Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Максат Халилов жиберген сунуштар

Коррупция латынчадан которгондо «каргыш» дегенди билдирет. Чынында эле өңү-түсү, жыты, изи жок бул «зат» жабышкан өлкөлөрдүн өнүкпөй калышына чоң себепкер. Мамлекет пайда болгондон бери чырмооктой болуп жабышып алган. Кыргызстан өз көмөчүнө күл салган жемкор-чыккынчыларга кандай айла-амал кылса да, аларды түгөтө албай келе жатат. Ошентсе да коррупцияга каршы кандайдыр бир ийгиликке жеткен элдер бар. Ошол коррупцияга каршы күрөшкө биздин айрым кыргыздар суктанып, «бизде да ошондой болсочу» деп кыялданышат. Ал система биздин менталитетке туура келеби-жокпу, аны ойлонушпайт. Камап койгон эле коррупционер заматта баатырга айланып, уруулаш-айылдаштары коргоп чыгып жатат. Эгер аларды катуу жазаласа, тууган-уругу өмүр бою Кыргызстанга душман болуп өтөт. Бирөөлөр «сот системасын реформалаш керек» десе, башка бирөөлөр «күч түзүмдөрүн тазалаш керек» дешет. Мындай ыкма менен карышкырларга каршы ууга чыгып көрдүк. Өз жана өгөй болуп, бийлик өчөшкөн саясатчыларды кармап, тандалма кармаш жүрүп жатат. «Кантип коррупцияны азайтсак болот?» деген суроого төмөнкү сунуштарымды айтам.

1. Аш-тойлордогу чыгымдарды азайтуу. «Көкөтөйдүн ашы - көп чырдын башы» болуп, «Манас» эпосубузда деле аш-тойлор чыр менен коштолгон. Атасынын ашын берип, атак алгысы келген Бокмурундун таржымалын, азыркыча айтканда, коррупция өзүнө сиңирип алган. Коомдо кайсы жөрөлгө өөрчүп кетсе, коррупция ошого жабышып, канын ичип, күн кечирет. Күз келди, бир аптада эки-үчтөн аш-той болот. Ар бирине 5000 сомдон бербесең катардан чыгып каласың. Айрыкча өкмөттө иштегендерден көбүрөөк үмүт кылышат. Ошондо 15000 сом алган аткаминер кайсы тойго үлгүрөт? Тойлордун өзүнө эле орто эсеп менен 45000 сом бериш керек. Кайдан тапмак эле ал акчаны? Албетте, элдин чөнтөгүнө кол салат.

2. Жарандык институт. («Кара тикенек» сайты). Демократия - бул элдин бийлиги. Ыйык Куранда деле «Коомдун абалы өзгөрбөйт, өздөрүн өздөрү өзгөртмөйүнчө» деп жазылат. Бул жерде масс-медианын, блогерлердин, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жигердүү, кайдыгер эмес жарандардын жардамы керек. Атайын сайт ачылып, ким кантип уурдап, байыганын жарыя кылышы керек. Өз коопсуздугунан корксо анонимдик түрдө кат калтырса болот. Ар бир калтырылган тоголок катка прокуратура иш козгоп, жарандык институттун көзөмөлүндө болушу зарыл.

3. Чет өлкөдөгү банктык эсептер жана бизнес. Кыргыз мамлекетине кызмат кылган өкмөттүк кызматкерлерге жана алардын жакындарына чет өлкөдө банктык эсептерди, бизнес жүргүзүүгө тыю салуу. Себеби эмнеде? Аткаминерге «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды» деп иш козголгондо эле башка мамлекетке качуу салтка айланды. Чет жерде жыйнаган дүнүйөсү болгон аткаминер эч ойлонбостон элдин казынасын уурдайт экен.

4. Баллдык система. Уйдун мурдун сасык деп кесип сала албайбыз. Өкмөттө эл-жерин сүйгөн, өз ишин так аткарган миңдеген уул-кыздарыбыз бар. Булардын да жакшы иштешине мыкты шарт түзүп бериш керек. Аткаминерлердин кызматы бирден баштап бешке чейин баалар менен баалансын. Орой, корс, сабатсыздарга «эки» коюлуп, журналисттер менен блогерлерге жем болот. Түздөн-түз пара доолаган аткаминерлерге «бир» деген баа коюлат. Заматта «бир» алган аткаминер атайын коомдук «Кара тикенек» сайтынын жылдызына айланат. Айрыкча бул баллдык система жогорку окуу жайларына керек. Баллы канчалык көп болгон мугалимдин айлыгы ошончолук жогорулап, студенттерге болгон билим берүүсү күчөйт. Чабал, сабатсыз, колунан коко тыйын келбеген кызматкерлер ошондо өздөрү эле, башка тармактарга өтүп кетет.

5. Социалдык камсыздоо. Аткаминерлерге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык камсыздоо бекер болсун. Оорукана, мектеп, бала-бакчалар ж.б. 15-20 жыл мамлекетке кызмат кылгандарга үй берилбесе да, там салганга жер бөлүнсүн.

6. Трайбализм же тууганчылык. Кыргыз тууганчыл калк келет. Канчалык «жакын туугандары бийлике келбесин» деп какшаган сайын күчөп, байке, таяке, аке, үкө, куда-сөөктөр бийлеген заман. Макул, эки эсе аз айлык алышсын, сот жоопкерчилиги эки эсе көп болсун.

7. Туугандык жоопкерчилик. Коррупция менен камалган аткаминердин жакын тууган-уруктары мамлекеттик кызматтан четтетилсин. Жетелеп келген тууганы шерменде кылса, кошо жетеленип кайра артка кетсин.

8. Пара бергендер менен күрөш. Пайгамбарыбыздын хадисинде «Пара берген да, алган да, ортомчу болгон да күнөөкөр» деп айтылат. Пара берүү күнөө да, кылмыш да экенин билип, өзүбүз жаман үйрөттүк. Пара берген жаранды кармап берген аткаминерлердин кызмат абалы жогоруласа, корупция азаймак.

Акырында улуу жол башчыбыз Исхак Раззаковдун «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деген жалындуу сөздөрү менен аяктаймын.

Максат Халилов, Москва шаары

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG