Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Акаев пайгамбар боло албады


Аскар Акаев.
Аскар Акаев.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Авазбек Жусупбеков жиберген сунуш.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

Жемкорлук коомду иритет

Бешинчи класста окуган неберем «Коррупция деген эмне?» деп сурады. «Ал деген өтө жаман илдет, жемкорлук, паракорчулук, тууганчылык... Коррупцияга малынгандар бюджеттен, коомдук фондулардан, гранттардан, тендерден уурдашат, мамлекеттин казынасына кол салышат, кол алдында иштегендерден, гумжардамдан өөнөшөт... Иши кылып жештин толгон-токой жолдорун табышат. Ошол себептен алар жалганчы, алдамчы, эки жүздүү... Мисалга, сени төрткө чыккыча бала бакчага киргизе албадык. Барсак эле «орун жок» дейт. Анан тааныштардын кеңеши менен бала бакчанын башчысына бир кой берсек заматта орун табылды» десем неберем ойлоно түштү.

Илимдин тили менен айтсам түшүнбөйт, өзүм да андан алысмын... Мен дасторкон үстүндөгү бышып жетилген алмалардын бирин алып, бычак менен тең ортосунан кестим эле таза чыкты, экинчисин кессем бузула баштаптыр. «Мына, карачы, мынабу алманын ичин, карайып баратыптыр, эки-үч күндөн кийин жарабай калат. Сыртынан карасаң сонун көрүнөт...

Коррупция деген ушундай, өлкөнү байкатпай ичинен чиритет, ылаңын ырбатат, акыры айыкпас дартка айлантат. Эл жакырланат, нааразылык күчөйт, көчөгө чыгышат, толкундоолор, башаламандык башталат... Аягында өлкө башчы кетүүгө аргасыз болот. Кетпесе көтөрүлүш чыгат, кан төгүлөт, жарандык согуш башталышы ыктымал. Андан кудай сактасын»... Ушундай мааниде небереме түшүндүрүүгө аракет кылдым.

Менимче, коррупцияны ГОМО САПИЕНС алып келди. Анткени мындай ишке адам баласы гана барат. Айрыкча кыргыздар кымырып алуу жагынан шыктуубуз. «Жогору жактагылар уурдап жатса, мен эмнеге карап турам?!» дейт катардагы жаран. Акаевдин мезгилинде өлкө башкарган бир үлкөн жетекчи айтыптыр: «Азыр жалкоолор менен келесоолор гана уурдабайт» деп. Демек ошондо эле өкмөт коррупцияны жоюуда алсыз экендигин мойнуна алган же күрөшүүнү каалаган эмес, анткени өзү да аралашкан... Эми канткенде арылабыз? Кур дегенде төмөнкү деңгээлге түшүрсөк кана? Күнөөлүүнү эстен чыккыс кылып жазаласакчы? Илгеркидей уурунун колун кесип мунжу, кулагын кесип чунак кылалы же чекесине ысык темир басалы дегенге болбойт. Демек, мыйзамдуу жол менен гана коррупциянын тамырын жулуу керек.

Библияда айтылгандай Муса (Моисей) пайгамбар элин кулчулуктан куткаруу үчүн жөөттөр менен кырк жыл чөл кесип жүрүптүр. Эмнеге кырк жыл? Себеби өмүр бою кулчулукта жүргөн адамдын мээсинде «мен кулмун» деген эн тамга түбөлүк калат экен. Аны өчүрүп салуу эч мүмкүн эмес. «Эски муун кетип, эркиндик менен боштондукта туулуп-өскөн жаңы муун гана кулчулукту биротоло унутат!» дептир пайгамбар. Эмнеге бизде коррупция азайбайт, 28 жылдан бери эгемендиктин доорунда жашап келатсак да? Тескерисинче, көбөйүп баратат. Демек, кеп ажолордо окшойт.

Мыкты илимпоз, академик Акаев пайгамбар боло албады. Ошол алгачкы ажобуз катуу киришсе бир натыйжа чыкмак. Жамы журт колдомок. Анткени, ал кезде демократиянын шарданы менен атуулдук сезимдер ашып-ташып, жаңы бийликке ишеним күчөп, ажонун ар бир сөзү үчүн отко-чокко киргенге баары даяр эле. Күткөндөй болбоду, тескерисинче, ажо баш-оту менен, бала-чакасы менен коррупцияга кирип кетти. Кийинкилери карап турмак беле? Ашса ашып, кем калышкан жок.

Өсүп келаткан муундар да «уядан эмне көрсө, ошону жасашууда». Биздин өлкөдө ЖОЖдордун 90% дипломдуу коррупционерлерди чыгарса керек. Мына, эми ушундай чөйрөдөн «таалим-тарбия» алган жаштардын асты эл башкарууда. Жыйынтыгында жылыш жок. «Бир кадам алдыга жылсак, эки кадам артка» кеттик. Маркум Салижан Жигитовдун «Кыргыздын түбүнө кыргыз жетет» деп айтканы коррупция жолу менен ишке ашат окшойт.

Эми канткенде алга жылабыз? Эмесе эл катары мен да сунуш кылып көрөйүн.

1). Коррупцияга булганбаган жаштарды, айрыкча алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдөн окуусун бүтүргөн жана иштеп жүргөн уул-кыздарыбызды чакырып, коркпой-үркпөй жетекчилик орундарды берелик. Арасында сабаттуу адистер, аң-сезимдүүлөр арбын. Депутаттыкка көрсөтөлүк.

2). Депутаттарды партиялык система менен шайлаганды токтотолук. Бир мандаттуу шайлоо системасына өтөлүк.

3). Шайлоо убагында добуштарды сатып алууга каршы күрөш күчөтүлсүн. Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр киргизилсин.

4). Коррупцияга илингендердин тизмеси компьютердик базага киргизилсин. Ошол «кара тизмедегилер» жооптуу кызматка экинчи алынбасын.

5). Коррупцияны жоюуда, деги эле кылмыштарды ачууда алгылыктуу жардам берген жарандар (ыктыярдуу агент) мамлекет тарабынан колдоого жана коргоого алынсын, эмгек акы берилсин, анонимдиги сакталсын. Активдүү иштегендерге кошумча пенсия каралсын. Өкмөттөн жашынып иштеп жаткан (подпольный) чакан завод-фабрикаларды, цехтерди, мекеме-уюмдарды издеп табууда алардын жардамы өтө зор. Мындай тажрыйба алдыңкы өлкөлөрдө эбактан бери колдонулат.

6). Укук коргоо, фискалдык жана күч органдарында иштейм дегендерди атайын комиссия тандайт. Алар УКМКга (же мурдагы КГБ) алынгандай текшерилсин. Комиссия курамына көз карандысыз жана эл аралык уюмдардын, БУУнун өкүлдөрү киргизилсин.

7). Коррупциянын деңгээли эң төмөн Сингапур, Дания сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбалары кеңири колдонулсун.

8). «Элдик көзөмөл» деген же башка бейтараптуу уюмдар түзүлсүн жана аларга текшерүү укуктары берилсин. Алардын курамын эл өзү тандасын.

9). Союз маалындагы сатиралык «Чалкан» журналы сыяктуу басма сөз органы жана интернет-сайт ачылсын. Жыл сайын коррупцияга каршы күрөшкө чоң салым кошкон мыкты редакцияларга материалдык сыйлыктар ыйгарылсын.

10). Коррупциянын зыяндуулугу боюнча мектептерге жана жогорку окуу жайларына атайын сабактар киргизилсин. Тиешелүү мыйзамдарды окутуу боюнча программа иштелип чыксын.

11). Укук коргоо, сот, күч, фискалдык ж.б. органдардын кызматкерлери жыл сайын аттестациядан өтүп турсун. Айыбын ачуучу аппарат (детектор) колдонулсун.

12). Коррупцияга бөгөт коюунун эң натыйжалуу жолу бул бардык тармактарды, бүткүл өлкөнү санариптештирүү. «Акылдуу шаарыбыз» «Акылдуу өлкөгө» айлансын. Ал үчүн Түштүк Корея, Сингапур сыяктуу өлкөлөр менен кызматташуу керек.

13). Тойлор токтотулсун. Бери дегенде он жылга мораторий жарыялансын. Себеби тойдо баалуу белектерди, ири суммадагы акча берүү салтка айланган. Арам акчаларды адалдоонун, пара берүүнүн эң оңой жолдору, коопсуз уялары тойканаларда. Тойканасын убактылуу болсо да бала бакчага, мектепке берген ишкер өкмөт тарабынан колдоого алынсын.

14). Президенттин жана премьер-министрдин жубайларына коомдук фонддорду, уюмдарды түзүүгө уруксат берилбесин.

15). Коррупцияга малынгандар өзгөчө катаал шарттагы түрмөлөрдө отурсун. Аларга мөөнөтүн кыскартуу деген болбосун, мунапыс берилбесин, коңгуроого чейин түрмөдөн чыгарылбасын. Мал-мүлкү конфискациялансын.

16). Жаза аткаруучу мекемелердин жетекчилиги (ЖАМК) катуу көзөмөлгө алынсын, жыл сайын аттестациядан өтсүн жана тез-тез ротацияланып турсун.

17). Текшерүү органдарынын үстүнөн да текшерүү үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн. Анткени Эсеп палатасынын, ички аудиттин кызматкерлери «үлгүлүү» пара алуучулар.

18). Коррупция боюнча камалгандардын аты-жөнү «Шерменде тактасына» («Ардак тактанын» каршысы) түбөлүк жазылсын. Ушундай аталыштагы интернет-сайт ачылсын.

19). Коррупцияга каршы күрөшүү жана аны алдын алуу боюнча атайын фонд түзүлсүн. Алдыңкы өнүккөн өлкөлөрдөн, банктардан, эл аралык уюмдардан, БУУдан акчалай жардам суралсын. Салым кошкон жеке адамдар колдоого алынсын.

20). Ушул фонддун эсебинен коррупциянын зыяндуулугу тууралуу окутуу иштери эл арасында тынбай жүргүзүлсүн.

21). Коррупцияга каршы күрөшүү жолдорун, ыкмаларын окуп-үйрөнүү үчүн сынактан өткөн жаштар чет өлкөлөргө жөнөтүлсүн (жогоруда айтылган фонддун эсебинен). Же өлкөдө жалаң жогорку билимдүүлөрдү кабыл алган Антикоррупциялык академия ачылсын.

22). Эл аралык "Трансперенси Интернэшнл" уюмунун көрсөткүчү боюнча Кыргызстан 132 орунда экенбиз. Алдыда Парагвай, Лаос, Гондурас... Бизде да жыл сайын «Таза айыл өкмөтү», «Таза шаар», «Таза район», «Таза облус» деген көчмө туу ыйгарылсын. Анан, албетте таза эместер да «Жемкор ...» деген антисыйлыктан куру калышпасын.

Айта берсек сөз көп. Бюджеттин акчасын уурдагандан тышкары ишти туура эмес уюштуруудан жоголгон чыгымдар арбын болууда. Миңдеген бекерпоз адистер, илимпоздор, укук коргоочулар министрликтин, агенттиктин, комитеттин кызматкерлери (ж.б.у.с.) жөн эле басып жүрүп айлык алышууда. Ал эми аткаминерлер менен чиновниктердин аяк бошотор армиясын айтпай эле коелук. Штаттарды кыйла кыскартсак миллиарддаган каражаттар үнөмдөлмөк... Баса, 8.6 млн. калкы бар Швейцарияда жети гана министр иштейт экен! Депутаттары ошолордун ичинен жыл сайын өлкө президентин шайлайт экен, бир гана жылга!..

Эхх!.. Акаев теңелем деген Швейцария биз үчүн закымга айланабы?

Авазбек Жусупбеков - жаш пенсионер, жаш жазуучу

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG