Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 15:08

«Аш көп болсо каада көп» дегендей, элибиздин жашоо деңгээли жогорулаган сайын аш-тойлор улам катуу дуулдап, чыгымы эселенип, эзели эч кимдин оюна келбеген, түшүнө кирбеген «жөрөлгөлөр» менен коштолууда. Материалдык абалыбыз кудайга шүгүр дегидей эле болуп калды. Бирок рухий өксүгүбүздү жалтырак-жултурак, дүңгүрөк менен жашырып өзүбүздү алдай берсек, ысырапкорчулуктун айынан береке качпайт деп ким айта алат?..

Берешендикпи же эрегишпи?

Элге шилен бергенде,

Марттын көөнү ачылат.

Токтогул Сатылганов.

Казга теңелип карганын буту сыныптыр.

Элдик макал.

Эзелки мааниси, мүдөөсү боюнча негизинен аш-тойлор кыргыздардын жамандык-жакшылыктагы биримдигин сактоого мүмкүндүк берген. Оокаттуулар тоюнда бири-бирине баалуу белек-бечкек тартуулап, эт менен чыкты кенен тартып, аламан байге, көк бөрү, эр эңиш, эр сайыш, кыз куумай, ордо сыяктуу оюндардан, комузчу, ырчы, чоорчу, төкмө, манасчылардын өнөрүнөн элдин чери жазылчу экен. Кедейлер да зоок көрүп, жок дегенде бир тиштем эт, бир кесе шорпо-шилең ичип калчу экен.

Албетте, илгери деле байлыгына мактанып, аш-той өткөрүү жагынан да атаандашкандар болгон окшойт. Бирок айрым гана көөдөктөрдү эске албаганда, көпчүлүк «Алыбек алына жараша» деген эрежени бекем эле сактап келгендей.

Совет доорунда мамлекеттин, коммунисттердин саясаты тыйып, такыр тыйбаса да чектеп келген каада-салттар эгемендик жылдары кайра жанданганда, толуп-ташыган плотина жемирилгендей же түбүнө чейин басылып турган катуу пружина коё берилип серпилгендей эле болду. Эсебин, ченин билбей, эртеңкисин ойлобой утурумдук куру дымактын эпкини менен жөнсүз иш-аракеттер көп жасалды.

90-жылдардагы экономикалык, чарбалык апааттын айынан эл курсагы тойбой калган маалда деле дүңгүрөтө той бергендер биринчи кезекте чоң кызматтагылар эле. Аскар Акаев мындай жосундарды чектөө жөнүндө жарлык чыгарганы, бирок дал ошого удаа эң жогорку даражадагы жетекчилердин бири 200 боз үй тиктире той өткөрүп салганы элдин эсинде. Саясий олку-солкулук шартында ажонун кадырын түшүрүш үчүн эрегиш кадам жасалган…

Байлыгын батыра албагандарды же аш-тойдун шылтоосу менен пара чогултуп алууга кызыккан мансапкорлорду калган көпчүлүк да туурап жатат. «Баланчадан эмнең кем?!» - деп бири-бирин көкүткөндөр, «түкүнчөнүн ашында сойгон бээнин казысы мынча эли чыкты», «тигилер тойго жалаң "мерс" же "хаммер" тээп чыгыптыр», «кафеге баланча киши чакырыптыр», - деп шыпшынгандар бөлөк-бөтөн бирөөлөрдү эмес, өздөрүнүн жакындарын кургуйга түртүп жатканын такыр ойлобойт…

Чыгашалуу «айлантма», Кемчонтойдун куржуну

Жаман уй өрүшүн жарым күндө түгөтөт.

Элдик макал.

«Тойдуку тойдо кайтат», - дешет ашыкча сапырылып, бүлүнүп жаткандарга кошумча көтөрүп баргандар. Бирок толук эмес, бир бөлүгү гана кайтарын, тойго, ашка келүүчүлөр акчасы менен жетелеген малынан тышкары убактысын, жол киресин да коротуп жатканын ойлобойт. Той чыгымсыз болбойт, ошол чыгымды капчыкка, камдалган даярдыкка жараша, «тойдун эртесиндеги» турмушту да эске алып пландабайбыз. Төшөккө карай бут сунсак, той өткөрүш үчүн эч качан банктан насыя алмак эмеспиз…

Өйдөдө айтылгандай, элдин турмушу жалпысынан оңолуп жатат. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, ушундай токчулук, барчылык болуп эле турсун деп тилейбиз. Бирок киреше арбыган сайын бөөдө чыгаша ого бетер артып, ысырапкорчулук күчөп баратат го? Кудаларды кошуналардын түштөндүрмөйү дегендей эзели эч кимдин түшүнө кирбеген жосундар чыгууда.

Асмандан жааган акча жок. Бекер байлык паракорлор менен каракчыларда эле болбосо, калган калайык мал багып, дыйканчылык, соода менен оокатын оңдоп жатат. Россиянын сөөктөн өткөн суугуна тоңуп, такырбаштардын кодулоосуна карабай, ден соолугун берип, өмүрүн тобокелге салган уул, кыздарыбыз жыл сайын 2 миллиарддай доллар жөнөтүп турат экен бизге. Бирок алардын айлап-жылдап иштеп, кара жанын карч уруп тапкан акчасын биз обу жокторго эрегише өткөрүлүүчү ысырапчыл тойлордо сапырып жок кылып жатабыз.

Ошентип, араңдан зорго топтоло баштаган байлык жылан сыйпагандай улам жок болууда. Көпчүлүк замандаштарыбыз атүгүл пайыз карызына байланып, күрөөгө койгон тамынан кол жууп калууда. Мына ушундай антиэкономикалык айлантма (оборот)…

Сугалактык – рухий кесел

Кулдай иштеп, бийдей же.

Элдик макал.

ХХ кылымдын эң мыкты ойчулдарынын бири Эрих Фромм инсандын акыл-эсин чектеген, бактысыздыгын шарттаган ички себептердин катарында аракечтик, баңгилик менен катар сугалактыкты да койгон экен. «Ички туюмду сезбей, аң-сезимдин тереңинен келер үндү укпай тумчуктуруп салыш үчүн адам өзүн эч керексиз нерселер менен алаксытып, алдай берет», - деп жазган ал. Адам дилиндеги мүдөөсүн аңдап билгенден, жүрөгү сезип-туйган чындыкты түшүнгөндөн коркуп, рухий турмушун атайылап чектей берет экен.

Көкүрөктү өйүгөн ойлорду унутуу, кыжаалат санаалардан алаксуу үчүн маң болгон (маңкурттукка баш койгон) киши арак ичет, нашаа чегет. Бирок кадимки эле чылым түтөтүү, ушак же калжың кептерди айтуу (угуу), оозуна улам бирдеме сала чайнай, кепшей берүү сыяктуу жосундар да дал ушул өзүн алаксытыш, чыныгы адамдык касиетке тиешелүү парз-милдеттерин унутуш, таныш, «жокко чыгарыш» үчүн жасалат.

Ашказанга ашыкча тамак шыкап алган адамдын бар күчү, даремети ошол азыкты сиңирүүгө же эптеп «ары карай өткөрүп ийүүгө» жумшалып, өнүмдүү, чыгармачыл, майнаптуу ойлонууга, жок дегенде алдыдагы бир-эки жылдык иштерин пландаганга шайы калбайт.

Курсагын кучактай ыңгыранган кыргыз ойлонууга мүмкүндүк бербеген бул абалды абдан жактырат, анткени сергек чагында айтарга кеби жок, олуттуу маселелерди ойлогондо башы ооруп чыгат бат эле.

Дал ошондуктан ал кашында отурган таанышынын, досунун, тууганынын сөзүн угузбай, кулак-мээни жегидей катуу коюлган музыкага (медиктер ченемден ашыкча жаңырган үн адамдын психикасына эле эмес, ички органдарына да зыяндуу экендигин далилдешкен), тамаданын осол, беймаани калжыңына убактысын өлтүргөндү артык көрөт.

Дал ошондуктан пайызга байлап, тамынан кууп чыга турган банктан насыя алуудан коркпойт. Дал ошондуктан кийими бүтүн, курсагы ток балдары кайдагы бир азгырма интернет-сайттардан же чала молдолордон кандай «таалим» алып жатканын ойлобойт. Дал ошондуктан бүгүнкү чардаганы үчүн эртең уулу же кызы бактысыз болуп калышы ыктымал экендигин түшүнбөйт, түшүнгүсү келбейт.

Дал ошондуктан ал бир ирет курсагын кампайтып койгон немелердин колуна өлкөнү 5-6 жыл бою башкаруу укугун берип коюуга макул…

Сугалактык айрыкча азыркы керектөөчү (ач көз) мамилелер үстөмдүк кылып жаткан коомдо күч алууда. Расмий, маданий, атүгүл илимий чөйрөдө кеңири тамыр жайган курулай атак, жалтырак «наам», татыксызга ыйгарылган сыйлык, утурумдук мансап, жалган (ички мазмуну нөл) диплом, экинчи (үчүнчү ж.б.) аял алуу – булар жана башка кейиштүү көрүнүштөр да ушул сугалактык менен байланышкан.

Айыгар оорунун дарысы

Иш-аракеттен адат, адаттан мүнөз, мүнөздөн (пейилден) тагдыр өнүп чыгат.

Уильям Теккерей, англис жазуучусу

Опкоктук, ченин билбеген сугалактык, эртеңин ойлобогон наадандык… Бул рухий кеселди жеке инсандык да, жалпы улуттук деңгээлде да дарылаш керек. Дымаксыз адам болбойт, бирок эгер мунун маани-маңызы тескери болсо, кемпайлардын «кеп-сөзүнөн» элеңдеп, утурумдук уу-дууга, куру намыска алдырып, ал акыры накта шорго кабылат. Демек, курсак деңгээлиндеги сокур намыс менен чектелбестен, көкүрөктөгү тунук туюмду, сергек акыл-эсти, чыныгы намысты ойготуш керек.

Дымакты оң жагына бурса, ата-энелер анча-мынча жыйнаган байлыгын төгүп-чачканга шашпай, балдарынын жалган диплом эмес, терең билим, керектүү кесип, өнөр алышына жумшайт. Өздөрү рухий жашоосун да байытууга умтулат. Ошондо береке болот, мамлекеттин да келечегине ишеним бекемделет.

Жолдош Турдубаев, публицист

PS: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.​ ​
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG