Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:05

«Жебеген жердин астында» деп жүрүп...


Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону баштайт.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Арсланбек Кенжешов жиберген сунуштар

Кыргызстанда коррупция коомдогу ар бир жаранга түздөн-түз тиешелүү эң чоң илдет экенин көрүүгө болот. Коррупциянын жайылышы дүйнөдөгү бир топ өлкөлөрдөй эле инсандык, саясий-экономикалык жана бюрократиялык кризистин натыйжасынан улам пайда болот.

Мен Кыргызстандагы коррупция маселесин жана анын себептерин беш өңүттөн кароого аракеттенем. Бул макалада Кыргызстандагы коррупция маселесин чечүү жолдорун да сунуш кылам.

  1. Тарыхый себеп

1991-жылы СССРдин кулашы менен Кыргызстан эгемендүүлүгүнө ээ болгон. Бирок, эгемендикке ээ болгону менен саясий-экономикалык, социалдык жана гуманитардык маселелерди жөнгө салууда мамлекет алсыздыгын көрсөткөн эле. Ошол учурда мамлекеттин мүлкү жеке менчикке өтө баштады жана бул жараян коррупциялык схемалар менен коштолду. Завод-фабрикаларды, колхоз-совхоздон калган сарайларды, айтор майлуу-сүттүү жерлердин баарын байлар алып койду.

Ал эми өлкөдөгү жарандар болсо социалдык жактан коргоого алынбай калды. Ошондон улам өлкөдөгү жарандар күн көрүүнүн амалын издеп жана максаттарына жетиш үчүн ар кандай мыйзамсыз жолдорго барышты. Анын бири биз кеп кылып жаткан коррупция жолу эле. Бул тарыхый себептин арты бүгүнкү күнгө дейре уланууда.

  1. Маданий түзүлүшкө байланышкан себеп

Маданий түзүлүшүбүз коррупцияны эки түрдө колдоого алып жатат. Биринчиси, жогоруда айтылган тарыхый себептерден кийин эл арасында, тилекке каршы, «жебеген жердин алдында», «май кармаган бармагын жалайт», «беш колду салбай аз-аздан ал», «сеники беле, өкмөттүкү да», «мамлекеттин байлыгы деңиз, аны жебеген доңуз», «сен жебесең башкасы жейт», «чай ичип коюңуз», «ишиңдин тез бүтүшү менин колумда» же убагында өкмөт башчы болгон кайсы бир кишинин айтканындай «келесоолор гана жебейт» деген ж.б.у.с. сөздөр айтылып келет. Мына ушундай көз караш менен коомдо жаңы муундун өкүлдөрү да тарбияланып жаткандыгы өкүндүрөт. Ушуга окшогон терс «маданий баалуулуктарыбыз» да коррупциянын жайылышына мүмкүнчүлүк жаратууда.

Экинчиси - коррупциянын жок болушуна функционалдык ролубузду көргөзө албай жаткандыгыбыз. Бул элибизде «коомдук кызыкчылык» түшүнүгү, «жарандык маалыматка ээ болуу» деген түшүнүгүбүздүн өнүкпөгөндүгүнөн кабар берип турат.

Эгемендиктин алгачкы жылдарында жарандарда көбүнесе жеке кызыкчылык алдыга чыккан. Өлкө жарандары жеке кызыкчылык түшүнүгү коомдук кызыкчылык түшүнүгү менен тыгыз байланышта экендигин түшүнө алышкан эмес. Башкача айтканда алдыда дагы сөз боло турган демократиялык түшүнүгүбүз жеткиликтүү өнүккөн эмес. Бүгүнкү күндө да демократия коомдук кызыкчылыкты колдоонун каражаты катары эмес, жеке кызыкчылыктын таламын талашуунун каражаты катары кабыл алынууда. Ошондой эле салык төлөөчүлүк жана жарандык аң-сезимибиздин өнүкпөгөндүгү үчүн биздин акча каяка жумшалып, кантип коротулуп жана жеке кызыкчылыктар үчүн кетип жатпаганын көзөмөлгө албай жатабыз. Жыйынтыгында коррупцияга болгон жол ого бетер кеңейүүдө.

  1. Саясий түзүлүшкө байланышкан себеп

Бул жагдайларды төрт топко бөлүп караса болот. Саясий түзүлүштөн пайда болгон себептердин биринчиси, демократиялык түшүнүгүбүздүн жетишпегендигине байланыштуу. Белгилүү болгондой эле, Кыргызстанда демократиялык түшүнүк жакшы өнүккөн эмес. Жарандарыбыз атуулдук парз, ал эми бюрократтарыбыз коомго кызмат деген түшүнүктү аңдай албай жана милдеттерин так аткара албай жатат.

Жарандарыбыз, демократия жеке кызыкчылык менен кошо коомдук кызыкчылыктарды да коргой турганын көрө албай жатат. Тескерисинче, бүгүнкү күндө коомчулук саясий системаны, өзгөчө партиялык түзүлүштөр аркылуу демократияны жеке кызыкчылык, эки жүздүүлүк, өзүнүн санаалашталары үчүн упай топтоо сыяктуу механизмдин каражаты катары кароодо жана бул терс пикирлер менен коштолууда.

Арсланбек Кенжешов.
Арсланбек Кенжешов.


Экинчиден, саясий лидерлер баш болуп жана саясатчыларыбыздын жеке кызыкчылыкты алдыга коюп, иши сапатсыз болуп жатат. Тилекке каршы, Кыргызстанда саясий партиялар аркылуу акчасы бар, дарамети, дээри жок кээ бир саясатчы атыккан адамдар да парламентте ордун таап жатышат. Саясий партиялардын түзүлүшү болсо депутаттын же башка мүчөлөрүнүн жеке кызыкчылыкка да курал катары колдонуулушуна оңой багыт ала алгандыгын көрсөтүүдө. Кыргызстанда саясат элге кызмат кылуу эмес, жеке кызыкчылык, өз байлыгын коргоо же баюу жолу катары карала баштады. Өзгөчө сапатсыз жана дараметсиз саясий лидерлер өз бийлигин узартыш үчүн чөйрөсүнө жеке кызыкчылыкты алдыга койгон ишкерлерди, байларды топтоп жатат. Ошентип лидер менен анын чөйрөсүндө «кызыкчылык байланышы», «көмүскө мамиле» пайда болуп, бул байланыш бүтүндөй саясатка жана өлкөгө үстөмдүк кылып калды. Айрыкча саясатчылардын бул кадамдары алгач бюрократияга, андан кийин бүтүндөй коомдук пикирге терс таасирин тийгизип жаткан кези.

Үчүнчүдөн, саясатчылар тигил же бул жол аркылуу коррупциялык схемаларга аралашкан учурда анын саясий жоопкерчилиги каралбай калган. Башкача айтканда саясатчыларга укуктук баа берилгени менен анын чөйрөсүнө (партиясына, фракциясына же жетекчисине) саясий баа берилбей жатат. Коррупциялык иштерге аралашкан саясатчылардын жазасыз калышы же өлкөдөн качып кетиши башка кээ бир коррупциялык схемада жүргөн саясатчыларга да жол ачып жатат.

Төртүнчүдөн, коррупция менен күрөшүү түздөн-түз мыйзам менен байланыштуу болгондуктан мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизбеген жана өзү баш болуп коррупцияга аралашып коомчулукка «үлгү» болгон саясатчылар, коррупциялык схемалардын пайда болушуна жана жайылышына кандай жооптуу болсо, аны менен күрөшүү жана жоюу ишине да түздөн-түз тиешелүү болуп, биринчи кезекте жооп бере тургандар да ошол мекеменин жетекчилери же жооптуу кызматкерлер болушу зарыл. Коррупция менен күрөш мыйзам актылары менен байланыштуу. Анткен менен мыйзам жаза турган саясатчылар биринчи кезек өздөрү мыйзамдык актыларга керектүү болгон өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизбей жатат. Себеби, жеке мүлкүн жана өзүнүн келечек тагдырын көбүрөөк ойлонот.

  1. Экономикалык түзүлүшкө байланышкан себеп

Экономикалык түзүлүшкө байланышкан себептерди ички жана сырткы деп бөлсө болот. Ички себепке бажыдагы коррупциялык схемалар мисал боло алат. Импорттолгон жана экспорттолгон товарлардын кайсы бир бөлүгү аткезчилик жол менен ташылууда. Буга кээ бир саясатчылар да аралашканын көрүүгө болот.

Өзгөчө мамлекеттик кызматкерлердин айлыгынын аздыгы да коррупциянын жолун ачат. Өз ишин мыкты билген кадр, чын дилден мекенине кызмат кылгысы келсе да бара-бара айлыгынын аздыгына байланыштуу коррупциялык ишке аралаша баштайт. Мамлекет «Кыргызстанда орточо айлык 15 миң сомдун тегеринде» деп элди жоошкотууда. Бирок минималдык айлык акы канча экенин эмнеге айтышпайт? Бүгүнкү күндө айына 2000-3000 сом маяна алып иштегендер да бар экени ачыкка чыкпай жатат. Ошондон улам мындай аз айлыкка иштеген кызматкерлер коррупциялык жолдорго барып, коррупциянын гүлдөшүнө салым кошууда.

Сырткы себептердин мисалы катары мамлекет, өлкөгө келген инвесторлордун укуктарын жана мүлкүн коргой албай жатат. Мамлекеттин ордуна «каралар» аларды өз карамагына алып, белгилүү бир суммада акча талап кылышууда. Мындан тышкары келген инвестиция (гранттар, насыялар) туура бөлүшүлбөй, максаттуу пайдаланылбай саясатчылардын чөнтөгүн да толтурган учурлар жетиштүү. Мына ошол себептен улам ар кандай жолдор менен коррупциялык схемага даярдалган саясатчылар экономикага да терс таасирин тийгизип жатышат.

  1. Бюрократиялык түзүлүшкө байланышкан себеп

Бюрократиялык түзүлүшкө байланышкан себептер көбүнесе жарандардын укуктук аң-сезими жакшы өнүкпөгөндүгүндө. Жаран өз укугун жана мамлекеттин мыйзамдык талаптарын билбейт. Андайда бюрократтар жарандын маселесин коррупциялык жол менен оңой чечип берүүгө аракет кылышат.

Экинчиден Кыргызстанда документациялык жараяндар электрондук жол менен эмес, көбүнесе колдон-колго иштейт. Кайсы бир маалымкат же керектүү бир документ алыш үчүн бери дегенде 3-4 киши менен жолугушуң керек болот. Бул да болсо бюрократтардын коррупцияга аралашуусуна жол ачууда. Ошондой эле жогоруда кеп болгондой кызматкерлердин маянасы өтө аз болуп, жашоо стандарттарына туура келбей жатат. Ошондой учурда бюрократтар даяр жана оңой жол катары жарандык жана укуктук аң-сезими өнүкпөгөн жарандардан мыйзамсыз акча талап кылышат. Буга кошумча жогоруда сөз болгон саясий жана маданий түзүлүшкө байланышкан себептер да кызматкерлерди коррупцияга аралашууга түртөт.

Жогоруда белгиленген себептердин натыйжасында бүгүнкү Кыргызстанда саясатчылар баш болуп баары коррупцияга аралашып, коррупцияны күнүмдүк жашоодо нормалдуу бир көрүнүш катары көрө баштаган. «Transparency International» уюмунун 2018-жылкы көрсөткүчү боюнча Кыргызстан коррупция боюнча 132-орунду ээлеген.

Коррупция менен күрөшүү боюнча сунуштар

Коррупция менен күрөшүүдө алгач өтө маанилүү болгон үч принциптин маани-маңызын эң жакшы түшүнүшүбүз абзел.

Биринчиден, демократиялык түшүнүк, коомдук кызыкчылык түшүнүгү, жарандык түшүнүк жана коомдук пикир түшүнүгү өнүктүрүлүшү зарыл. Бул биринчи кезекте билим берүүдөн башталышы керек.

Билим берүүдөн кийин натыйжалуулук жана жайылтуу боюнча үй-бүлө институттары жана ММК болушу кажет. Ошондой эле мамлекет элде ишеним жана үмүт жаратышы маанилүү.

Экинчиден, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылууга тийишпиз. Бул үчүн бюрократияны азайтуу, санариптештирүү жана бирдиктүү базалык системаны түзүү талап кылынат. Бул үчүн Түркиянын мисалын алууга болот деп ойлойм. Түркияда «e-devlet» (е-mamleket) (www.turkiye.gov.tr) системасы иштеп, көпчүлүк бюрократиялык иштер ушул система аркылуу бүтөт. Кыргызстан да бул тажрыйбаны өзүнүн шартында колдонсо, кээ бир коррупциялык схемалардын жолу буулат деп ойлойм. Мындан тышкары ооруканалардагы кезек, студенттердин жатаканаларга жайгашуусу, коомдук транспорт, университетке тапшыруу жана ар кандай документтик процесстер электрондук тартипте жүргүзүлөт. Башкача айтканда жооптуу кызматкер система ичинде гана кызмат көрсөтүп, ишти оңго-солго кайрый албайт.

Үчүнчүдөн, өлкөдөгү коррупциянын бүгүнкү жагдайына мониторинг жүргүзүүгө жана коррупция менен күрөш боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселеси бышып жетилди.

Мындан тышкары тиешелүү органдардын укуктарын көбөйтүү жана аларга өзгөчө макам берүү абзел. Коррупцияга аралашкан жарандарды катуу жазалоо жана муну коомго алып чыгуу менен элдин бул окуялардан «сабак» алышын камсыз кылса болот. Мамлекет каражат таап, айлыкты көтөрүп, жарандарды социалдык коргоого алышы маселенин чечилишине өбөлгө түзмөкчү.

Эң негизгиси - мамлекет коррупция менен күрөшүүдө эл аралык тажрыйбаларды талдап, жергиликтүү шартта колдоно билиши маанилүү. Улуттук кызыкчылыкка жана белгиленген иш пландарына ылайык Кыргызстан тажрыйбалуу өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташууга тийиш.

Арсланбек Кенжешов, 19 Май университетинин (Ondokuz Mayıs Üniversitesi) докторанты, Түркия

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (19)

XS
SM
MD
LG