Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 13-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 22:54

Бийлик алмашкандан эч нерсе өзгөрбөйт


Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Гүлнара Сулайманова жиберген сунуш.

Эгемен Кыргызстанда эки жолу ынкылап болду, төрт президент, 39 премьер-министр, Жогорку Кеңештин 18 төрагасы алмашты. Бирок бул бизге жетиштүү сабак болгон жок. Жыйынтыгында коррупциянын кулачы кеңейди, асты азайган жок.

Эгемен Кыргызстандын соңку тарыхындагы президенттердин баары эле коррупция менен күрөшүп келатат. Акыркы 28 жылдан бери мамлекеттик башкаруу системасынын бардык тармактарында жүрүп жаткан ургаалдуу реформалардын бир өңүтү коррупцияга каршы күрөшкө, коррупцияны жоюуга арналган. «Коррупцияга белчесинен баткан коомдук-саясий, экономикалык системаны түп-орду менен алмаштырабыз» деген ураан астында бери дегенде 6-7 жолу конституциялык реформа болду. Канча жолу шайлоо мыйзамдары алмашты. Бүгүн сот алдында бир мурдагы президент, эки экс-премьер-министр, эки экс-мэр, министрлер, депутаттар отурат. Эки экс-президентибиз качып-бозуп сыртта жүрөт. Таң калычтуусу - бизге тарых да сабак боло алган жок, убакыттын өтүшү, конституциялык реформалар да, жадагалса ынкылаптар да коррупцияны түп-тамырынан жоюуга жардам бере албасын көрсөтүп койду!

Анда эмне кылыш керек? Канткенде жети баштуу ажыдаарга айланган коррупциянын тамырын кыркабыз, канткенде гүлдөп өскөн Кыргызстанга айланабыз?

Мындан бир гана жыйынтык чыгат: бийлик алмашса эле коррупция өзүнөн өзү жок болуп кетпейт экен. Ынкылаптар да, конституциялык реформалар да коррупциялык системаны түп-тамырынан жогото албайт. Тескерисинче, соңку конституциялык реформа, анын ичинде партиялык шайлоо системасы коррупциянын гүлдөгөн системасы түзүлүшүнө шарт түздү. Эч кимге жашыруун эмес, парламенттик шайлоо алдында депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги орундар ачык эле сатылды. Ош базарында картөшкө саткандай сатылды. Демек, биз туура эмес жолду тандап алганбыз. 2010-жылдагы конституциялык реформа коррупцияны жоюуга багытталбастан, тескерисинче аны мыйзамдаштырып берген, анын гүлдөп өсүшү үчүн бардык зарыл шарттарды түзгөн. Бүгүн саясый партиялар миллиондогон акчаны чачып, парламенттин басымдуу бөлүгүн ээлөө менен башкаруучу коалицияга кирип, аткаруу бийлигиндеги кызмат орундарын торт бөлүштүргөндөй бөлүп, өз билгенин кылып жатышат. Ал түгүл айыл өкмөттөрүндөгү кызмат орундары да бөлүштүрүлдү. Ачыктан-ачык эле соода жүрдү.

Демек, эгерде биз бүгүн коррупцияны түп-тамырынан жоготобуз десек, анда туура эмес бүтүп калган, сынган бутту кайра сындырып түзөгөндөй, реформаны кайрадан эле конституциялык реформадан башташыбыз керек. Жогоруда биз туура эмес жолду тандап алганбыз дебедимби. Андыктан бул жолу жаңылбай туура жолду тандашыбыз керек дейт элем. Андай жол - АКШнын башкаруу системасы. Аткаруу бийлигинин башында президент турган бул башкаруу системасы бизге көп жагынан туура келет деген ишенимдемин. Өзүбүз алакандай эл болсок, бизге кош бийликтин: президенттин жана премьер-министрдин кереги эмне? Кыргызстанга күчтүү президенттик бийлик керек жана аткаруу бийлигинин башында да президент өзү турганы оң. Аткаруу бийлигине кимдерди дайындайт, кимди алат - мамлекет башчысынын кадр саясатына эч ким кийлигишпегени дурус. Мына ошондо президенттин жүгү оорлойт, жоопкерчилиги да күчөйт. Азыр болсо эмне алешем иш болсо премьер-министр же министрлер күнөөлүү болуп иштен кетет дагы, президент сүттөн ак болуп четке чыга берип жатпайбы? Бул бир жагы. Экинчиден, парламенттин ыйгарым укуктарын мүмкүн болушунча чектеп, депутаттар мыйзам чыгаруу иши менен гана алек болуп, эки күндүн биринде министрлерди парламентке чакырып, алардын кийген кийимине чейин сөз кылганын токтотушу керек. Жогорку Кеңеш эки палатадан: Мыйзам чыгаруу жыйыны менен Эл өкүлдөр жыйынынан туруп, жалпы саны 95 депутаттын тегерегинде болсо акылга сыярлык болмок.

Парламент, партиялык тизме, саясий партиялар демекчи, бүгүн бизде саясий партиялардын саны 200дөн ашты. Кыргызда атам замандардан болгону 40 эле уруу болгон. Эми ошол 40 уруу эл 200дөн ашуун саясий партияга чачырап отурат. Демек, мунун өзү мамлекет саясый партиялардын ишмердигин жөнгө салып, алардын ар бир кыймылына, ийне-жибине чейин кылдат көз салып турушун билдирет. Бизге деле АКШдагыдай Демократиялык жана Либералдык эки партия болсо жетиштүү, калганы ашыкча. Ар бир саясий партиянын кимдин, эмненин эсебинен каржыланып жатканы, парламенттик жана президенттик шайлоолордо каражатты кайсы булактардан алып жатканы коомчулук үчүн ачык болушу абзел. Муну айтканыбыз - каалайбызбы же жокпу, саясый партияларды каржылоо маселесине келгенде коррупциялык схемалар жок эмес. «Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы козгогон кылмыш ишин чечип берүү үчүн «Дизел комплект» компаниясынан 150 миң доллар сураган» деп айыпталып, жакынкы күндөрү 7 жылга соттолгон Икрамжан Илмиянов эгер ал акчаны алган болсо, өзү үчүн эмес, партиялык муктаждык үчүн сураган болушу толук ыктымал. Айтор, кайсы гана өңүттөн алып карабайлы, саясый партиялардын ишмердиги, партиялык шайлоо системасы жана партияны каржылоо маселеси түп-тамырынан өзгөртүүнү талап кылат.

Саясий партиялар мамлекеттин коомдук-саясий турмушуна аралашканына эч каршылык жок. Бирок балээнин баары саясий партиялардын саны көптүгүнөн жана алардын бийлик үчүн бардыгына кайыл болуп жанталашканынан улам болуп жатканы да ачуу чындык. Коррупциянын бир өзөктүү тамыры да ушул жакта. Парламент жана парламенттеги депутаттык орундар, министрликтердеги кызмат орундары бүгүнкүдөй болуп соода-сатыктын объектисине айланып жаткан шартта коррупция менен күрөш дегендин өзү күлкү келерлик. Саясый партиялар, анын ичинде бийликтеги партиялар толук иш жүргүзүшү үчүн чоң каржы булагына муктаж жана каржы маселесине келгенде каржы ээлерине – бизнеске көз каранды.

Бизде сот системасы да коррупциялашып бүткөн. Укук коргоо системасы да коррупциялашкан. Соттор калыс чечим чыгарсын, бийликтин башка бутактарынан көз каранды болбосун деген аракеттер жок эмес. Мамлекет мүмкүнчүлүгүнө жараша алардын айлык маяналарын да көтөрдү, ал түгүл пенсияларын да жогорулатты. Бирок абал өзгөргөн жок. Кыргызда «төшөгүңө жараша бутуңду сун» деген жакшы кеп бар. Азыркы шартта канча кааласак да, соттордун, прокурорлордун, милиция кызматкерлеринин маянасын чексиз жогорулата албайбыз. Миңдеген мугалимдер, дарыгерлер жарыбаган айлык менен жашап келатышат. Сот системасындагы коррупцияга каршы мыйзамдарды катаалдатып гана, так кесе жойбосо, сотторду эсине келтирбесек, башкача жол көрбөй турам. Дегеле, сот системасындагылар үчүн гана эмес, бүтүндөй укук коргоо системасында иштегендер үчүн да мыйзамдарды катаалдатып, алардын жоопкерчилигин көтөрүш керек. Айлык маянанын аздыгы - сот жана укук коргоо системасындагылар үчүн жөн гана бетке кармаган шылтоо.

Коррупциялык схемалар коомдук турмуштун бардык чөйрөсүндө, анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү тармагында да бар. Мунун баары убактылуу көрүнүштөр. Эгер биз аткаруу бийлигиндеги, парламенттик деңгээлдеги, сот, укук коргоо органдарындагы коррупцияны тизгиндей алсак, анда андан ылдыйкы звенодогу коррупция өзүнөн өзү жоголот.

Сулайманова Гүлнара, Бишкек шаары

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG