Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 1-апрель, 2020 Бишкек убактысы 13:52

Деги 2005-жылы революция болду беле?


Бишкек. 24-март, 2005-жыл.

Кыргызстан ансыз да «Борбор Азиядагы демократия аралчасы» аталып жүрсө, мындан 15 жыл илгери кандай окуя болгон? 2005-жылдын 24-мартындагы элдик ыңкылаптын мааракесине карата тарыхчынын блогу.

2005-жылы 24-мартта жана 2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда жүзөгө ашкан окуяларга кандайча баа беребиз? Башка замандаштарымды билбейм, мен үчүн бул суроо мындан аркы бүткүл өмүрүмдү бучкактап ээрчип келе турган суроо болуп калды көрүнөт...

Дароо ар кыл пикирлерди санап өтөйүн:

1. Бийликтин эски сересинен (эски «позициядан») караган баа.

Бул окуялар нагыз мамлекеттик төңкөрүш болгон. Аны сырткы күчтөр (империалисттик Батыш, ж.б.) шыкакташкан. Аны ишке ашыргандар - мафиялык күчтөр, баңгизатка, аракечтикке берилгендер, жумушсуз бекерпоздор жана аларды колдонууга умтулган жек көрүмдү саясатчылар!

«Мына сага, дал өзү! Ой, баракелде!» деп ошол 2005- жана андан кийин 2020-жылы бийлик тизгини колунан жылбышкан тараптар ушул саясий баага маашырланышы мүмкүн.

Сырткы күчтөр жагына келгенде, учурда Маскөө алдында байырлаган А.Акаев АКШ менен Батыш Европаны өзүн кулаткан жексур күчтөр катары жек көрө элестетип алса, ал эми Минскиде бозгунда жүргөн К.Бакиев кабагын чытып, Кремлге ызаланып карашы ыктымал.

Биздин муун бул эки мырзаны жакшы билет, ал эми соңку жаңы тарыхты өздөштүрүүгө кирише элек өспүрүмдөргө эскерте кетсек, Аскар Акаев - Кыргызстанды 1990-2005-жылдары бийлеген өлкөнүн туңгуч президенти болгон, XXI кылымдын башындагы алгачкы ыңкылаптын натыйжасында бийликтен ыргыган физик окумуштуу. Ал эми Курманбек Бакиев болсо 2005-жылдын 25-мартына оогон түнү президенттин милдетин аткаруучу кызматын Ишенбай Кадырбековдон (ал ушул милдетти бир нече саат гана аткарууга үлгүрдү) тартып алып, кийинчерээк президенттик кызматка расмий шайланган, 2010-жылы 7-апрелде бийликтен шыпырылган аткаминер.

Албетте, жазгандарына жана маектерине караганда, бозгундагы мурдагы президенттердин ар бири өз башкаруусун өлкөдөгү эң адилет башкаруу катары көрөт.

2. Төмөндөн («оппозициядан») караган баа.

Кыргызстанды титиреткен 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар - эки баскычта өткөн нагыз элдик революциялар. Алар өлкөдө сөз жүзүндө демократияга ынтызар болуп, иш жүзүндө авторитардык режимди орноткон кишилердин үй-бүлөсүнүн жана аларга ыктаган мите топтордун жемкор үстөмдүгүн жоюуга багытталган.

3. Марксисттик тараптын баасы.

2005- жана 2010-жылдардагы окуяларды эч кандай ыңкылап (революция) деп баалай албайбыз. Анткени революция төмөнкү коомдук-экономикалык формациядан жогоркураак тепкичтеги формацияга жетелей турган ири саясий өзгөрүү болууга тийиш. Бул эки учурда тең эч кандай формация алмашкан жок. Коом баягысындай эле жапайы деңгээлдеги базар экономикасы багытында кала берди. Демек, Кыргызстанда революция болгон эмес.

Бир кездеги СССРдеги кудуреттүү жана жеке басар партия болгон КПССтин (Советтер Биримдигинин Коммунисттик партиясынын) калган-каткан бөлүгүнүн өкүлдөрү жаңыдан негиздеген жергиликтүү эргежээл Кыргызстан Коммунисттеринин партиясынын мүчөлөрү жана алигиче коммунисттик идеологиянын туткунунда калган саясат таануучулар дал ушул марксисттик бааны үстөккө-босток айтып келишет.

4. Заманбап башка баалар.

Кыргызстандагы тарыхчылар, философтор, саясат таануучулар жана башка гуманитардык багытта эмгектенген айдыңдар 2005- жана 2010-жылкы окуялар жаатында башка да он чакты чаржайыт пикирлерди жарыялап келишет.

Алардын бир даары бул окуяларды «революция» («ыңкылап») деп баалашса, башкалары коомдо көзгө толумдуу өзгөртүү киргизе албаган жөн гана «төңкөрүш» деп аташ керек деп белгилешет.

Бул жагдай учурдагы коомдук көз караштагы ар башка уюлду, жарга кептелүүнү, аргасыздыкты, ошондой эле саясий ой жүгүртүүдөгү ар түрдүүлүктү, изденүүнү, умтулууну да чагылдырат.

Кыргызстандын президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын планына ылайык, тарыхчылардын чакан тобу 2015-жылы жазында бул эки ири окуяларга арналган биргелешкен изилдөөсүн жүргүзгөн. Анын натыйжасында 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларды «элдик ыңкылаптар» катары баалоо тууралуу сунуш түшкөн.

Албетте, бул окуяларды «хунта» же «аскердик төңкөрүш» деп атагысы келгендер болгон. Бирок Кыргызстандагы бул эки окуяда тең куралдуу күчтөр менен полиция бийликтин алмашуусу үчүн түздөн-түз күрөшкөн тараптардын камчысын чапкан жок. Армия ар дайым эч жакка кийлигишпеген турумда болду. Демек, бийликтин алмашуусу аракеттеги кайсы бир аскер генералынын бийликти басып алышы менен аяктабагандан кийин, муну «аскердик хунта» деп атоого эч негиз жок.

Албетте, 2005-жылы абактагы милиция генералы Феликс Кулов абактан бошотулган, 2010-жылы аскер генералы Исмаил Исаков да элдик толкундоонун шарапаты менен эркиндикке чыккан. Бирок алар бийликти күч менен басып алчу саясий лидерлер катары чыкпастан, бийлик алмашуунун негизинде атуулдук акыйкаттыкка жетише алган оппозициячыл коомдук ишмерлерден гана болушту.

Кыргызстандын полициясы оппозициячыл күчтөрдүн демонстрацияларын басыш үчүн жигердүү колдонулганына карабастан (2002-жылы мартта Аксыдагы каргашалуу ок атуудан кийин чоң сабак алган полиция, негизинен, ок атуучу куралсыз жазалоо ыкмаларына өткөн), эки окуяда тең Бишкектеги Өкмөт Үйүн оппозиция каратып алып жаткан кезде тынч коргонуу ыкмасын гана жактады. Эсибизде, 2010-жылы 7-апрелде Өкмөт Үйүн коргош үчүн огожо болуп көрүнүп турууга чакырылган Ички иштер академиясынын курсанттарынын эч биринин куралы болгон эмес.

Ал эми 2010-жылын 7-апрелиндеги кан төгүүгө келсек, аны полиция эмес, атайын сакчылар тобу жүзөгө ашырган. Ал кездеги президент К.Бакиевдин бийлиги тымызын колдонгон деген жана сырттан алынып келингени жоромолдонгон десанттар жөнүндөгү териштирүү президент А.Атамбаевдин тушунда бүдөмүктөнүп барып соңуна чыкпай калгансыды.

Дал ушул өзгөчө снайпердик топ куралсыз демонстранттарды аткылаганы тууралуу маалыматтар негедир толук териштирилген жок. Анын себеби кайрадан авторитардык ыкмага өтө баштаган президенттин чөйрөсүнүн тымызын келишүүлөрү менен байланыштуу болдубу же жокпу, белгисиз.

Кылмыш дүйнөсүнүн эрежеси менен жашаган А.Батукаевди Орусиянын Чеченстан аймагына ээн-эркин коё берүүнүн чуусу боюнча соттук териштирүү жөнүндө коомчулук кабардар. Бирок 2010-жылы апрелде Бишкекти аткылоого тиешеси бар деп жоромолдонгон, сырттан келген снайперлер менен Ош окуясында кармалган шектүү десантчылар болгон-болбогону туурасында эч кандай ачык маалымат жарыяланган эмес. (Кыргызстандагы коопсуздук кызматынын көп өкүлдөрү көрүнбөс жиптер менен кубаттуу шериктештин коопсуздук кызматына чырмалганы тууралуу айың кептер жүрөт, фактылар жарыялана элек. Кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей...).

5. Жеке пикирибиз.

Биз буга чейин жарыялап келген көз карашыбызды азыр деле тастыктайбыз. Биз үчүн 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар нагыз элдик ыңкылаптар (революциялар) болуп саналат.

Себеби элдик толкундоолор күч ала берип, бийлик алмаштырууга алып келсе, анын натыйжасында куралдуу күчтөргө эч таянбаган оппозиция топтору элдин атынан өкмөткө келсе, бул социалдык революциянын түрү болуп саналат. Социалдык революциялар сөзсүз эле формацияны алмаштыра бербейт, бирок кеңири катмарлардын кызыкчылыгындагы ар кыл реформаларды мүдөө кылат.

Ирандагы шахтын либерал, бирок жемкордукка белчесинен баткан режимин кулаткан 1979-жылдагы элдик толкундоо шарттуу түрдө «исламдык революция» деп аталып келет (кайсы бир күчтөр үчүн ал «контрреволюция» болуп саналат). Деги, Иран коому ошондо либералдык коомдон артка - орто кылымдардагы динчил түшүнүктөр үстөмдүк кылган коомго кетүүнү самады беле? Менимче, жемкордукка баткан саясий элита тек гана бийликти популист молдолорго, алардын башчылары болгон аятоллага алдырып жиберди. («Таблиги жамаат», салафийлер каржылаган мындай эскичил популист молдолор азыр Кыргызстанда да тамыр жая баштаганы олуттуу тынчсыздандырат).

Марксисттердин «революция ырааттуу түрдө эң жогорку формацияны - коммунизмди карай багыт алууга тийиш» деген урааны жана кыялы XX кылымдын соңунда таш талкан болду. Бул кыялды мамлекеттик идеологияга айланткан СССР 1991-жылы биротоло ыдырап, бир нече капиталисттик өлкөгө жиктелди. Азыркы тапта социализмди жактаган Кытай да, Вьетнам да соода-сатык экономикасына, менчиктин көп түрдүүлүгүнө акырындап эшик ачуу аркылуу гана ири экономикалык жетишкендиктерге мүмкүнчүлүк алды. Ал өлкөлөр эми кхмердик Кампучия сыяктуу акчаны өрттөп, жылаңач коммунизмге кирүү, тоталитардык диктатураны орнотуу сыяктуу тири шумдуктуу антигумандык кыялдардан дээрлик таптакыр баш тартышты. Коммунистик Түндүк Корея түндүк корейлердин тоталитардык түрмөсү экенин бүт дүйнө жакшы билет.

Ал эми ыңкылаптар кээде студенттик кыймылдардан деле от алып кетиши ыктымал экени 1989-жылдын ноябрындагы коммунисттик Чехословакиянын мисалынан деле айгинеленет.

Башында чакан социалдык маселе козголуп, акыры элди ойготкон соң, андан аркы саясий талаптар үчүн күрөшкө жол таптаган кыймылдар тынч же кан төгүү жолу менен жексур бийликти кулатууга алып келсе, жаңы бийлик ар кандай либералдаштырган жана гумандуу багыттарда өзгөрүүлөрдү жүзөгө ашырган реформаларды жүзөгө ашыра баштачу болсо, демек, бул өзгөрүүлөр - элдик ыңкылаптын шарттары четинен аткарыла баштагандыгынын өрнөгү болуп саналат.

Жеке баамымда, бир катар кыргызстандык айдыңдар 2005- жана 2010-жылдагы окуяларды 1990-жылы 27-октябрда - 1991-жылы 31-августта Кыргызстанда тынч жол менен жүзөгө ашырылган антикоммунисттик «баркыт ыңкылабы» менен тыгыз байланыштырып, туура саясий жана теориялык баа берип жатышат.

Бул пикирди мен да толук колдойм. Бул тыянакты «мен өзүм тапканмын» деп эч айта албайм, анткени бир эле учурда көптөгөн кыргыз айдыңдары ушул тыянакты айтып жана жазып чыгышты. Алардын көбү - мурдагы «Кыргызстан» Демократиялык Кыймылы (КДК) аталган антикоммунисттик саясий блоктун айдың өкүлдөрү.

Кыргызстанда 1990-91-жылдары тынч усулда коммунисттик режимди ойрон кылган элдик ыңкылап Чехословакия, Венгрия, ГДРдеги баркыт ыңкылаптары, Берлин дубалынын кулашы сыяктуу окуялардай эле тарыхта өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Бул - кыргыз тарыхынын даңазалуу барагы, тынч өткөн элдик революциянын өрнөгү.

Тек гана туңгуч президент А.Акаев 1994-жылдан тартып бул ыңкылаптын мөмөсүн акырындап жокко чыгарып отуруп, Конституциялык соттогу жемкорлордун жана башкалардын көмөгү менен үй-бүлөлүк башкаруусун орнотууга жетишти. Эгерде ал 1994-жылы Жогорку Кеңешти жансыздандырып, мыйзамсыз таркатууга жетишпегенде, балким, анда ал тарыхта импичментке калган алгачкы президент катары калышы да ыктымал болчу. «Алтын комиссиясынын» жемкорлукка каршы ишмердиги кайра ырааттуу улантылса, анда окуя ушундай жыйынтыкка такашы деле мүмкүн эле.

"Март ыңкылабынын кадыры төмөндөгөнүнө өкүнөм"
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:39 0:00
Түз линк


Бирок анын бийлиги 2005-жылы парламенттик шайлоодо одоно добуш бурмалоого жол бергенине байланыштуу келип чыккан элдик толкундоонун жогорку чекити жетишилгенде кулатылды.

2005-жылы элдик ыңкылапта бийликке келген Курманбек Бакиев да 2007-жылдын соңунан тартып кайрадан авторитардык башкарууну чыңдоого өттү. Акыры ал да элдик революциянын натыйжасында бозгун болуп кетти.

Кыргызстандагы бир айырмалуу көрүнүш - бул эки элдик ыңкылап тең оболу элетте, жер-жерлерде келип чыккан элдик толкундоолордун түшүмү болду.

Бул революциялык окуяларды жөн гана бир дабыраган, дүрбөп алган калайык (2005-жылы оппозициялык блоктун жетекчиси мантуу жеп отурганда, ал эми 2010-жылы оппозиция лидерлери абакта же качып баш калкалап жүргөндө) өзүнөн-өзү Бишкекте Өкмөт Үйүн ээлеп алган окуя катары сыпаттагысы келгендер, албетте, бул Бишкектеги туу чокуга жеткен окуялардын ирегесиндеги ар кыл облустардагы элдик кыймылдар жөнүндө маалыматы жок же атайын аларды айткысы келбейт.

Эки ыңкылапта тең, ошондой эле, 1990-91-жылдагы баркыт революциясында да жалпы эл, анын ичинде элет эли негизги кыймылдаткыч күч болду. Карапайым калайык Батыштын же Орусиянын тымызын акчасын акташ үчүн көтөрүлдү деген айың кептин эч кандай далили жок.

Албетте, азыр да элди түйшөлткөн башкы суроо - «Эгерде сиз «элдик ыңкылап ишке ашты» десеңиз, неге кайрадан эле авторитардык бийлик тизгинин сезип жатабыз?» деген мыйзамдуу суроо.

Менин жеке баамымда, Убактылуу Өкмөт жана 2010-жылдан кийинки президент Роза Отунбаева өз милдеттерин ырааттуу аткарып, элдик революциянын баштапкы саясий маселелерин кандайдыр бир деңгээлде татыктуу чече алышты.

Ал эми 2011-жылдын соңунда бийликке келген А.Атамбаев оппозиция кезинде өзү мисал кылып айтып жүрчү «үңкүрдөгү ажыдаарга» акырындап өзү айлана берди да, Путин-Медведев же Назарбаев-Токаев чынжырына окшогон өзүнүн керт башына ылайыкташкан «пайдалуу чынжырды» түзүү ниети таш каап калды. Бирок орто жолдо авторитардык бийлик механизмдерин жана жемкорлук көмүскө байланышты кайрадан жандантып кетти (бул схеманын айрым үлгүсүн ыраматылык Эркин Самат, б.а. Айеркен Саймаити киши колдуу өлгөнгө чейин ашкерелөөгө үлгүрдү).

Азыркы президент С.Жээнбеков жана жалпы эле бийликтеги ага үзөңгүлөш саясий элита эми конституциялык реформалар аркылуу 1990-жылдагы элдик талапты - демократиялаштыруу жүрүмүн улантуу талабын жүзөгө ашыра алабы? Парламенттик демократиянын багытын чындап колдойбу, сот реформасын жүзөгө ашырууга ниети барбы? Же жең ичинен өз тобунун болочок бийлигин түптөш үчүн оюндарды улантабы? Бул суроонун жообу бүгүн эмес, эртең билинет. Демек, 1990-91-жылдардан берки элдик ыңкылаптар ырааттуу койгон милдеттерди андан ары аткаруу түйшүгү дагы эле күн тартибинде кала берүүдө.

Бирок постсоветтик кыргыз коому - айрым башка КМШ өлкөлөрүнүн коомдорунан айырмаланып, «алма быш, оозума түш» деп жата берчү коом эмес. Жаратман, күрөшкер коом. Бул коом - 1990-91-жылдан бери атуулдук укуктар, сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги, менчиктеги көп түрдүүлүк, улуттук ар-намыс үчүн күрөштө ырааттуу жеңип алгандарын андан ары улантууда зор тарыхый тажрыйба топтоого үлгүргөн коом.

Эгерде башка айрым коңшу өлкөлөрдө президенттерин «эл башы, «Түркмөнбашы», «улут көсөмү» сыяктуу эпитеттер менен атап, айрымдары президенттин колун өөп, артка бурулбастан сыртка кетенчиктеп жылып, президенттин урпактарын чоң кызматтарга дайындоого көз жумду мамиле кылып, айтор, көшөкөрлүктүн саясий оюнунун кейипкерлерине айланып жатышса, ал эми Кыргызстанда ар дайым президентти, спикерди жана өкмөт башчысын ачык сындаган атуулдар болуп келген, болуп жатат жана боло бермекчи.

Мунун өзү да 1990-91-жылдардан башат алган демократиячыл ыңкылап Атажуртубузда өз күүсүнөн жана электигин айгинелейт.

Быйыл май айынын соңунда КДКнын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракеси белгиленмекчи. Коронавирус менен байланыштуу, балким, коомдук жыйын өткөрүү создугар, бирок Бишкектеги бийлик бул мааракени өткөрүүгө каршы чыккан жок. Демек, азыркы бийлик өкүлдөрү да өздөрүн 1990-91-жылдардагы КДК жана башка демократиячыл күчтөр баштаган элдик демократиячыл ыңкылаптын улантуучулары катары санашууда. Бул да жакшы жышаан.

Жыйынтыктасак, 2005- жана 2010-жылдагы окуялардын (бизче - нагыз элдик ыңкылаптардын) тарыхы улам жаңы маалымат аркылуу улам тереңдеп таразаланууга тийиш. УКМКнын аларды чагылдырчу архивдик маалыматтары калайыкка шардана кылынышы абзел. Бул окуялар мезгилдик жактан канчалык алыстаган сайын, аларды калыс баалоо мүмкүнчүлүгү ого бетер арта берээри шексиз.

2005-жылдагы элдик ыңкылаптын 15 жылдык мааракеси менен куттуктайм, урматтуу замандашым!

P.S.

Автор редакторлогон жыйнактар:

Доор жаңырткан элдик ыңкылаптар: 2005-жылдын 24-мартында жана 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда жүзөгө ашкан элдик ыңкылаптардын мааракелерине арналган жыйнак / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), З. Ж. Эргешов, ж.б. – Экинчи, толукталган басылыш. - Бишкек: КРПжӨ ИБнын алдындагы «Типография» мамл. ишк., 2015. – 302 + XVI б., сүрөт. - «Мурас» фонду. - [«Тарых жана мурас» түрмөгү]. - ISBN 978-9967-12-475-2.

"Кыргызстан" Демократиялык Кыймылы: Эгемендик менен демократия үчүн күрөштүн башаты: Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын карлыгачы - КДКнын 25 жылдыгына арналган макалалар жыйнагы / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), академик А. Эркебаев, ж.б. - Бишкек: «Maxprint» басмасы, 2015. - 166 б., сүрөт. – «Мурас» фонду. - [«Тарых жана мурас» түрмөгү]. - ISBN – 978-9967-12-487-5.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (23)

XS
SM
MD
LG