Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 23:44

Кыргызстанды жемкорлордон сактап калалы


Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Нурсултан Жаныбеков жиберген сунуш.

Кыргызстанда жемкорлук, паракорлук, кызматтык кылмыштар абдан күч алып, мамлекетибиз өнүгүүгө суусап турган учуру.

Кыргыз элинин эң башкы кыялдарынын, максаттарынын бири - бул кыргыз бийлигине жаңы, жаш, таза, билимдүү адамдардын келиши. Элибиз ошону азыркыга чейин эңсеп, кыялданып, үмүтүн үзбөй келет (бул ишке ашса эски жемкорлордун сары изине түшүүгө жол ачылат, тазаланууга барабыз). Ошол кыялдарды ишке ашырмакчы болуп көптөгөн адамдар шайлоого аттанышат. Бирок, тилекке каршы, талапкерлер сөз берип шайлоого аттанып, ошол шайлоодон жеңип бийлике келген соң кыргыз элин унутушат. Кыргыз эли үмүтүн үзбөй дагы да болсо алданып келе жатат. Элдин көзүнөн жаш эмес, кан аккан учурлар болуп жатат. Адилеттик таппагандыктан акыйкат издеп сотторго, прокурорлорго, милиционерлерге, мамлекеттик кызматкерлерге нааразылыгын айтып жанын кыйган жарандар да болгон. Бирок кыргыз эли 2020-жылы боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын же өздөрү атап алгандай «элиталарын» шайлоо максатында кимди жана кимге добуш берерин толук кандуу ойлоно элек. «Бу жолкусунда кандай адамдар бийликке келет?» деп коркуу сезими кете элек.

Азыркы учурда жеке мен Кыргыз Республикасынын жараны катары бир да саясий партияга, мамлекеттик кызматкерлердин жетекчилерине, депуттаттарга, министрлерге, прокурорлорго, милиционерлерге, сотторго ишене албайм. Себеби алар кыргыз элинин алдында берген убадаларын, анттарын, айткан максаттарын аткара алышкан жок. Белгилей кетсем, азыр социалдык тармак аркылуу көптөгөн адамдар жана көптөгөн саясатчылар өздөрүн элдик адам катары көрсөткүсү келишет. Бирок «кыңыр иш кырк жылда билинет» деген кыргыз элинин улуу сөзү чын болуп чыга келип, чыккынчылардын чыныгы жүзү билинип, уят болгон учурлар кездешип жатат.

Жемкорлук менен кантип күрөшсө болот? Биринчиден тартип жана тазалануу керек. Ар бир адам баласынын үй-бүлөсүндө кылмыш жана жемкорлук жөнүндө баяндама жасалып турса, балдарынын келечеги үчүн таалим-тарбияны кичинекей кезинен берсе, жемкорлуктун дагы бир бөлүгүнөн арылса болот. Бирок биз бийликке келип калсак же болбосо акчалуу болуп калсак эле баарын бийлик менен же болбосо акча менен чечсе болот деген жаман ой келет.

Кытай Эл Республикасындагы жемкорлук менен күрөшүү кандай жыйынтык алып келип жатат? Жемкорлор аз дегенде өлүм жазасына тартылат. Жакында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң мырза туулган күнүндө Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстанда жолугушуп, Путинден балмуздак белек алды. Бул эмненин белгиси? Кытай Эл Республикасында жемкорлук менен күрөшүү максатында кымбат белек же болбосо белек алуу жемкорлукка тете болот жана бул кылыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Жемкорлукка каршы турган мыйзамы абдан катуу иштейт.

Жемкорлукка каршы күрөш жөнүндө мыйзамдар бизде да аябай мыкты жазылып, жакшы түзүлгөн. Бирок, тилекке каршы, ал мыйзамдар бар экенин кээ бир учурда жогору жактын буйругун аткармак болуп жатып Башкы прокуратура өзү да унутуп калат.

Негизи, Кыргыз Республикасында жемкорлук менен күрөшө турган биринчи адам президент эмес, башкы прокурор жана башка прокурорлор (Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө) болушу керек эле. Башкы прокурорго бир гана анын биринчи орун басары иш козгой алат жана кылмыш ишин ача алат, ошондуктан башкы прокурор коркпой, эрктүү болсо жемкорлуктан арылышыбыз мүмкүн.

Жемкорлук - бул мамлекеттин акчасын уурдоо, тоноо, кыргыздын байлыгын менчиктештирип алуу гана эмес, бул кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу. Ишенип берилген ыйгарым укугунан аша чабуу да жемкорлукка тете болот.

Азыркы учурда өлкөдө жемкорлук менен күрөшүүдө эң биринчи орунда, сап башында турган ыктыярчылар – массалык маалымат каражаттары болуп жатат десек жаңылышпайбыз.

Мыйзам чыгаруу бийлиги, сот бийлиги, аткаруу бийлиги жана прокуратура органдары жемкорлук менен күрөшүүдө ишти баштайт жана аягына жетпей шалаакылыктан улам мыйзамсыз токтоп калган учурлар кездешип эле келет. Анын себеби - жарым жолдон тууганынын катышы болот же болбосо президенттин, депутаттын же министрдин тиешеси чыгат. Кызматынан ажырап калуудан коркконунан ишти токтотууга туура келет. Анан кантип жемкорлук менен күрөшөбүз?

Сөзүмдүн аягында айта кетчү нерсе - жемкорлук менен күрөшүүдө этият болбосоң аягында өзүң жем болуп же жемкор (жалган көрсөтмөнүн аркасы менен мыйзамсыз кылмыш ишин козгоо жолу аркылуу) болуп калышың да мүмкүн.

«Жемкорлук, паракорлук менен күрөшөбүз жана адилеттүүлүктү орнотобуз» деген максат ар бир жаранда боло бербейт экен. Кыргыз эли азыркы бийликтен чарчады, ошондуктан жарандарыбыз көп нерсеге кайыл болуп, башка жактан бакыт издеп чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болуп жатышат.

Кыргыз мамлекетинин келечеги мен үчүн кайдыгер эмес жана азыркы депутаттардан мен да кутулгум келет. Себеби алар Кыргызстандын келечегин ойлогон да жок, элдин үмүтүн актай алышкан да жок.

Нурсултан Жаныбеков

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

XS
SM
MD
LG