Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:01

«Азаттык» сынак жарыялайт


«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча сунуштарга сынак жарыялайт.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап,

azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагына материалдар текст, видео түрүндө 1-декабрга чейин кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат.

Текст түрүндөгү материалдар 12-шрифт менен 2 барактан, видео түрүндөгү материалдар 3 мүнөттөн ашпашы керек. Жиберилген материалдар электрондук форматта, электрондук почта аркылуу гана кабыл алынат.

Мыктылары биздин «Azattyk.org» жана «Rus.azattyk.org» интернет сайттарыбызга жарыяланмакчы.

Ал эми өзгөчө сунуш жана эң мыкты материал деп табылгандарына «Азаттык» радиосунун атайын сыйлыктары тапшырылат.

3 сыйлык - ноутбук

5 сыйлык - смартфон

7 сыйлык - букридер же смарт саат.

Видео Н264/ High Quality 1080p HD форматында кабыл алынат.

Видеороликтерге автордук укук алынган гана аудио жана музыка колдонулууга тийиш.

Сынактын уюштуруучулары аудио же видео материалдар боюнча талаш-тартыш чыкса жоопкерчилик албайт.

Сынакка келип, тандоодон өткөн аудио жана видео материалдар «Азаттык Медиа» мекемесине таандык болуп эсептелет.

«Азаттык» бул материалдарды радио жана телепрограммаларында колдонууга укуктуу.

XS
SM
MD
LG