Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 00:06

Мамбеталиева: Коррупциянын бетин ачуу - мамлекеттин милдети


Коррупцияны иликтеген эксперт, саясат таануу илимдеринин кандидаты Эркайым Мамбеталиева.

Коррупциялык иштерди иликтөө - тиешелүү мамлекеттик мекемелердин түздөн-түз милдети.

Алар журналисттик иликтөөлөрдү күтпөй эле өз милдетин аткарышы керек. Коррупция маселесин изилдеп жүргөн эксперт Эркайым Мамбеталиева «Азаттык» менен болгон маегинде ушундай пикирин айтты.

«Азаттык»: - Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) «Азаттыктын» программасында айтылган маалыматтар боюнча иликтөөсүнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялады. Анда ал Кыргызстандан 647 млн. доллар четке чыгарылып кеткенин бышыктады. Бирок ошол эле учурда бул мамлекеттик мекеме журналисттерден колундагы документтерди толук берүүнү талап кылып жатат. Мындай иштердин бетин ачууда журналисттин жана Финпол сыяктуу мамлекеттик мекемелердин ролу кандай?

Эркайым Мамбеталиева: - Коррупциялык иштерди ачуу бул мекемелердин түздөн-түз милдети болгондон кийин, журналисттик иликтөөнү күтпөй эле өз жумушун кылышы керек. Эгерде журналисттер кошумча маалымат таап бере алышса, аны да эске алуу менен өз иликтөөлөрүн жүргүзүшү абзел. Бирок «журналист бизге толук маалымат же документтерди бербей койду» дегени кесипкөйлүккө жатпайт.

«Азаттык»: - Коомчулук атайын органдар жыл башынан бери иликтөө териштирилип бүтпөй жатканын сындап, атайын создуктурулуп жатканын айтууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

Эркайым Мамбеталиева: - Коомдун сыны деле туура. Анткени кээ бир иштер негедир тез арада эле иликтенип, айрымдары ушинтип создугуп жатат. Иликтөө иштери канчалык көп создуккан сайын, ошончолук элде суроо жаралып, сын күчөй берет. Коомдун өз талабы бар жана коом андай талаптарды койгонго укуктуу.

«Азаттык»: - Финполиция ишмердүүлүгү талаштуу Ысмайыл Матраимов атындагы фондго сырттан 1 млн. 439 миң 348 АКШ доллары жана 221 миң 600 сом салынганын билдирүүдө. ​Бирок ал акча кайдан жана кимдер тарабынан которулганын ачыкка чыгарган жок. Ушунун өзү күмөн саноонун күчөшүнө, шектенүүнүн көбөйүшүнө алып келбейби?

Эркайым Мамбеталиева: - Кайсы гана фондго же саясий партияга сырттан акча келсе да, анын булагы ачык-айкын болуш керек. Анткени ал сөзсүз «Бул акча кайдан келди? Эмне максатта келди?» деген шектенүү жаратат. Ошол эле «саясий партиялардын каржы булактары ачык-айкын болсун» деп талкууланып жаткан чоң маселелердин бири. Эгер биз укуктук мамлекет түзөлү десек, анда каржылоо булактары ачык болууга тийиш. Маселен, биздин өлкө «Ачык өкмөт», «Ачык парламент» сыяктуу демилгелерге кошулуп жатат. Жогорку деңгээлде көңүл бурулуп жаткандан кийин, каржы булактарынын да ачык-айкындыгын талап кылышыбыз керек.

«Азаттык»: - «Кыргыз бийлиги коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү элге жарыялаганына карабай, жемкорлук менен жарандык активисттер менен журналисттер эле күрөшүп жатат» деген сөздөр айтылууда. Буга сиз кошуласызбы?

Эркайым Мамбеталиева: - Негизи, мамлекеттик органдар коррупцияга каршы күрөш дегенде эле «кимди камаш керек» дегенге көңүл буруп жатышат. Алдын алуу, превенция механизми бизде дээрлик иштебейт. Биз өткөн жумада жаштардын коррупцияга каршы мектебинин ишин алгачкы жолу өткөрдүк. Анда жаштар коррупцияга байланыштуу өзүлөрү башынан өткөргөн окуяларды айтып беришсе ыйлагың келет. Ошол себептен коррупционерди алып барып камап койгондон натыйжа чыкпайт, анткени коррупциянын себептери калып атат. Анын ордуна башкасы пайда болууда. Коррупцияны түп-тамырынан бери жоготуш үчүн аны алдын алууга көбүрөөк көңүл буруу зарыл.

«Азаттык»: - Финполиция Кыргызстандан акча Түркия, Кытай, Швейцария, АКШ баш болгон ондон ашуун мамлекетке чыгарылып кеткенин тактап жатканын билдирди. Чет жакка которулуп кеткен каражатты кантип иликтесе болот? Буга мамлекеттик мекемелердин чама-чаркы жетеби? Бул үчүн кандай эл аралык механизмдер бар?

Эркайым Мамбеталиева: - Бүгүнкү күндө мындай маселе жалаң эле Кыргызстандын алдында турган жок. Бул дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөр туш болгон мүшкүл. Ошондуктан ушундай иштерди натыйжалуу алып барыш үчүн мамлекеттер бири-бирине көмөк көрсөтсүн деген максатта эл аралык конвенциялар кабыл алынган.

Бул жерде бир нече жол бар. Кыргызстандын укук коргоо органдары ошол акча чыгарылып кетти деген мамлекеттердин расмий укук коргоо мекемелери менен кызматташса болот, эл аралык уюмдардын көмөгү менен иш алып бара алышат.

Андан тышкары көптөгөн журналисттик иликтөөлөр менен алектенген уюмдар бар. Маселен, «Панама кагаздарын» ачкан OCCRP уюму, же болбосо ошол эле Базел институту бар. Ал атайын ошондой иштердин бетин ачуу максатында түзүлгөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG