Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 26-май, 2020 Бишкек убактысы 05:52

Депутат башкаруу формасын тандоону сунуш кылды


Курманкул Зулушев.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча Баш мыйзамга өзгөртүүнү караган референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору коомчулуктун сынына кабылды.

Анын негиздемесинде парламенттик демократияга караганда президенттик башкаруунун артыкчылыгына басым жасаган жагдай президенттик бийликти күчөтүү демилгеси катары бааланып жатат.

Депутат дооматты четке кагып, бул элдин тандоо эркиндигин камсыздоону көздөгөн анын жеке демилгеси экенин айтып, мыйзам долбоору карантинден мурда эле иштелип чыкканын түшүндүрдү.

Президенттик башкарууга ыктаган негиздеме

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо боюнча референдум дайындоо жөнүндө» мыйзам долбоору 1-апрелде коомдук талкууга коюлуп, Жогорку Кеңештин расмий сайтына илинген.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде башкаруунун парламенттик жана президенттик эки формасын референдум аркылуу аныктоо көрсөтүлгөн. Анда парламенттик системанын бир топ кемчиликтери саналып, ал эми президенттик башкаруунун артыкчылыгы катары анын туруктуулугу жана натыйжалуулугу аталган.

Социалдык тармактарда депутат Курманкул Зулушевдин референдум өткөрүү демилгеси өзгөчө абал учурунда коомдук талкууга чыкканы өзгөчө сынга алынууда.

Шайырбек Маматокторов.
Шайырбек Маматокторов.

Блогер жана журналист Шайырбек Маматокторов бир кезде жеке басар бийликтен запкы тарткан депутаттын азыр президенттик бийликти күчтөнтүүгө бел байлап жатканы түшүнүксүз дейт:

«Башка бирөө эмес, дал Курманкул Зулушев өзү ушундай демилге менен чыкканы мени аябай таң калтырды. Кезинде президенттин жеке бийлигинен куугунтук жеп, запкы тарткан судья бүгүн эми парламенттик демократиянын шарапаты менен депутат болуп келип, анан кайра президенттик бийликти күчтөндүрүү демилгесин көтөрүп жатканы өкүнүчтүү. Бул жөндөн-жөн эле чыга калган жери жок. Бүгүнкү бийликти азыркы абал жана жарандардын саламаттыгы кызыктырбайт окшойт. Эгерде эл бул илдеттен катуу жабыркап калса, референдумга ким барат деген суроону бийлик өзүнө бериши керек болчу. Ооба, парламенттик система бизде актаган жок деп жатабыз. Бирок ага ким күнөөлүү? Парламенттик система эмес да. Буга өз укугунан пайдалана албаган сабатсыз жана принциби жок депутаттардын парламентте отурушу себеп болуп жатпайбы. Болбосо, бардык эле парламенттик республикаларда ал натыйжалуу эле иштеп жатпайбы. Бизде эле эмнеге иштебеши керек? Эгерде иштете алышса иштейт!».

Абдувахап Нурбаев.
Абдувахап Нурбаев.

Парламент депутаты Абдувахап Нурбаев бул демилгенин артында мыйзам долбоорун иштеп чыккан анын кесиптеши жалгыз эле Курманкул Зулушев эмес, башка дагы ички-тышкы күчтөр турушу мүмкүн деп божомолдойт:

«Мен буга таптакыр каршымын. Соңку мезгилде кайсы бир саясий күчтөрдүн аракети менен «парламенттик демократия деген жарабайт экен, 35 депутат эле иштесе болот» деген сыяктуу ойлорду коомго байма-бай таңуулап, биздеги парламентаризмди биротоло жок кылууну көздөгөн маалымат өнөктүгү жүрүп жатат. Ошонун фонунда кесиптешибиздин мындай демилге менен чыгып жатышы бул иштин артында чоң бир ички-тышкы күчтөр турганынан кабар берет. Биздин коомчулук, аң-сезимдүү катмар буга каршы туруп, парламенттик демократияны сактап калышыбыз зарыл. Анткени азыркы парламенттин сапаттык курамына берилген сын аркылуу эле жалпы парламенттик демократия идеясына көө сүрттүрүп, аны биротоло жок кылууга жол бербешибиз керек. Менимче, президент деле буга каршы. Анткени ал инаугурация учурунда парламенттик башкарууну колдой турганын расмий жарыялаган. Бирок бизге экономикалык өнөктөш мамлекеттер президенттик башкарууда болуп жатышпайбы. Алар буга каршы болуп, анын өз өлкөлөрүнө жайылып кетишинен чочулап турушат. Ошондуктан биздеги жаш жана алсыз парламенттик демократияны болушунча каралап, алар бизди кайра президенттик башкарууга кайтарууга кызыкдар».

Зулушев: Бул менин жеке демилгем

Мыйзам долбоорунда башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду өткөрүүнү 2020-жылдын 4-октябрына дайындоо мөөнөтү да көрсөтүлгөн. Талдоочулардын баамында, бул дата болжол менен парламенттик шайлоону өткөрө турган күнгө туура келет. Анын мыйзам долбоору өзгөчө абал учурунда коомдук талкууга чыгып калганын депутат анчейин деле өөн көрбөйт.

Депутат Курманкул Зулушев бул анын жеке демилгеси экенин айтып, анын артында президенттик аппарат турат деген дооматтарды четке какты:

«Бул мыйзам долбоору башка мыйзам долбоорлору сыяктуу эле бир ай коомдук талкууда турат. Анан коомчулуктун пикирин угабыз. Анын негизинде комитеттин кароосуна алып чыгабыз. Ал жактан комитет колдойбу, же колдобойбу, азырынча белгисиз. Андан өтсө, парламенттин палатасы колдойбу же колдобойбу, азырынча эч ким билбейт. Буга карата өкмөттүн, БШКнын жана президенттик аппараттын ою кандай экени эми билинет. Бул менин жеке демилгем. Мени президенттик аппараттын буюртмасын аткарып жатат деген туура эмес. Мен президенттик башкарууну колдоп, ошого барууну көздөп жаткан жокмун. Бардыгын эл тандасын, эл өзүнүн эрки менен президенттик башкарууда болгусу келеби же парламенттикпи? Болгону бул жерден элдин каалоосун аныктайлы деп жатам».

Депутат Исхак Масалиев бул мыйзам долбооруна авторлош болуу сунушталганын айтып, бирок ал андан баш тартканын белгиледи:​

Президенттик башкарууга ыктайлы десем, мурунку үч президенттин тагдырын көрүп коркуп калдым. Парламенттик башкаруу дейин десем, азыркыдай парламенттин эч кимге кереги жок. Мандаттарды сатып алып, анан парламенттик башкаруу кылабыз деген акылга сыйбаган нерсе.
Исхак Масалиев.


«Курманкул Зулушев президенттик башкарууга көңүлү бурулуп турган экен. Ал мага «сиз да кошуласызбы» дегенинен баш тарткам. Мен ага эгерде сен муну эки ай мурда сунуш кылсаң, анда «муну тандайсыңбы же аны тандайсыңбы?» деген сунуш аркылуу гана калыстык менен мыйзам демилгесин алып чыгышың зарыл. Эгерде сен мыйзам долбоорунун автору болуп туруп, президенттик башкарууга ыктаганыңды көргөзүп турсаң, анда башкача болуп калат» дегем. Ошондуктан бул жерде талкуулап, талашып-тартышып, ой жүгүртүү үчүн мындай мыйзам долбоорун жарыялоого эмнеге болбосун? Азыр бизге кайсы башкаруу натыйжалуу экенин билбейм. Президенттик башкарууга ыктайлы десем, мурунку үч президенттин тагдырын көрүп коркуп калдым. Парламенттик башкаруу дейин десем, азыркыдай парламенттин эч кимге кереги жок. Мандаттарды сатып алып, анан парламенттик башкаруу кылабыз деген акылга сыйбаган нерсе. Бизде азыр формалдуу түрдө парламенттик башкаруу. Бирок биздин депутаттар аны колдонгусу келбейт. Анткени биздин депутаттар көнүп калган. Аларга «шеф» болушу керек. Бүгүн баарыбыз парламенттик башкарууда туруп алып, анан «президент чечсин» деп кыйкырып жатабыз. Баш мыйзамда анын андай ыйгарым укугу жок. Бирок иш жүзүндө ошондой болуп жатат».

Кыргызстанда президенттик башкаруудан парламенттик демократияга өтүүнү караган Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум 2010-жылы өткөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (73)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG