нерсенин кереги жок экен.

Эгер өлкөдө мыйзам диктатурасы орносо, б.а. соттор мыйзамдарды даража, байлык, бийлик ж.б. боюнча айырмачылыктарына карабай, бардык жарандарга бирдей колдонуп, калыс чечимдерди чыгарып турса, мыйзам бузгандардын эч кимиси жазаланбай калбаса, экономикадагы, өндүрүштөгү, базардагы, талаадагы, малканадагы, мектептеги, ооруканадагы ж.б. чөйрөлөрдөгү иштерди ар ким өзү эӊ ийкемдүү, сарамжалдуу уюштурат. Мамлекет күчтүү, эл байгер, ар бир адам бактылуу болот.

Баса...

Акырында референдум жөнүндө демилге көтөргөн Курманкул Зулушевге бир сунуш айтайын.

Урматтуу депутат, сизди мыкты юрист дешет. Беймаалда опур-топурду баштабай, Баш мыйзамыбызды кайра-кайра өзгөртө берген өнөкөттү токтотуп, андан көрө бийликтин жоопкерчилигин күчөтүп, ыйгарым укуктарына жараша ар бир баскычтагы, деӊгээлдеги жетекчилердин милдеттерин да теӊдеширип, мыйзамдуулукту бекемдештин юридикалык таянычтарын иштеп чыкпайсызбы? Мисалы, ашка жүк, башка жүк – бири бирин бир нече ирет кайталаган, мамлекеттик машинанын жүрүшүнө, иштешине тоскоол гана болуп жаткан түзүмдөрдү кыскартыш үчүн алгылыктуу моделди сунуш кылбайсызбы?

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

XS
SM
MD
LG