Линктер

жекшемби, 15-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:16

Инвесторду ичиркенткен Кыргызстан


Казармандагы Макмал алтын кени.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (12-19-август, 2019-жыл).

Берлинде жарык көргөн, ишкерлик менен инвестицияны изилдеген «Intellinews» аналитикалык басылмасы Кыргызстанды инвесторлордун жүрөгүнүн үшүн алган өлкө катары сыпаттаган көлөмдүү макала жарыялады. «Акыркы эки айда тажик-кыргыз чек арасындагы кагылышуудан, Нарындагы кытай инвесторлору менен кен талаштан жана экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан кийин Кыргызстандын эл аралык бейнеси «чагымчыл, чыр-чатактуу, тынч эмес» өлкө деп мүнөздөлөт. Бийлик Атамбаевди камап койгонуна ыраазы болгону менен инвестициялык климат жана бизнес үчүн оор кырдаал түзүлдү. Ансыз да бийликти күч менен алмаштыруу жагынан аты чыккан өлкөдө Атамбаевди башкы оппозиция катары көрүшкөн. Сооронбай Жээнбековдун бийлиги мурдагы президентти «желмогуз Франкенштейндей» кабыл алганы менен, Атамбаевдин камалышы жаш баланын ыйлап басылганындай эле окуяга айланды. Орусиялык саясат таануучу Александр Князев акыркы жылдары эл Атамбаевдин бийлигине өлкөнүн туруктуулугун сакташ үчүн гана баш ийип бергенин айтканы бар. Мурдагы президентти ушундай ызы-чуу менен темир тор артына салып койгондон кийин мамлекеттин башына келчүлөр өлкө мыйзамдарын ары-бери калчап, элдин башын айлантып, бийликте болушунча көпкө калууга аракет кылмакчы. Себеби, алар Атамбаевдин кейпин кийип калуудан коркушат. Андыктан Борбор Азиядагы алгачкы парламенттик демократияны баштаган бул өлкөнүн келечеги бүдөмүк», деген басылма Солтон-Сарыдагы, Тогуз-Тородогу «Макмал» алтын комбинатынын, Канаданын «Центерра» компаниясынын айланасындагы иштерге кеңири токтолгон. «Коррупция өлкөнүн эң оор жарасы болуп турат. БУУнун Өнүктүрүү программасынын эсеби боюнча жемкорлук кыргыз экономикасына жыл сайын 700 миллион доллардай зыян келтирип, чет элдик инвесторлордун үрөйүн учурууда. Өлкөдөгү дагы бир чоң мүшкүл - сот системасына ишеним жок. Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюм быйыл январь айында Кыргызстандын соттору басма сөз менен байланыша албай, чыгаан журналисттер аркылуу элдин ишенимине кирбегендиктен сот менен элдин ортосундагы ажырым чоң экенин билдирди. Азыркы маселени чечүүдө жаңы кагылыштардын, атышуу-чабыштардын, көтөрүлүштөрдүн кереги жок. Анткен менен саясий элита чыныгы демократиялык баалуулукту сактаган коом түзүүнү каалайбы деген суроого жооп табылбайт», деп жазган басылма.

Кытайга сатылган секелек кыздар

«The New York Times» гезити Кытай менен чектеш өлкөлөрдөн сатылып жаткан секелек кыздардын тагдырын иликтеди.

«Кытайдагы «бир бала» саясатынан улам демографиялык түйшүк келип чыкты. Дээрлик 30 жылга созулган чектөө заманында миллиондогон кыз түйүлдүк кезинде бойдон алдырылып, азыр өлкөдө эркектер аялдардан көптүк кылат. Ушундан улам Кытайга чектеш жайгашкан Мьянмадан (Бирма) өспүрүм кыздар Кытайга сатылууда. АКШдагы Жон Хопкинс университетине караштуу Блумберг коомдук саламаттык мектебинин эсебинде болжол менен 21 миң секелек кыз 2013-2017-жылдар аралыгында Кытайга сатылган», деген автор Мьянмадагы Шан өрөөнүндөгү бир нече кыздын мисалында макаласын улантат. «17 жаштагы Пью аттуу кыз мурда шайыр-шатман жүрчү. Аны энеси үйүнө кайтарганына бир нече апта болду. Ал азыр алсыз жана маанайы суз. Кытайдан жакшы маяна төлөгөн жумуш сунуш кылганда макул болуп, белгисиз адамдардын колуна түшкөн. Алар Пьюга дары берип, Кытайга жеткенден кийин бир нече кишиге соодалашкан. Уурдап баргандар аны сабап, кордоп, оор жумушка мажбурлаганы аз келгенсип, бирөөгө тийгенге мажбурлашкан. Бир нече күндөн кийин аны менен барган мьянмалык курбу кыздардан бөлүп, Пьюну поезд менен Бээжинге жеткиришкен. Ал жактан кызды 21 жаштагы Юан Фең аттуу жаран сатып алып, узак убакыт бою үйүндө камап, ийне сайып, каалашынча зордуктаган». Макалада ушундай бир нече кыздын тагдыры баяндалат. «Human Rights Watch» уюму мьянмалык кыздардын кейиштүү тагдырына Мьянманын бечел чек ара кызматы менен ички талаш-тартыштан башы чыкпаган бийлиги себеп болгонун белгилейт. Гималай боорундагы Шан өрөөнүндө бир топ жылдан бери бийлик талаштын айынан ички кагылышуу уланып келет. Бириккен Улуттар Уюму согуштук кылмыштар өкүм сүргөн бул аймактын азабын балдар менен аялдар гана тартып жатканын билдирүүдө.

АКШ-Орусия өзөктүк согушу Жерди 10 жылга тоңдурат

Окумуштуулар кокус Кошмо Штаттар менен Орусия өзөктүк согуш баштаса, кесепети кандай болорун талдап көрүшкөн. Илимий тыянак «Geophysical Research» журналына чыкты.

«Өзөктүк жарылуудан чыккан өрттөн улам атмосферага 147 миллион тонна түтүн көтөрүлөт. Стратосферадагы шамал түтүндү жерге айдап, күндүн бетин тосуп калат да, абанын температурасы 9 градуска чейин төмөндөйт. Жерди жети жылдай кара туман каптап, он жылга чукул планетаны кыш басат. 2007-жылы да ушуга окшош талдоо жүргүзүлүп, кара түтүн жерди 140 чакырым бийиктикке чейин чулгай тургандыгы болжолдонгон. Чыныгы өзөктүк куралдар менен согушуу кайсы бир өлкө үчүн өзүн-өзү өлтүргөнгө барабар. Илимий талдоо ишин жетектеген, Нью-Жерсидеги Рутгерс университетинин профессору Жошуа Куп «саясий чечим чыгарган адамдар өзөктүк курал колдонуунун кесепетин толук аңдап, ошого жараша чечим чыгарсын» деп сунуш кылат».

Трамп Гренландияны сатып алабы?

Узаган жумада АКШнын президенти Дональд Трамп Данияга караштуу Түндүк уюлда жайгашкан Гренландияны сатып алууну тарапташтарына сунуш кылган. Америкалык лидердин бул сунушу дүйнөлүк басылмаларда кызуу талкууланды.

«Time» журналы гренландиялыктар өз жери сатылбай турганын билдиргенин жазат. Июнь айына чейин Даниянын өкмөт башчысы Ларс Локке Расмуссен «Твиттер» баракчасына «Бул 1-апрелдин тамашасындай эле сезилип жатат», деп күлгөнүн билдирди. Гренландиянын расмий өкүлдөрү Трамптын каалоосуна жооп кайтарышкан жок. Гренландия аралын сатып алууга АКШ 1946-жылы эле ниет кылып, Даниянын бийлигине 100 миллион доллар сунуш кылган эле.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (16)

XS
SM
MD
LG