Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

КУРМАНБЕК БАКИЕВ : ЭЛДИН ИШЕНИЧИНЕН АЖЫРАГАН БИЙЛИК ТРАГЕДИЯ МЕНЕН БҮТӨТ


Март ыңкылабынын бир жылдыгынын алдында Президент Курманбек Бакиев маалымат каражаттарынын алдына чыгып сүйлөп, 24-март окуяларына элдик революция катары баасын берди. Былтыр болгон талап-тоноолор үчүн экс-президент Акаевдин бийлигин айыптады.

Президент бир күн мурда чыгарган Жарлыгы менен 24-мартты Элдик ыңкылап майрамы жана деп алыш күн катары жарыялаган. Мамлекет башчынын айтымында, экс-президент Акаев элден ажырап калган үчүн эл өзү жапырт көтөрүлүп, ишенимден кеткен мурдагы бийликти кулатты:

-Март окуялары маалында бийликке нааразы болуп Кыргызстандын бардык аймактарында эл көтөрүлүп, жер-жерлерде өздөрү акимдерди, губернаторлорду шайлап баштаган. Эгерде бир райондо же бир шаарда эл көтөрүлсө ал башка кеп, ал эми Кыргызстан боюнча түндүгүндө да, түштүгүндө да бүт эл көтөрүлүп, жетекчилерди шайлай баштаганына эмне себеп болду? Анткени, эл бийликке ишенбей калган, бийлик менен элдин ортосунда жарака абдан чоң болгон. Бул 2002-жылы мартта Аксы окуяларынан башталган. Ошондо башталган эл менен бийликтин карама-каршылыгы акыры 2005-жылы марттагы окуяларга алып келди,-деди К. Бакиев.

Былтыр 24-мартта экс-президент Акаев өлкөдөн качып кеткенде түн ичинде шаардагы ири дүкөндөр талан-тоноого алынып, көп адамдар материалдык зыян тарткан. Аларга компенсация төлөп берүү жөнүндө убадасын бийлик толук аткарбай калган үчүн алар 24-мартты улуттук майрам деп жарыялаган чечимге нааразы болуп жатышканын билдиришкен. К. Бакиев дал ошол талап-тоноолор үчүн элди таштап салып качып кеткен мурдагы бийлик башчыларын айыптады.

-Жаңы бийлик күнөөлөштүн кереги жок. Элин талаага таштап кеткен мурдагы бийликти айыпташ керек. Эмне болсон ошо бол, тоносоңор, өлтүрсөнөр өзүңөр билгиле деп Бишкекти талоонго таштап кеткен эски бийлик. Жаңы бийлик кан төгүлбөсүн деп бардык аракетти жасады. Кудайга шүгүр, адам курмандыктарына жол берген жокпуз,- деп баса белгиледи Президент.

К. Бакиев талап-тоноого эң биринчи экс-президент Акаевге жана анын үйбүлөсүнө, бийликтеги жакын чөйрөсүнө таандык деп эсептелген соода точкалары туш болгонун билдирди. Мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларына, акыйкатсыздыкка жаны ачып калган ач-жылаңач эл бийлик төрөлөрүнүн дүкөндөрүн талап-тоноого барышкан. Бирок, ошол эле учурда таптакыр күнөөсү жок адамдар да зыян тартышкан. Президент аларга жардам берүү үчүн Өкмөт аракеттерди көрүп жатканын билдирди.

Президент былтыркыдай тополоң, талап-тоноо болбойт деп ишендирди. Анткени, андай кырдаалдын чыгышына саясий жана экономикалык себептер да, негиз да жок. Мамлекет башчы ошол эле учурда май талкандан ажырап калган мурдагы бийлик өкүлдөрү тарабынан кырдаалды солкулдаткан ар кандай аракеттер болушу ыктымалдыгын жокко чыгарбасын белгилеп, андай аракеттерге чечкиндүү бөгөт коюлат деп билдирди.

Экс-президент Аскар Акаев буга чейин маалымат каражаттарына сүйлөгөн сөздөрүндө 24-марттагы окуяларды мамлекеттик төнкөрүш деп баа берип, бийликти антиконституциялык жол менен экстремисттер тартып алышты деп жаңы бийликти айыптап келатат. Курманбек Бакиевдин айтымында экс-президенттин жаңы бийликти жамандаган сөздөрү анын дагы эле акылына келе электигин көрсөтүп турат. Ошол себептүү анын Кыргызстанга кайтып келиши жөнүндө маселени козгошко да эрте.

Былтыркы март окуяларына катышкан бир катар саясий күчтөр Президентти мурдагы бийликтин тушунда коррупцияга булганган адамдар менен иштеп жатат деп сынга алып келишет. Ошону менен катар Бакиев өзүнүн бир туугандарын чоң кызматтарга коюп жатканына да нааразы пикирлер чыккан. Президенттин бир иниси Улуттук Коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, бир иниси Германияга элчи болуп дайындалган. Дагы бир иниси Кытайдагы кыргыз элчисине кенешчи болуп барган. Президент өз кезегинде бир тууган инилери башынан эле өздөрүнүн чыйрак аракеттери менен элге алынып, мамлекеттик ишке аралашып келгенин белгилеп, ошол себептен аларды кызматка койгондугу үчүн аны сындаган пикирлерди кабыл албай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG