Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:16

Коррупцияны тапкандарды кызыктырыш керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Шайлообек Метеев жиберген сунуш.

Мамлекет коррупция менен күрөшүүдө анын көрүнүшүнө жараша мамиле кылышы зарыл.

Мисалы, коррупциянын негизги бөлүгү мамлекеттик мекемелерде болот. Бирок ал жакта коррупциянын табылганы тууралуу мисалдар аз, себеби кайра эле коррупциялык жол менен жабылып калат. Мындай жагдай дайыма эле кайталанат.

Ушундай болбош үчүн андай ишти териштирип жаткан соттордун, жаптырып койгонго аракет кылгандардын, аларга кошуп бир кезде коррупцияны таап, бирок аны жаап койгондордун жоопкерчилиги кошо каралышы зарыл. Бул маанилүү. Анткени алар - коррупцияга каршы күрөштү дайыма аксатып келишкен күчтөр. Эң негизгиси - коррупциялык көрүнүштүн бул түрүн ачууга аны тапкан адам кызыкчылыгы болсо, коррупцияга каршы күрөш натыйжалуу жүрөт.

Биринчи дүйнөлүк согушка чейин Польша мамлекетинин батыш жагы Германияга, чыгыш жагы Орусияга караган. Орусия чек ара аркылуу өтүп жаткан контрабандалык товарларды азайтыш үчүн андай товарды кармаган чек арачыга анын көмүскө базардагы баасынын 60% төлөп берген. Бул учурунда абдан жакшы натыйжа берген. Биздин мамлекет да ушуну колдонушу керек.

Бизде кандай? Эгерде бир мекемеден бир миллион сомдук коррупция табылса, аны таап чыккан адамга коррупционердин ана башы жең ичинен сүйлөшүп, ашып кетсе 100-300 миң сом берип кутулуп кетет.

Эгерде мамлекет бир миллион сомдун 60% тапкан адамга бул 600 миң сомду сыйлык катары берсе, анда ал мыйзамдуу жол менен ошол сыйлыкты алууга кызыкчылыгы болот. Андан кийин мамлекет ал сумманын 100 миң сомун салык катары кармап калса, ошондо табылган акчанын 50% мамлекетке, 50% тапкан адамга кеткен болот.

Ушул жол менен качандыр бир кезде уурдалып кеткен, кайра кайтпай турган акчанын баарын таап, мамлекет эч болбоду дегенде ошол акчанын 50% өзүнө кайтарып калса болот. Бул коррупциянын негизги өзөгүн да, көлөмүн да жоюунун эң натыйжалуу жолу.

Кээ бир коррупциялык көрүнүштөрдүн жаралышына мамлекет өзү себепкер болот.

Өткөн кылымда Европада, тагыраак айтканда Италияда парламенттеги коалицияны күчөтүп, оппозицияны алсыратып койгондо бийликтин жогорку тепкичтеринде коррупция жанданганы байкалган.

Бизде да ошондой болуп жатат - ипподромдогу, Улуттук тарых музейиндеги, ЖЭБдеги коррупция, азыркы «КТ мобайл» же ГСМ контрабандасы. Ушулардын жаралганына мамлекет өзү себепкер, эми анын кесепетин тартып жатат.

Эгерде бийлик парламенттеги оппозицияны өз ордуна алып келсе, күйүүчү жана майлоочу материалдарды ташып келүү, сатуу укугун жалаң эле «Газпромго» эмес, башка компанияларга да берсе, коррупциянын бул көрүнүштөрү өзүнөн өзү жоюлат.

Мисал келтирели. Бир кезде армияга жалаң гана карапайым элдин балдары барып, аткаминерлердин балдары андай нерседен оолак болуп калышкан. Мамлекеттик кызматка армияга барып келгендер гана алына баштагандан бери армияга барып келүүнү каалаган аткаминерлердин балдарынан орун бошобой калды. Коррупция ал жакта өзүнөн өзү токтоду.

Ошол сыяктуу эле шаардын көчөлөрүнө видеокөзөмөл орноткондон бери МАИ кызматкерлеринин көчөдө акча алганы токтоду, эң негизгиси көчөдө тартип орноду.

Мамлекет ушуга окшогон иштерди жүргүзсө, коррупция менен күрөшүп убара болбой эле коррупциялык көрүнүштөр өзүнөн өзү жоюла баштайт. Эң негизгиси - тартип орнойт. Себеби ага чейин болуп келген көчөдөгү башаламандыкты ойлосок, коррупционер дал ошол жагдайдан, мүмкүнчүлүктөн пайдаланат.

Мисал үчүн мамлекеттин бюджети толбой жатат. Анын башка себептери да болушу мүмкүн. Ал себептердин бири - мамлекеттик компаниялардын, азыр чуу чыгып жаткан профсоюз уюмундай болуп, тапкан кирешелерин бюджетке которбой, өзүлөрүнө жумшап жатышканында. Бул туура эмес, аткаминерлердин айлыгында тартип болуш керек.

Эгерде мамлекетте 3000 сом айлык алгандар бар болсо, аткаминер алган айлыктын чеги 3000 сомго салыштырмалуу акылга сыярлык болушу зарыл, башкача айтканда 100-200 миң сом болбошу керек. Себеби бул карапайым элдин кыжырын гана келтирет.

Башка бир мисал. Финансы министрлиги - бул экономикабыздын «жүрөгү» десек жаңылышпайт болушубуз керек. Ошондуктан ал жерде сөзсүз тартип болуп, мамлекеттин көзөмөлүндө болушу зарыл, бирок азыр ошондойбу?

Эгерде мамлекеттик мекеме 1-категориядагы объект болсо, аны куралчан күзөтчү кайтарууга туура келсе, анда ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгына (МАККББ) күзөткө өткөрсө болот. Бирок Финансы министрлигинде отурган ар бир тармактын кураторлору, мекемелердин эсепчилери менен келишип алып мамлекеттик мекемелердин баарын күзөт агенттиктерине күзөткө өткөрүп жиберишкен.

Бул коррупциялык схеманын маңызы: Эгерде бир мекеменин күзөтү үчүн мамлекеттик тариф менен, мисал үчүн 9-10 миң сом каралса, кураторлор 40-50 миң сомго чейин которушканында, болгондо дагы бул кураторлордун аппетитине жараша болот. (Эң кызыгы, азыр таштандыларды ташууда да ушул схеманы пайдалана башташты). Мамлекеттин масштабында бул аябагандай чоң, бош акча, аны негедир мамлекет көзөмөлдөй албайт. Бирок мунун экинчи жана үчүнчү жагы бар.

Бир кездеги мамлекеттик мекемелердин штатында каралып, ал мекемелерди кайтарып келишкен күзөтчүлөр пенсия курагына келип калган жүздөгөн, мүмкүн миңдеген адамдар жумушсуз калышты.

Кичинекей пенсия алса да пенсионердин акыбалы алардыкынан жакшыраак, нан сатып алганга мүмкүнчүлүгү бар. Беркилерде болсо андай мүмкүнчүлүк жок, себеби курагына байланыштуу аларды эч жерге жумушка алышпайт, ошол эле күзөт агенттиктери дагы. Алар мамлекетке да, үйгө да кереги жок - пенсияга али эрте, акча иштеп тапканга мүмкүнчүлүктөрү жок, үйдө жек көрүндү акыбалда калышты. Бул факт.

Ал эми үчүнчү жагы - жумуштан бошоп калган ушул адамдар чекесинен пенсияга чыгып жатат. Бирок алар өз пенсиясын өздөрү иштеп тапканы туура болмок. Алардын жумушчу орундары Пенсиялык фонддун бир булагы эле да. Эми болсо эмгек стажы жок, алар мамлекеттин эсебинен пенсияга чыгууга туура келип, «ашка жүк, башка жүк» акыбалда калышты.

Ушул коррупциялык көрүнүштү токтотууга бийлик негедир кызыккан жок. Себеби Ольга Лаврова финансы министри болуп турганда ушул коррупциялык схема тууралуу айтылса да ага эч ким көңүл бурбай койду.

Ушуга окшогон көрүнүштөр, бийликтин өзүнүн коррупцияга аралашканы, депутаттарга же башкаларына каралган жеңилдиктер, аны көрүп турган карапайым элдин аларга болгон ниетин бузуп, бийликке да ошого жараша мамиле кыла башташат.

Таштандыны көрүнгөн жерге ыргытып кете беришкенин, эс алууга коюлган отургучтардын же кооздук үчүн коюлган буюмдардын талкаланып калгандыгын маданиятыбыздын жоктугу деп ойлойбуз. Чындай келгенде аны элдин бийликке берген жообу деп түшүнсөк болот.

Электрге, газга же коммуналдык кызматтардын кымбатташына болгон элдин реакциясы, төлөмдөрдү төлөбөшү, уурдашы же көмүскө экономиканын гүлдөшү, же ишкерлердин салык төлөбөй жатышканы - алардын бийликке берген айкын жооптору. Экономикабыздын аксап жатканынын эң негизги себептери ушунда.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Германиянын экономикасы оор акыбалда калган. Ошол убакта Бундестагдын депутаттары өз демилгеси менен депутаттарга каралган бардык жеңилдиктерди жоюп, айлык акысын мамлекеттеги орточо айлыктын деңгээлине чейин түшүрүшкөн жана министрлер кабинетин да ага кошулууга чакырышкан. Бийликтин бул аракетинен кийин элдин бийликке болгон мамилеси жакшы жагына өзгөрүп, жыйынтыгында экономика кризистен чыгып, Германия мамлекети өсүп-өнүгүү жолунда дүйнө жүзүндө алдынкы орундарга чыккан. Бирок биздин бийлик бутактары ошондой жолго бара алабы? Кеп ошондо!

«Если дать власть, и кухарка может управлять», деп В. И. Ленин айткандай кайда барбагын, тажрыйбасы жок, билими тайкы, тааныш-билиш же акчанын күчү менен келген адамдарды көрөсүң. Биздеги болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн баардыгы ушул «кыргызчылыгыбызда» - коррупция да, экономикабыздын чабалдыгы да, эки революциянын себеби да.

Алардан кандай жетекчилер чыгат? Ал адамдар жеп-ичкенди гана билишет, коррупционерлердин уюткусун ушулар түзүшөт.

Мамлекеттик кызматтарга балдар-кыздарын же тааныштарын орноштуруу же болбосо маселени акча менен чечүү күч алды. Ар бир келген бийликтин, өз адамдарына кызмат бериш үчүн улам жаңы мекемелерди ачышынын же штаттарды кеңейтишинин айынан «койчуман көп болсо кой арам өлөт» деген акыбалга келдик.

Бийлик ЖЭБдеги аварияны коррупцияга байланыштырып жатат, бирок коррупциянын аварияга кандай тиешеси бар?

ЖЭБ - бул татаал ишкана. Андай ишкананы анын «ички сырын» түшүнгөн адам башкарып, кесипкөй адамдар иштеши керек. Бирок биздин «кыргызчылыгыбыз» штаттарды кеңейтип, кесипкөй адамдардын ордуна эч нерседен түшүнүгү жок өз адамдарын алып барып «иштей тур, анан башка жакка алып кетебиз» деп ошол жакка тыга беришип, ЖЭБде авария болду. Биздин мамлекет азыр ушул ЖЭБдин акыбалына окшош.

Ушундай болбош үчүн атайын эреже киргизиш керек. Мисал үчүн, «президент түштүктөн болсо, аппарат жеткекчиси түндүктөн болсун, президент түндүктөн болсо, аппарат жетекчиси түштүктөн болсун» дегендей.

Биз «төшөгүбүзгө карап бутубузду сунбасак», чыгымыбызды азайтпасак мамлекетибизди, экономикабызды эч убакта оңдой албайбыз. Экономикабыздын аксап жатканынын дагы бир себеби ушул.

Союз маалында колхоз-совхоздор, завод-фабрикалар жана башка бардык ишканалар мамлекеттин карамагында болуп, аларды башкарууда, иштетүүдө кызматчылардын армиясы керек болгон. Алар азыркыдай компьютери жок эле колу менен жазышкан, эсептешкен, ошондой болсо да алардын саны азыркы мамлекеттик кызматчылардын санына жеткен эмес.

«Эшектин жүгү жеңил болсо жаталак болот» дейт кыргызда. Муну ар ким өзүнөн байкаса болот. Канчалык жумушу азайган сайын адам башка жумуштарын да жасагысы келбей, жалкоолоно баштайт. Бирок жумушу көбөйгөн сайын адам чыйралып, өзүнө керектүү иштерди да кошо жасай баштайт. Биз ошондой болуп жаралганбыз.

Ошол сыяктуу бир бөлүмдө канчалык иштегендер көп болсо, ал бөлүмдүн жумушу ошончолук аксай берет. «Койчуман көптө кой арам өлөт» болот. Бул бүтүн бир мекемелерге, бүтүн бир министликтерге тиешелүү. Ошондуктан ар бир бөлүмдөн баштап мекемелер менен министликтердин штаттарын оптималдаштыруу зарыл.

Акыркы дагы бир маселе - бул коррупционерлердин тагдыры.

1917-жылкы революциядан кийин мал-жер, завод-фабрика ээлери камалып же жер которууга, же качууга туура келгендиктен Орус империясынын экономикасы толугу менен талкаланып, элде ачарчылык болгон. Бул тарыхта башыбыздан өткөн.

Ошондуктан мүмкүн болушунча аларды камабай, мүлкүн, бизнесин конфискациялабай, аларга уурдалган акчаны мамлекетке кайтарып бергенге мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Мисал үчүн бизнесин иштетүү аркылуу. Грузия ушул жол менен туура багытты алып кетти эле, азыр ошол коррупционерлердин эсебинен мамлекет жашап жатат.

Булар коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуунун гана жолдору. Бирок коррупцияны толук токтотуунун мыйзамдуу жолу - бул мыйзамдын күчтүүлүгү. Эгерде мыйзам алдында, ар кимибиз, сөзсүз жооп берерибизди сезсек, жүрөгүбүзгө туйсак - коррупция биротоло токтойт.

Шайлообек Метеев, инженер-экономист

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG