Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:09

Коррупциябрь


Аш-тойлор дал ушул күз айларында көп болгондуктан, сентябрь, октябрь жана ноябрь айларын бириктирип «тоябрь» деп атап коюшуптур тамашакөй замандаштар.

Мал семиз, түшүм жыйналып жаткан, кыштын ызгаар суугу сезиле элек ушул мезгил чындыгында тойлоп-чардаганга абдан ыӊгайлуу экен. Бирок ысырапчыл аш-тойлордун ар бир үй-бүлөгө эле эмес, жалпы коомго, мамлекетке да зыяны эбегейсиз тийип жатканын байкабай келебиз, ашыкча желген тамакты сиӊире албай, эртеӊкини ойлонгонго шайыбыз келбей ныксырап...

Экономиканы эӊшерген өлүү айлампа

Эл бай болсо, мамлекеттин байыганы дейбиз. Бирок элибиз канчалык бай? Эрегише машине минип, атаандаша той берип жатканыбызга караганда жашообуз кудайга шүгүр дегидей эле экен. Бирок туруктуу, узак мөөнөттө бейкам тиричилик кылганды эч ойлобой, утуру топтолгон каражатты жыл сайын душмандыкынан бетер төгүп-чачканыбыз кудайга жагабы? Убал, кесир деген түшүнүктөр такыр унутулдубу? Бирок дал ушул эзелки рухий дөөлөттөр жөнүндө эмгектерин жазган бир окумуштуубуз кечээ бир талкууда «кадам сайын ачылган кафе, ресторандар экономикага пайдалуу» деп чыкты!

Эмесе, тойканалардын пайда-зыянын калкуляторсуз эле дүӊүнөн таразалап көрөлү. Ырас, бул жайлардын ээлери пайда көрүп жатканы анык, болбосо жаӊылары ачылбай, ашыкчалары жабыла башташы керек эле. Ашпоз, официант, эсепчи, сакчы ж.б. болуп иштегендерге да жумуш орундары камсыздалып жатат дейли. Бирок көпчүлүк элге, жалпы калайыкка зыяны ашыкча болуп жатпайбы? Чындыгында куру намысчылдарды эрегиштирген аш-тойлор, элдин караӊгылыгынан пайдаланган тойкана ээлери «канчалык көп киши тартылса, миллионерлер ошончолук көбөйөт» деп үгүттөгөн баягы эле тор соода (желелүү маркетинг) же «акча салсаӊ жүз эсе, миӊ эсе көбөйтүп аласыӊ» деп алдаган каржы пирамидасынын шылуундарынан анча айырмаланбайт.

«Тойдуку тойдо кайтат» дешет. Бирок ушул өлүү айлампага жумшалган каражат көбөйбөй эле түбү тешик торбого салган буудайдай төгүлүп, жок болуп жатпайбы? «Өтө көп киши чакыра той бергендердин чыгымы келгендердин кошумчасы менен жабылып, атүгүл ашып да калат» дегендер бар. Бирок мындай жол менен пайда тапкандарга караганда карызга батып, сызга отуруп, банктан алган насыясы үчүн үйсүз калгандар миӊ эсе көптүк кылат (пайда тапкандардын катмары жөнүндө кийинки келкиден окуӊуз).

Кыргызстанда өткөрүлүп жаткан аш-тойлордун негизги бөлүгүн чет жакта иштеп жүргөн эмгек мигранттары каржылайт. Ден соолугун аябай, жаштык жигерин сарптап, өмүрүн тобокелге салып иштеген уул-кыздарыбыздын иштеп тапкан акчасын биз өсүшкө, эртеӊки байгер турмушка, балдарыбыздын келечегине эмес, утурумдук кутурмайга чачып жатабыз...

Эмне үчүн Жээнбеков тыя албайт?

Тойчулдуктун жээликтирген агымынан чыга албай, эрегиштирген куру дымактын кулу болуп турса да, мунун баары канчалык зыяндуу экендигин эл түшүнө, түшүнбөсө да, сезип-туя баштагансыйт. Бирок ушул кесепеттүү кесирликти өз алдынча токтотууга, жок дегенде турган турушу чыгашалуу, зыяндуу агымдан жекече суурулуп чыгууга ар кимдин эрки жетпейт. Караламан калайык дагы эле «эл эмне дейттин» эпкини менен сормо сазга батып баратат... «Муну бийлик тыйбаса болбойт» дешет: «Карагылачы, Эмомали Рахмон менен Шавкат Мирзиёевди – аш-тойлорго чек коюп салышты. Өкмөт уруксат бергенден ашыкча киши чакырып, ашыкча чыгым жасагандарды жазалап жатат. Биздин президент деле ушинтпейби?»

Бирок Сооронбай Жээнбеков аш-тойлорду акылга сыярлык нукка салып, ысырапкорлукту тыя алабы? Жок.

Биринчиден, эгер президент колунда күчтүү жеке бийлиги бар кошуна республикалардын башчыларын туурап жарлык чыгарса, биздин бир катар саясатчылар менен коомдук ишмерлер «демократиянын принциптерин бузду» деп айыптап чыгат. Ызы-чуу салуучу күчтөрдүн катарына жогорудагы «тойлор экономикага пайда апкелип жатат» деген окумуштуудай замандаштарыбыз да кошулушу ыктымал.

Экинчиден, жагдайдын ушул бойдон өзгөрүүсүз кала беришин каалаган мите катмар да бар. Ынсап-топуктуу, сарамжалдуу, мээнеткечтиги менен кеӊ пейил, меймандос, жамаатчыл, элчил жашоосун камсыздай билген ата-бабалардын салтын, нарк-насилин бүгүн атайылагандай бурмалап жаткан «элита» бар. Анткени саясатчылар менен бийлик адамдары өткөргөн той-топур – алар үчүн дүӊүнөн пара алуунун эӊ ыӊгайлуу жолу.

«Чоӊдордун» тоюна «кичинекейлер» сөзсүз кошумча алып барат. Муну айрымдар «отметка» дешет. Конвертке акча салып, жылкы, уй, жок эле дегенде торпок же кой жетелеп барышат. Булардын чардашы «тойдуку тойдо кайтат» деген эрежеге да туура келбейт: тай жетелеп келген «майдараак» жетекчи (же кызматка турууга умтулган талапкер) кийин той өткөрсө, анын «чоӊу» кой да алып барбайт. «Баланчанын дүӊгүрөгөн тоюнда жүздөй жылкы келиптир» деп шыпшынышат эмеспи, көргөн-уккандар. Конверттердин ичин көрүшсө, баары такыр эле оозу ачылып калмак!

Бүлгүндү кантип токтотобуз?

Латын тилинен алынган «коррупция» бузуу, бүлдүрүү дегенди билдирет экен corrumpere – «бузуу, азгыруу», corruptio – «паралоо, саткындык; бүлдүрүү, чиритип-иритүү; бузук жолго салуу»). Биздеги мыйзамдуулукка каршы келген, мамлекеттүүлүктү астыртан бүлдүрүп жаткан көрүнүштөрдүн бири - дал ушул ысырапчыл аш-тойлор. Элдин биримдигин бекемдеп, туугандардын бири-бирине жардамдашуусуна өбөлгө түзүшү керек болгон тойлордун өзөк маанисин бузуп, адамдарды бири-бирине басмырлатуучу, коомду бай-кедей деп бөлүүчү жосунга айлантып жатышат, алкы бузук сугалактар.

Бул апааттан арылыш үчүн Жогорку Кеӊештин жаӊы чакырылышына татыктуу, чыныгы намыстуу өкүлдөрдү шайлоо керек. Эгер парламент менен аткаруу бийлиги биргелешип, мамлекеттик жогорку кызматтагылардын аш-тойлоруна чектөө киргизсе, эч ким «адам укуктары бузулду» дей албайт. Административдик кодекске, башка ченемдик-укуктук актыларга тийиштүү жоболорду киргизип, мамлекеттик кызматкерлердин, айрыкча жетекчилердин жоопкерчилигин күчөтсө болот. Бул үчүн саясий тунук аӊ-сезим, бекем эрк керек. Бийликтегилер тартипке салынса, карапайым калк да муну макул көрөт. Мындай болушу үчүн алдыдагы шайлоодо эл сергек болуп, «кедейдин бир тойгону – орто байыганы» деген психологияга алдырбашы керек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

Пикирлерди көрүңүз (27)

XS
SM
MD
LG