Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Коррупцияга каршы өлүм жазасы керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Жоомарт Бейшеналиев жиберген сунуш.

Мен айылдык журналистмин, жашым 67де. Кептин ачыгын айтканда жемкорлук СССР убагында эле кездешчү. Анда деле таанышы, өйдө жакта байланышы жоктор колхоз башкармасы, партком катчысы, ферма башчысы, райком боло алышчу эмес. Алар да кызматка баруу алдында өйдө жактагылардын көңүлүнө же көзүнө илинбей, ал кызматттарга жете алышчу эмес. Андагы жемкорлук азыркыдай болбогону менен чоңдорго кысыр эмди тай союп үйүнө жеткирүү, алар курортторго эс алуу алдында белек-бечкектерди натуралай эмес, акчалай берүү орун алат деп угуп эле жүрчүбүз. Бирок андагы жемкорлук ошол доордун катуу тартип-көзөмөлүнөн улам азыркыдай ачыкка чыгып коомго бүгүнкүдөй болуп кеңири тарачу эмес. Баары жең ичинен жүрчү экен. Билинип калса кызматынан куулуп, партиялык катуу жазага, сот жообуна тартылып турчу.

Эгемендүүлүктүн шарапаты менен Кыргызстанда коррупция айрыкча 2010-жылдан тартып көбүрөөк айтылып, жазыла баштады. «Тиги жеди, бул ичти» дегендер Интернет булактарында козу карындай жайнап, парламент, өкмөт, сот бийлиги, бажы, салык ж.б. кызматтар коррупциясыз деги эле айтылбай калды.

Менин сунуштарым:

1. Коррупционер атка конуп, коомчулук айдыңында айтылып келгендердин байлыгы, тапкан-ташыганы кайдан экени аттын кашкасындай көрүнүп турат. Жарыбаган айлык менен мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда иштеп, катар-катар кымбат баалуу машине мингендерди, кабат-кабаты менен жер жайнаган там-ташы барларды коомчулуктун арасынан тандалып алынган бейтарап комиссиялар менен кылдат текшерип, бир бүтүм чыгарыш керек. Аларды камабай туруп жеген-ичкенин, жеңил-желпи баюу жолдорунан табылган дүнүйө-мүлкүн коомчулуктун көзүнчө жарыялап, өз алдынча ячейкаларга сактап турган оң. Жыл жыйынтыгы менен анда топтолгондорду ачыкка чыгарып элге угузуп туруп, атайын эсептен ички-тышкы карыздардан кутулууга жумшасак болмок.

2. Коррупционер атыккандарды ал кызматынан кол жууганда азыркыдай бир орундан түшсө экинчи ошого эле тете орунга түртүп киргизүүнү чектеш керек. Ал жашаган, арам жол менен тапкан там-ташка, кийимдерине чейин «бул коррупционер, эл эсебинен байыган неме» деген атайын белги, жазууларды илүүнү сунуш кылам. Арам жол менен табылган ошол мүлктү ортого тартып, өлкөнүн бюджетин толтуруу зарыл.

3. Өлкөнүн казынасына ири өлчөмдө катуу зыяны тийген кызмат адамдарын коомдук сот тармагын түзүү аркылуу коомчулуктун сотунда соттоп, өлүм жазасын киргизүү зарылдыгы бышып жетилди.

4. «Коррупция» беренеси менен кармалган кызмат адамдарынын Кытай бийлигиндей кылып, кулактарын же кол манжаларын кесип туруп, аларды өлөр-өлгөнчө кара жумушка мажбурлап салып иштетүүнү жана алар ошол иши менен коом алдында өз күнөөсүн өтөшүн сунуш кылат элем. Антпесе азыркы коомубуз жемкорлук менен бажа, куда, ага-ини, таяке-жээн сыяктуу тамырлашып-чиркешип апогейине келип жетти. Ушуларды тизип сунуштап отуруп кыргыздын жек-жаат урукташуусу акырындап келип ушул коррупцияны түзүп койгонбу деген бүтүмгө да келдим. Азыр айылда таанышың же бир башка байланышың жок иш жүрбөй албай калды.

Жоомарт Бейшеналиев

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG